“Орусияга учкашып алганбыз”: Кремлдин билим берүүдөгү берешендиги

Сүрөттүн булагы, social media
Кыргыз парламенти Орусиянын гранттык негизде тогуз мектеп куруп берүү долбоорун биринчи окуудан талкуусуз колдоп берди. Билим берүү жайлары Бишкектен тышкары региондорго дагы салынат. Курулуш эмки күз айларында баштала турган болду. Ишке киргенден кийин бул мектептер орус тилинде окутат, директорлорун Москва дайындайт, орун басарлары Кыргызстандан болот. Бул Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кремлге жумушчу сапарынын алдында болуп жаткан иш.
“Орусия өрнөк эмес”
Соңку жылдары Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда билим берүү боюнча кызматташтык мурдагыдан дагы чыңдалганы байкалууда.
Орусия каражатына мектеп эле салынбастан, ири иш-чаралар өтүп, жыл сайын жүздөгөн абитуриенттер бул өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшырып жатат.
Октябрдын ортосунда Бишкекте Кыргызстан-Орусия масштабдуу билим берүү форуму болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров өткөн жылы октябрда Каракол шаарында Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) филиалын ачуу жөнүндө жарлык чыгарган.
Учурда анын курулушу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо иштери пландалып жатат.
2021-жылы Ош мамлекеттик университети өз каражаттарына ушул эле окуу жайдын филиалынын имаратын куруп, былтыр ал борбор катары ачылган.
Аталган университет Кыргызстанда минтип кулачын жайып жатканда анын Европадагы жападан-жалгыз филиалы жабылганын эл аралык маалымдоо каражаттары жазып чыкты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кремлдин Кыргызстанга болгон мындай берешен мамилесин айрым эксперттер Орусиянын билим берүүдөгү таасирин Кыргызстанда сактоо аракети катары баалап келет.
“Билим берүү өтө маанилүү жана келечектүү сектор. Кыргызстандын Орусия менен баардык тармакта калыптанып калган байланышы бар. Бирок билим берүү секторун дүйнөлүк алкакта карай турган болсок – Орусия бизге өрнөк эмес”,- деди бул тармак боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков.
Айтымында, Орусия бул чөлкөмдө таасирин жоготпоо максатында колунан келген бардык аракетин жасап жатат.
“Маселен, Бишкекте бир мектеп алардын колдоосу менен курулуп, иштеп жатат. Анын ишине биз кийлигише албайбыз. Керек болсо, кадр саясатына чейин өздөрү чечет. Ошол эле жогорку билим берүү системасын ала турган болсок, борбордогу негизги имараттардын бирин ээлеп турган Орусия окуу жайларынын бири эң коррупциялык билим берүү мекемеси болуп калды. Жаштарды арканды Орусиядан дагы алыс таштоого чакырат элем. Өнүккөн өлкөлөргө көбүрөөк багыт алгыла деп айтам”,- деди ал.
“Орусияга учкашып алганбыз”

Сүрөттүн булагы, kutbilim.kg
Жарандык активист Руслан Акматбектин айтымында, Кыргызстанда билим берүү саясаты ушундай нукта улана бере берган болсо өлкө дүйнөгө интеграция боло албай калат.
“Окуу материалдарынын баары Орусиядан келет. Ошону стандарт катары карайбыз. Мындайча айтканда, Орусия кандай багытта өнүксө, биз дагы аны ээрчип бара жатабыз. Кыргызча айтканда учкашып алганбыз. Биз үчүн дүйнөнүн эмес, Орусиянын стандарттары кала берет. Эң чоң тобокелдик ушунда. Изоляцияга дуушар болобуз. Мындайча айтканда билим берүүдө дүйнөгө Орусиянын көз карашы менен карап калабыз”,- деди ал.
Активист Орусия учурда Кыргызстанга карата жумшак күч колдонуп жатат деди. Тагыраагы билим берүү, ар кандай гранттык программалар аркылуу өлкөнү өз орбитасына ого бетер байлап жатканын кошумчалады:
“Биз бул орбитадан чыга албай койдук. Чыгууга деле аракет жасаган жокпуз. Кыргызстан Орусия менен бирге болуу керек деген түшүнүктү бекем карманып, ишенип алган”.
Ал Кыргызстандын билим берүү системасын коңшу өлкөлөр менен салыштырды.
“Бизден башкасынын баары дээрлик латын арибине өтүп кетти. Орус телеканалдарына кандайдыр бир чектөө киргизди. Геосаясатта көп тармактуу мамилени куруп жатышат. Кыргызстандын билим берүү тармагы болсо эптеп эле дипломдуу кылсак болду деген система менен кетип бара жатат. Колунан келгендер билимин ар тараптуу өнүктүрүүгө талпынууда. Бирок жалпы масса баягы эле эски СССРден калган интеграция менен кетип бара жатат”,- деди активист.
“Орусиянын гимни менен башталат”

Сүрөттүн булагы, University of Central Asia
Билим берүү тармагы боюнча адис Мырза Каримов учурда Орусиянын жогорку окуу жайлары кризиске туш болуп жатканын айтты. Муну ал Украинадагы согуш жана демографиялык оор абал менен байланыштырды.
“Аларга кирген санкциянын кесепетинен башка мамлекеттен студенттер орус окуу жайларына тапшырбай калды. Андан тышкары өлкөдө калктын саны азайып, жогорку окуу жайда окуй тургандардын саны дагы төмөндөп жатат. Абитуриенттин жетишсиздигинен биздин балдарды мектепти аяктай электе эле окуу жайга өттүңөр деп колунан жетелеп кетип жатат”,- деди ал.
Орусиянын билим берүү системасы Советтер союзу учурунда биримдиктин идеологиясына ылайык түзүлгөнүн айтып, учурда дүйнө мейкиндигинде атаандаштыкка туруштук бере албай турганын кошумчалады.
“Алардын көпчүлүгү теорияга багытталган, окуу жайлардын ишканалар менен байланышы жокко эсе. Бул азыркы экономикага туура келбейт”,- деди ал.
Эксперт Кыргызстанда мектеп жана бала бакча тартыштыгын эске алганда, Орусия өз каражатына билим берүү мекемелерин куруп берип жатканы жакшы көрүнүш экенин кошумчалады.
Бирок тиешелүү министрлик окутуу системасына, колдонулуп жаткан программаларга жана китептерге көңүл буруусу керек деди:
“Балдар кыргыз тилин, маданиятын билбей тарбияланып жатпайбы. Маселен, мен балдарымды Орусиянын жардамы менен курулган мектепке бергем. Бир күнү алар дүйшөмбү күн сайын жыйын Орусиянын гимни менен баштала турганын айтып келди. Уккандан кийин министрликке барып маселени көтөрдүм дагы, балдарымды ал мектептен чыгарып алдым. Макул, Орусиянын акчасына курулду. Бирок биз Кыргызстанда жашайбыз да. Эмне үчүн мектепте Орусиянын гимни жаңырышы керек? Тилекке каршы, биздин окуу программаларда Орусиядан чыккан китептер колдонулат. Алардын айрымдарын карасаң, президентибиз Путин деп жүрөт. Туура, бала мектептен орус тилин эле эмес, башка тилдерди дагы үйрөнүп чыксын. Бирок окуу программасынын маани-маңызы биздин тарыхка, каада-салтка туура келиши керек”,- дейт Мырза Каримов.
Каримов билим берүү тармагында кызматташууда дагы өнөктөштүк мамиленин сакталуусу өтө маанилүү деди.
“Алар куруп берип жаткан мектептерге директорду өздөрү дайындаганга каршымын. Жетекчи Кыргызстандын министрлиги тарабынан коюлушу керек. Акча бердим деп эле директорлорду, мугалимдерди өзү алып келгени туура эмес. Билим берүү дагы бизнес, андыктан эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынуусу керек. Макул деп эле алардын айтканын кыла бербешибиз керек”,- деди ал.
"Так илимдер боюнча Орусия алдыда болуп келген"

Сүрөттүн булагы, Official
Соңку жылдары Кыргызстандын билим берүү тармагы салттуу советтик окутуу методикасынан акырындык менен оолактап, Кембриж стандарттарына ылайык Сингапур методикасын, окуу китептерин киргизүүгө белсенип жатат.
Айрыкча жеке менчик мектептер илимди, технологияны, инженерияны жана математиканы камтыган STEM системасын колдонуп жатканы байкалат.
Кыргызстан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кабыл алынган 12 жылдык окуу моделине өтүүгө активдүү камданып жаткан убагы.
Мына ушундай өзгөрүүлөр жүрүп жатканда билим берүүдөгү эски менен жаңынын айкалышы кандай жыйынтыкка алып келет дегендер болууда.
Орусиянын билим берүү системасы совет доорунан бери келе жаткан система экенин мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова дагы ырастады.
Бирок так илимдер боюнча алардын системасы дайыма алдыда болуп келгенин айтты.
“АКШнын 43-президенти Жордж Буштун учурунда бул өлкөдө чоң жыйын болуп, ал так илимдер боюнча АКШ Орусиядан артта калып жатканын, бул багытта билим берүүдө жаңы көз караштар менен карашыбыз керек деп айткан”,- деди Болжурова.
Ошондой эле ал дүйнөдө болуп жаткан жаңы жетишкендиктерди эске алуу менен Кыргызстандын билим берүү тармагы колдонуп келген системаны дагы жокко чыгарбоо маанилүү дейт.
Кыргызстан мектептерине келип иштеген орусиялык мугалимдердин саны дагы жыл сайын өсүүдө.
Билим берүү министрлиги 2024-2025-окуу жылына карата Орусиядан 138 мугалим чакырды. Андан кийинки окуу жылга алардын санын көбөйтүүнү көздөп жатат.












