Израил "Хезболлага" каршы Ливанда кургактан операция баштады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израил армиясы 30-сентябрда Ливандын түштүгүндө "чектелген операциясын" баштаганын билдирди. Анын башкы максаты жана бутасы чек ара аймактарындагы "Хезболланы" жок кылуу.
"Бир нече саат мурун ЦАХАЛ (Израилдин армиясы) чалгын маалыматтардын негизинде Ливандын түштүгүндө "Хезболланын" террористтик объекттерине жана түзүмдөрүнө таамай, чектелген операцияларын баштады. Белгиленген жайлар чек арадан алыс эмес аймактарда жайгашкан жана Израилдин түндүгүндөгү тургундарга түздөн-түз коркунуч жаратат", - деп айтылат Израил армиясынын билдирүүсүндө.
Израилдин аба күчтөрү жана артиллериясы кургактагы аскерлерин колдоп, бул райондогу аскердик буталарга таамай соккулар менен көмөктөшөт.
Израил 30-сентябрда Ливан менен чектешкен аймакта кургактан операция жасоого камынып жатканы тууралуу маалымат чыккан. Израилдин түндүгүнө "Хезболланын" согушкерлери такай чабуул коюп келгени айтылып, бул коркунучту жоюу үчүн Израил операция жасай турганын билдирген.
Дүйшөмбү кечинде Израилде аскер кабинетинин кеңешмеси болуп өттү. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, анда "Хезболлага" каршы операциянын кийинки этабын баштоо чечими кабыл алынды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэттью Миллер Израил Ливанга кургактан чабуул жасоо ниети тууралуу Ак үйгө кабар бергенин билдирди:
"Алар бизге чек арага жакын жердеги "Хезболланын" инфраструктурасына багытталган чектелген операция экенин айтышты".
Пентагон жарыялаган маалыматка ылайык, АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин израилдик кесиптеши менен сүйлөшүү өткөрдү.
Анда тараптар "Хезболланын" чабуулдарын болтурбоо үчүн жоочу топтун түндүк чек арадагы сокку ура турган позицияларын жок кылуу жөнүндө макулдашкан.
Остин ошондой эле жайкын тургундар чек арага жакын жайгашкан үйлөрүнө аман-эсен кайтып келиши үчүн дипломатиялык чечим керек экенин баса белгиледи.








