АКШ криптовалютаны мыйзамдаштырды. Трамп кантип жана эмне үчүн жеке санарип долларды илгерилетүүдө?

криптовалюта

Сүрөттүн булагы, Bloomberg

    • Author, Алексей Калмыков
    • Role, Би-Би-Си

Дональд Трамп экинчи мөөнөткө шайланып келгенде АКШны криптовалюта боюнча дүйнөлүк державага айландырууга убада берген. Анын Ак үйгө кайтып келгенине жарым жыл боло электе ага баш ийген Конгресс бул багытта тарыхый кадам таштады. Мурда АКШда криптовалюталар финансы системасынын чеке белинде болсо, эми негизги бөлүгүнө өтө баштады.

Конгресс ушул жумада криптовалюта боюнча мыйзамдарды кабыл алды. Бул документтер Америкага бул тармактагы технологиялык лидерликти бекемдөөгө, доллардын дүйнөдөгү ролун чыңдоого жана өлкөнүн карыз кризисин жеңилдетүүгө багытталган.

Бирок жаңы мыйзамдар айрым тобокелчиликтерди да жаратат. Адистер эскерткендей, алар өлкөнүн каржы туруктуулугуна, банк системасына зыянын тийгизиши мүмкүн.

Ошондой эле бийлик криптовалютаны көзөмөлгө ала баштаса, ал жашыруун, эркин делген өзгөчөлүгүн жоготуп, салттуу акчага альтернатива болбой калышы ыктымал.

Ак үй криптовалюта мыйзамдарын "Америка Кошмо Штаттарына дүйнөлүк санариптик валюта революциясын жетектөөгө мүмкүндүк берген тарыхый акт,.. улуттук коопсуздукту жана АКШ долларынын резервдик валюта катары макамын бекемдөө" деп атады.

Жума күнү Трамп мыйзамга салтанаттуу түрдө кол коюп, крипторыноктун негизги оюнчуларын чогултуп, аларды өжөрлүгү үчүн мактап, шайлоо өнөктүгү учурундагы кайрымдуулук салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

"Эмне десем, силерди жылдар бою шылдыңдап келишти, силерге көңүл бурушкан жок, силерди олуттуу кабыл алышкан жок. Бирок бүгүнкү кол коюу – бул силердин кайраттуулугуңарга, жаңычылдыгыңарга жана акырына чейин туруштук берүүгө даяр экениңерге берилген сыйлык", — деди Трамп.

Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

"Сиздер долларды жагымдуу, күчтүү валюта кылдыңыздар. Мен сиздерди башында эле колдогом, анткени бул доллар үчүн, өлкө үчүн жакшы. Шайлоо учурундагы добуштар үчүн да колдодум", — деп кошумчалады Трамп.

"Гениалдуу мыйзам"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Конгресс кабыл алган негизги акт биринчи жолу стейблкоиндор үчүн укуктук ченемдерди аныктады. Стейблкоин — бул криптовалюта. Ал ар дайым 1:1 катышта ишенимдүү активге, мисалы, долларга, алтынга же АКШнын мамлекеттик облигацияларына байланган болот.

Бул мыйзам GENIUS Act же "гениалдуу мыйзам" деп аталат. Бул узун жана кызыксыз аталыштын аббревиатурасы, бирок жакшы угулгандыктан Ак үй расмий билдирүүсүндө аны чечмелөөнү деле керексиз деп тапкан.

Бүткүл дүйнөдө стейблкоиндордун жалпы көлөмү азырынча 300 миллиард доллардын тегерегинде. Ал эми жалпы криптоактивдердин баасы 4 триллион доллардан ашты.

Circle компаниясынын USDC жана Tether компаниясынын USDT сыяктуу стейблкоиндери он жылдан бери колдонулуп келет. Бирок азыркыга чейин алар негизинен атайын максатта гана, тактап айтканда, салттуу акча менен криптовалютанын ортосунда "көпүрө" катары колдонулуп келген.

Адамдар долларга стейблкоин сатып алып, андан кийин ошол менен биткойн, башка криптовалюталар же мемкоиндерди – реалдуу базалык наркы жок, базардагы суроо-талапка жараша өзгөргөн монеталарды сатып алышкан.

Башка төлөмдөр үчүн стейблкоиндер дээрлик колдонулган эмес. Эми расмий түрдө мыйзамдашкандан кийин алар салттуу акча жана төлөм системаларына атаандаш болушу мүмкүн.

"Бул узак мөөнөттүү мыйзам биринчи жолу федералдык деңгээлде стабилкоиндерди жөнгө сала баштайт. Ал стейблкоиндер толугу менен 100% нак акча же оңой сатылуучу баалуу активдер менен камсыздалган болушу керек деген талапты киргизет жана аларды чыгарган компанияларга ар ай сайын өз резервдери тууралуу ачык маалымат берип туруу милдети жүктөлөт", — деп билдирди Ак үй.

Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

"Гениалдуу мыйзам" ири банктарга жана Facebook, Amazon, Google сыяктуу интернет гиганттарына өзүнүн санарип долларларын чыгарууга жол ачты. Эми бул компаниялар өз валюталарын АКШ ичинде да, дүйнө жүзү боюнча да товар, кызмат же эмгек акы үчүн төлөмдөрдү жана тез, арзан акча которууларды жүргүзүү үчүн кеңири колдоно алышат.

"Стейблкоин менен байланышкан негизги тобокелчиликтердин бири — ал чындап эле "туруктуу" болбой калышы мүмкүн. Бул маселени Cato институтунун криптовалюта боюнча эксперти Женнифер Шалп: "Эгер бирөө сизди алдап кетсе, анан ошол валютанын артында убада кылынган чыныгы резерв болбой калсачы?" — деп түшүндүрөт.

Ал бул мыйзамдар дал ушул маселени, башкача айтканда, стейблкоиндер кайсы активдерге байланганы жана алардын сапаты кандай экени тууралуу талаптарды жөнгө саларын белгилейт.

Бул арада бир гана тарапка — АКШнын Борбордук банкына санарип валюта чыгарууга тыюу салынды. Бул мекеме кагаз жана электрондук доллар чыгаруу укугуна ээ.

Европа менен Кытай өзүнүн санарип евро жана юандарын даярдап жаткан чакта, АКШ Конгресси тескерисинче, мамлекеттик криптовалютага атайын мыйзам аркылуу тыюу салып, санарип акчалар жеке менчик түрүндө гана болушу керек деген жобону киргизди. Конгрессмендер мындай чечимди жарандарды "чоңдордун" (мамлекеттин) көзөмөлүнөн коргойбуз" деп түшүндүрүштү.

Сынчылар бул чечимдин чыныгы себеби башка деп эсептешет: алар бул мыйзам менен эң ишенимдүү санарип доллар чыгарууга жөндөмдүү тараптан — АКШнын Каржы министрлигинен өздөрүнүн жеке каржылык демөөрчүлөрүн коргоп жатышы мүмкүн дешет.

Алты айдын ичинде Трамп шайлоо өнөктүгү үчүн он миллиондогон долларлардын ордуна берген убадасын аткарганы үчүн крипто дүйнөнүн тарапкерлери бул окуяны чоң жеңиш катары кубатташууда.

Трамп жана анын үй-бүлөсү криптовалюта бизнесине активдүү аралашып калды. Бул баарына эле жага бербейт. Трамптын гольф аянтында өткөн “Америка сатылбайт” митинги. Вашингтон, 22-май, 2025-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп жана анын үй-бүлөсү криптовалюта бизнесине активдүү аралашып калды. Бул баарына эле жага бербейт. Трамптын гольф аянтында өткөн "Америка сатылбайт" митинги. Вашингтон, 22-май, 2025-жыл

Конгресс жаңы мыйзамдар менен жаңы эрежелерди киргизди, бирок адистер менен криптовалюта жактоочуларынын айрым суроолору дале жоопсуз калууда.

Туруксуз таяныч

Жеке компаниялар чыгарган санарип долларларды кеңири колдонуу доллар депозиттерине гана эмес, АКШ өкмөтүнүн облигацияларына болгон суроо-талапты да жогорулатышы керек. Анткени жаңы мыйзамга ылайык, облигациялар стейблкоиндерди камсыздоочу негизги резервдик актив катары аныкталган.

Облигацияларды сатып, АКШ өкмөтү өз кирешесинен ашып кеткен чыгымдарды жаап, чоң бюджеттик тартыштыкты каржылап келатат. Буга чейинки кризистик учурларда да суроо-талап сунуштан жогору болуп, АКШга арзан пайыз менен карыз алууга мүмкүндүк берип келди.

Бирок Трамп Ак үйгө кайтып келгенден кийин бул абал өзгөрдү. Ал дүйнө менен соода согушун баштап, Конгресс аркылуу салыкты төмөндөтүү боюнча мыйзамды өткөрүп жиберди. Бул мыйзам бюджеттин тешигин тереңдетип, мамлекеттик карыздын рекорддук деңгээлге жетишине алып келди.

Натыйжада, доллардын курсу түшө баштады, ал эми АКШ үчүн карыз алуу кымбаттап кетти.

"Жаңы доллар системасы туруксуз мамыларга таянууда", — дейт Bloomberg басылмасынын редакциялык кеңешинин мүчөсү жана АКШнын Борбордук банкынын мурдагы төрагасы Пол Волкердин мемуарынын биргелешкен автору Кристин Харпер.

"Көбү стейблкоин тууралуу мыйзам АКШнын мамлекеттик карыз кагаздарына (облигацияларына) болгон суроо-талапты көбөйтөт жана доллардын позициясын чыңдайт деп айтып жатышат. Бирок карап көрсөк, биз бүтүндөй жаңы каржы түзүмүн дал ушул мамлекеттик облигациялар базарына таянып куруп жатабыз. Ал эми бул базар азыр мурдагыдай ишенимдүү болбой бараткандай. Бул жагдай чындап эле кооптонуунун жаратышы керек", — деп эскертти Харпер.

"Банктар үчүн жаман кабар"

Доллардын үстөмдүгү криптовалюталарды мыйзамдаштыруунун башкы максаты эмес. Анын жактоочулары жана бенефициарлары, анын ичинде Дональд Трамп жана анын үй-бүлөсү, стейблкоиндер америкалыктарга каржы кызматтарына жана арзан төлөмдөргө жетүүнү жеңилдетет деп айтышат.

Алардын айтымында, криптовалюта чыгарган компаниялар банктар менен атаандаш болот, анткени банктар ар бир адамга кызмат көрсөтө бербейт жана баарына насыя берүүгө даяр эмес. Ошондой эле алар Visa менен Mastercard сыяктуу төлөм системалары менен да атаандашат, себеби бул компаниялар АКШда өтө жогору комиссия алат.

Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда криптаны жактырып калды. Нэшвиллдеги Bitcoin 2024 форуму

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда криптаны жактырып калды. Нэшвиллдеги Bitcoin 2024 форуму

Скептиктер мунун каржы туруктуулугуна коркунуч жаратат деп эсептешет. Анткени банктар 2008–2009-жылдардагы каржы кризисинен кийин катуу көзөмөлдөнүүдө, ал эми криптовалюта чыгарган компаниялар менен стейблкоиндерге болгон талаптар кыйла жумшак.

"АКШда салт болуп калган бир нерсе бар эле — банктар менен соода түйүндөрү так бөлүнүп турган. Эми болсо бул салт криптобизнестин пайдасы үчүн бузулду. Интернет гиганттар өзүнүн санарип акчаларын чыгара алышат. Албетте, бул банктар үчүн жагымсыз кабар", — дейт Кристин Харпер.

Эгер элдер акчасы банктардан чыгарып, криптовалютага агыла баштаса, бул банктардын кирешесинин азайышына гана эмес, жалпы экономикага берилчү насыялардын да азайышына алып келиши мүмкүн.

Мындан да кооптуу жагдай бар. Стейблкоиндер кандай гана ишенимдүү активдерге байланбасын, америкалык финансисттер ишенимдүү кагаздарды кайра таңгактап, башка финансылык инструментке айлантууда абдан талантуу экенин буга чейин далилдешкен. 20 жыл мурун бул айлакерлик америкалык банктарга көзөмөл органдарынын көзүнчө эле ири ипотекалык ыйлаакча жаратууга мүмкүнчүлүк берген. Ал ыйлаакча 2008-жылы жарылып, АКШнын банк системасы кыйрап кала жаздап, дүйнөлүк каржы кризисин тутандырган. Анын кесепеттеринен дүйнө бүгүнкү күнгө чейин толук кутула элек.

2022-жылы крипторынокто да бир "кичиней ыйлаакча" жарылган, — деп эскертет Харпер.

Анын пикиринде, азыр дагы ушундай кооптуу абал түзүлүп баратат жана эгер ал ыйлаакча дагы толсо, крипто коомчулук гана эмес, бүтүндөй калк чыгаша тартышы мүмкүн. Себеби стейблкоин чыгарган компанияларды сактап калуу үчүн салык төлөөчүлөрдүн акчасы жумшалышы ыктымал.

"Эски финансы системасы менен жаңы криптотармак канчалык көп аралашып, чырмалышса, жалпы экономика, ошондой эле криптовалюта менен эч кандай байланышы жок жөнөкөй адамдар үчүн тобокелдик ошончолук жогору болот", — деди Харпер.

Криптовалюталардагы тобокелчиликтер бир нече себептен улам жогору. Жөнгө салуу банктарга караганда бир аз катаал. Хакерлик жана алдамчылык үчүн мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк.

Мындан тышкары санарип төлөмдөрдүн ыкчам жана трансчегаралык табиятынан улам салымчылардын акчасын жапырт алып чыгып кетүү коркунучу жогору.

Мындан тышкары дагы бир катар маселелер бар: санарип тыйындарды сатып алуучулардын ким экенин тактоо, алардын акчасынын кайдан келгенин аныктоо, акчаны адалдоо аракеттерине каршы күрөшүү жана кылмыштуу жол менен табылган капиталдарды көзөмөлдөө маселелери чечиле элек.

Мыйзам жана криптовалюта

Криптодүйнөдө АКШнын таасирин күчөтүүчү жаңы эрежелердин пайда болушу жана криптовалюта рыногун жөнгө салуу аракети криптовалютанын негизги идеясына – чек араны, мамлекеттик көзөмөлдү тааныбаган, эркин эсептешүү жана сактоо куралы деген түшүнүккө бир аз каршы келет.

Бирок көзөмөл болбосо, акыркы жылдардагы чуу жараткан көз боемочулук, камактар жана ири банкроттордон кийин системага болгон ишенимди кайра кайтаруу кыйын болот.

"Тагдырдын тамашасы ушундай экен, каржы секторундагы катуу көзөмөл мурда криптовалюта үчүн пайдалуу болгон, анткени ал эрежелер крипто дүйнөсүнө тиешеси жок болчу. Каалагандай иш кылса болот эле, бирок кийин бул рынок үчүн жакшы эмес экенин түшүндүк. Айрымдар аша чаап кетишти: өтө көп уурдашты, өтө көп адамдарды алдашты. Натыйжада эл акчасын жоготуп, криптовалютага ишенбей калды. Ошондуктан эми жаңы мыйзамдар бул ишенимди кайра кайтаруу максатында жазылды", — дейт Кристин Харпер.

Крипторынок көлөкөдөн ачык аренага чыкты, эми бул чоң өзгөрүүлөргө алып келип, криптовалютанын негизги принциптеринин бири болгон анонимдүүлүккө коркунуч туудурушу мүмкүн.

"Сиз банкоматтан нак акча алганда банк бул тууралуу билет, бирок андан кийинки акчанын жүрүшүн көзөмөлдөй албайт. Ал эми стейблкоиндер блокчейнде калат. Демек, аларда санарип из бар жана акчанын кайда кеткенин ошол из аркылуу көзөмөлдөсө болот", — деп түшүндүрөт Cato институтунун адиси Женнифер Шалп.

Ал мыйзамдарда стейблкоин чыгарган компаниялар менен кардарлардын мамилеси боюнча милдеттер көрсөтүлгөн, бирок монеталардын андан аркы жүрүшүн көзөмөлдөө боюнча милдеттер менен укуктар абдан бүдөмүк берилген дейт. Бул жерде так тыюу жок болгондуктан, көзөмөл күчөп, финансылык анонимдүүлүк бузулушу мүмкүн. Бул коркунуч бир гана стейблкоиндерге эмес, бүт криптовалютанын экосистемасына тиешелүү болушу ыктымал.

Бул жаңы мыйзамдардагы жалгыз эле маселе эмес. Харпер белгилегендей, алар шашылыш кабыл алынып, даярдыксыз жазылган. Ал эми салттуу каржы рыногун жөнгө салган мыйзамдар узак жылдык так иштин негизинде гана иштелип чыгат.

"Трамптын администрациясы чечкиндүү кадамдарды жасап, бат жыйынтык алууну жактырат. Азыркы ыкма дал ушундай. Бирок убакыт өтүп, мунун өкүнүчтүү кесепетин көрүшүбүз да мүмкүн", — деп кошумчалайт Харпер.