Кыргызстанда 950 миңден ашык бала жакырчылыкта жашайт

Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 300 миңден ашты. Өлкөдөгү 18 жашка чейинки балдардын саны 1 миллион 800 миңдин тегерегин түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 30-январда Жогорку Кеңештин "Элдик" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө жарандарынын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 4 миллиондой киши же калктын 57 пайызы айыл жергесинде жашайт.

Байсалов жакырчылыктын деңгээли учурда 25 пайыздын тегереги экенин белгиледи.

"Жакырчылык көрсөткүчтөрү COVID убагында жогорулап, 30 пайызга чейин жеткен. Жакырчылык өлчөмү боюнча, статистикалык органдар жылына киши башына кирешеси 65 417 сомдон аз болсо, кедей деп эсептешет. Ошол эсеп былтыркы жылдын орто айларында 25,7 пайызды түзгөн. Стаститика боюнча жакырчылык өтө тез арада өсөт экен. Анан кандай гана аракет көрбөйлү, жылына 2 пайызга төмөндөйт экен. Азыркы учурда 25 пайыздын тегереги. Ошол эле учурда 16 жашка чейинки балдардын арасында жакырчылыктын деңгээли 33 пайыз. Бизде көп балалуу үй-бүлөлөрдүн арасында жакырчылык өтө жогору. 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн жашап келет деген, албетте, биз үчүн жаман көрсөткүч. Алдыдагы жылдарга карата өлкө тарабынан жалпы жакырчылык деңгээлин 20 пайызга төмөндөтөбүз деп, жакында кабыл алынган 5 жылдык планга киргизилди. Биздин оюбузча беш жылда 20 пайыз гана эмес, 15 пайызга чейин төмөңдөтөбүз деген оюбуз бар", - деди Эдил Байсалов.

Анын айтымында, орточо эсеп менен ай сайын 300 миңге жакын адам ар кандай социалдык төлөмдөрдү алат жана андай төлөмдөрдүн алты түрү бар.

Социалдык төлөмдөрдүн катарында бала төрөлгөндө берилүүчү 4 миң сом өлчөмүндөгү "Балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпулу жана 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө ай сайын 1,2 миң сомдон берилүүчү "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу бар. Мындан тышкары, үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, пенсия алууга укугу жок эмгекке жарамсыз жарандарга ай сайын 1,3 миң сом өлчөмүндө социалдык жардам төлөнөт. Ата-энеси белгисиз болгон балдарга ай сайын 6 миң сом өлчөмүндө төлөм берилет. Ошондой эле бийик тоолуу райондордун тургундары үчүн ай сайын берилүүчү акчалай колдоо чаралары киргизилген.

Депутат Улан Примов аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулду чегерүү тартибин кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирди.

"Сиздер жөлөкпулдарды 2020-жылдагы жобо менен берип жатасыздар. Андан бери беш жыл өттү. Беш жыл ичинде инфляция канча болду? Мына, быйыл 9,4% болду. Ал эми беш жылды эсептегенде канча пайыздык инфляция болуп жатат? Азыркы презентацияда: "Бир уй, төрт кою болсо, биз жөлөкпул бербей жатабыз", — деп көрсөттүңүздөр. Биз, тескерисинче, бир уюн эки уй, төрт коюн сегиз кой кылып алганга шарт түзүп бербейлиби?" — деди депутат.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттардын бардык сунуштары жана сын-пикирлери эске алынып, Министрлер кабинетине тиешелүү тапшырмалар камтылган чечим кабыл алынды.