АКШ мыйзамсыз миграцияны ооздуктайт
Бернд Дебусманн-кенже, Би-Би-Си, Вашингтон

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Жо Байден АКШ-Мексика чек арасына мигранттардын келишин ооздуктоого багытталган аткаруу бийлигинин жаңы чараларын чыгарды.
Пландаштырылган иш-чараларга ылайык, америкалык аткаминерлер АКШга мыйзамсыз кирген мигранттарды, алардын башпаанек сураган өтүнүчтөрүн аткарбастан, тез арада депортациялай алат, деп билдирет CBS.
Бул, өз кезегинде, чек ара кызматкерлерине мигранттардын келүү санын чектөөгө мүмкүндүк берет деп буйрук жөнүндө аздыр-көптүр кабары бар аты аталбаган үч булак Би-Би-Синин жаңылыктар өнөктөшү CBS телеканалына билдирди.
Жо Байдендин бийлигинин тушунда 6,4 миллиондон ашык мигранттын АКШга мыйзамсыз өтүүсү токтотулду - бул рекорддук көрсөткүч, ал кайра шайлануу өнөктүгү учурунда аны башка талапкерлердин арасында саясий жактан алсыз калтырды.
Быйыл мигранттардын саны кескин кыскарды, бирок эксперттер бул тенденция туруктуу болбойт деп эсептешет.
CBS жана башка америкалык маалымат агенттиктери Байден 1952-жылы кабыл алынган америкалык башпаанек системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө уруксат берген мыйзамды колдонууну ойлонуп жатканын кабарлашты.
212 (f) деп аталган мыйзам АКШнын президентине чет элдиктердин келиши өлкөнүн “кызыкчылыктарына зыян келтирсе”, алардын “кирүүсүн убактылуу токтотууга” уруксат берет.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ушул эле жобону Трамптын администрациясы негизинен мусулман өлкөлөрүнөн иммиграцияга жана кирип-чыгууга тыюу салууда, ошондой эле АКШга мыйзамсыз өтүп кеткен мигранттарга башпаанек берүүнү чектөөдө колдонуп, расизм боюнча айыптоолорго кабылган болчу.
Буйрукка ылайык, башпаанек берүү тууралуу өтүнүчтөрдү карап чыгуу кирүү пункттарында улантылат деп күтүлүүдө.
1,500гө жакын башпаанек издеген адамдар негизинен CBP One деп аталган Бажы жана Чек араны көзөмөлдөө (CBP) колдонмосу аркылуу жолугушуу такталгандан кийин күн сайын расмий өтмөктөрдөн өтүшөт.
Бир нече чек ара шаарларынын, анын ичинде Техастагы Браунсвилл менен Эдинбургдун мэрлери президенттин билдирүүсүн угуу үчүн Вашингтонго келди.
Демократ мыйзам чыгаруучулар да бул план тууралуу маалымат алышканы кабарланууда.
Бирок, бул иш-аракеттер иммиграция жактоочулары же Республикачылар жетектеген штаттар тарабынан сотто каралышы мүмкүн.
Өткөн жумада жасаган билдирүүсүндө Ак үйдүн өкүлү эки тараптуу чек ара коопсуздугу боюнча келишим быйыл жыл башында Конгресстеги республикачылардын каршылыгынан улам ишке ашпай калганын белгиледи.
"Конгресстеги республикачылар чек араны кошумча көзөмөлдөө чараларына тоскоол болууну чечкени менен, президент Байден чек араны жана иммиграция кызматкерлерине чек араны коргоо үчүн зарыл болгон ресурстарды жеткирүү үчүн күрөшүн токтотпойт",- деди басма сөз катчы.
Республикачылар Байдендин чек ара планын шайлоо алдындагы амалы катары сындап, мыйзамсыз иммиграцияны алдын алуу үчүн АКШнын мыйзамдары бар экенин, бирок алар демократ-президент тарабынан тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатканын айтышты.
Байден администрациясынын билдирүүсү АКШ-Мексика чек арасында кармалган мигранттардын саны азайган учурга туш келди.
Жакында CBP жарыялаган статистика апрель айында 179 000ге жакын мигранттар менен "жолугушуу" катталганын көрсөтүп турат.
Декабрда, салыштыруу үчүн, мигранттар менен "жолугушуулардын" саны 302,000ге жетти - бул тарыхый эң жогорку көрсөткүч.
АКШ менен Мексиканын расмий өкүлдөрү бул жерде Мексиканын бийликтери тарабынан көзөмөл чараларынын күчөтүлүшү маанилүү экенин айтышты, бирок көптөгөн эксперттер мигранттардын санын кыскартуу аракети туруктуу боло албайт деп эскертишти.
Мигранттардын АКШнын чек арасынан өтүүсүнүн азайышы президент Байден үчүн саясий оор учурга туш келди.
Сурамжылоолор көрсөткөндөй, иммиграция ноябрдагы президенттик шайлоодо көптөгөн шайлоочулар үчүн негизги маселе болуп саналат.
Апрель айынын аягындагы Gallup сурамжылоосу көрсөткөндөй, америкалыктардын 27% иммиграцияны экономика менен инфляциядан өйдө турган эң маанилүү маселе деп эсептейт.
Март айында Associated Press жана NORC Коомдук байланыштарды изилдөө борбору өткөргөн өзүнчө сурамжылоодо америкалыктардын үчтөн экиси, анын ичинде демократтардын 40% га жакыны Байдендин чек арадагы аракеттерине макул эместигин көрсөттү. (МА)










