"Апа, бул тамаша эмес экенин түшүндүм". Кечээки мектеп окуучулары Украинадагы согушка кантип кетип жатышат?

    • Author, Анастасия Платонова, Ольга Ившина
    • Role, Би-Би-Си

Би-Би-Синин эсеби боюнча соңку эки жыл ичинде Украинадагы толук масштабдуу согуштан бери дегенде эле 18ге жаңы толгон 240 орусиялык аскер каза болду. 2023-жылдын апрелинде Мамдума жарандарга 18 жашка толору менен аскердик келишим түзүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алган. Би-Би-Си согушка аттанган кечеки мектеп окуучуларынын тагдырын баяндап берет.

Украинада каза болгон жаш жоокерлердин санын Би-Би-Си, "Медиазона" жана ыктыярчылар тобу биргеликте тизмектеп, тактап чыкты. Бул ачык маалымат булактары аркылуу гана ырасталган көрсөткүчтөр. Чыныгы жоготуулар мындан да көп болушу мүмкүн.

"Бул тагдыры тайкы балага туш келген согуш"

2025-жылдын 7-майында Челябинск шаарындагы №110 мектептин жыйындар залында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү. Аскердик кийим кийген мектеп окуучулары орус байрагын жана советтик тууну залга алып келишти.

Алардан кийин кенже класстардын окуучулары сахнага Украинада согушкан мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бир нече портретин алып чыгышты. Алардын эң жашы Александр Петлинский. Ал 18 жашка толору менен аскердик келишимге кол койгон.

Бул арада колонкадан обон созгон аялдын үнү угулуп жатты:

"Мен жашоодо көп нерсени бүтүрө элекмин. Бул тагдыры тайкы балага туш келген согуш".

Залда Петлинскийдин апасы менен таежеси отурду. Каза болгондорду бир мүнөт унчукпай эскеришкен соң, сахнага Александрдын жеңеси Екатерина чыкты. Анын айтымында, Александр максатка умтулган жана абдан дилгир бала болгон. Ал аскер кызматкерин "бала" деп атады. Мектепте ал дарыгер болууну кыялданып, Челябинск медициналык техникумуна тапшырган.

Саша перинаталдык борборго такшалмага баргандан кийин өзгөчө шыктанган. Ал төрөт операциясына катышып, "балдар кандайча жарык дүйнөгө келерин" өз көзү менен көргөн.

"Бирок Сашанын дагы башка кыялы пайда болду. Атайын аскердик операция башталганда Саша болгону 15 жашка чыккан. Ошондо эле ал фронтко барууну кыялдана баштаган", – деди Екатерина.

Орусия бийлиги 2022-жылдын февралында башталган Украинадагы толук масштабдуу согушту "атайын аскердик операция" деп атап келет.

Сашанын апасы, кыска ак чачтуу, орто жаштагы Елена сиңдисинин жанында унчукпай, көз жашын араң тыйып турду.

"Балдар бүгүн эле акча тапкысы келет"

Украинада согуш башталган алгачкы айлардан тарта согуштук аракеттерге "оозунан эне сүтү кете элек боз уландардын" катышып жатканы орус коомчулугунда суроолорду жарата баштаган.

Владимир Путин бир нече жолу Украинада аскердик милдетин өтөп жаткан жаш жоокерлерди согушка тартуу пландалбаганын айткан. Ал биринчи жолу мындай билдирүүнү 2022-жылдын 5-мартында жасаган. Бирок төрт күн өткөн соң эле Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага аскердик милдетин өтөп жаткан жаш жоокерлер жөнөтүлгөнүн мойнуна алган.

Ачык булактарга таянып, Би-Би-Си согуштун биринчи жылында мерт болгон 81 жоокердин ысымын аныктады. Украина тараптын маалыматына ылайык, жүздөгөн аскер курагындагы жоокерлер туткунга түшкөн. Орус бийлиги 2024-жылдын август айына чейин аскердик милдетин өтөп жаткан жаш жоокерлер согушка аралашкан жок деп айтып келген. Дал ушул мезгилде Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск облусуна чабуул койгондо чек араны кайтарып жаткан жаш жоокерлер алгачкылардан болуп соккуга кабылган.

Орусия бийлиги аскердик милдетин өтөп жаткан жоокерлерди Украинага жөнөтүүнү токтоткон. Бирок фронтто жаш жигиттерге болгон муктаждык азайган жок.

2022-жылдын жаз мезгилинен тарта Орусия бийлиги келишимдик негизде аскерлерди активдүү түрдө согушка тартууга аракет кыла баштаган. Башында идеологиялык үгүт-насаатка жана ар кандай жеңилдиктерге басым жасалса, 2023-жылдан тарта региондордун жетекчилиги келишимге кол койгондорго берилүүчү акчалай төлөмдөрдү системалуу түрдө көбөйтө баштаган. Бул аркылуу армияга жаңы адамдарды тартууну көздөшкөн.

2022-жылы күчүндө болгон мыйзамга ылайык, 18 жаштагы жаран келишим түзүү үчүн жок дегенде үч ай милдеттүү аскердик кызмат өтөшү же техникумду окуп бүтүрүшү керек эле. Бирок 2022-жылы жайында Мамдумадагы Коргоо комитетинин төрагасы Андрей Картаполов бул чектөөлөрдү алып салууну демилгелеген.

Би-Би-Си сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө алгачкылардан болуп көңүл бурган.

Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөрүүлөр Мамдуманын Үй-бүлө, аялдар жана балдар маселелери боюнча комитетинин төрайымы Нина Останинаны катуу тынчсыздандырган:

"Мектеп партасынан эле келишим түзүп, акча тапкысы келген балдар толук коргоосуз калат", — деп каршы чыккан ал.

Мыйзам долбоору коомчулукка белгилүү болгондон кийин аны күн тартибинен убактылуу алып салышкан. Останина болсо Мамдуманын төрагасы Володиндин убадасына ынанып, "жакын арада мындай өзгөрүү болбойт" деп кубанган.

Бирок 2023-жылдын апрелинде мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр акыры кабыл алынды. Азыр келишим түзүү үчүн жөн гана орто мектепти бүтүрүп, 18 жашка толгон жетиштүү.

"Татыктуу келечек, "азыр чал"

Толук масштабдуу согуш башталгандан тарта эле Орусия мектептеринде балдарга согуш жөнүндө түшүндүрө башташты.

2022-жылдын жазында Билим берүү министрлиги мугалимдерге мектеп окуучулары менен атайын аскердик операция тууралуу ырааттуу класстык сааттарды өткөрүүнү милдеттендирген. Бара-бара мектептерге Украинадагы согушка катышкан ардагерлер да келе баштаган.

Мектеп окуучулары, ал тургай бала бакчадагы балдар да Украинада жүргөн орусиялык жоокерлерге кат, сүрөт жөнөтүү иштерине тартылууда. Айрым мектептерде балдар мугалимдердин жетекчилиги менен маскировка торлорун токуп, окопко арналган шамдарды жасашууда.

18 жашка толору менен аскердик келишим түзүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынгандан кийин, мектептерде аскердик кызматты үгүттөө күчөдү. Бул көрүнүшкө биринчи болуп "Важные истории" басылмасы көңүл бурду.

Мисалы, Пермь шаарында окуучуларга аскердик кызматты жарнамалаган китепчелер таратылган. Анын бетине аскер формасын кийген орто жаштагы эркектин жубайын жана кичинекей уулун кучактап турган сүрөтү түшүрүлгөн болчу.

"Контракттык кызмат — татыктуу келечек!" деп жазылган баракчада.

Ханты-Мансы автономиялуу округунда мындай чакырыктар илинген баракчалар мектептердин дубалдарында да пайда болду.

Анда "Ата Мекенди тикебизден тик туруп коргойлу", — деп жазылган.

2023-жылдын сентябрында ТВК басылмасы ушуга окшогон көрүнүш тууралуу жазган. Красноярск шаарындагы бир мектепте доскага "азыр чал" деген чакырыгы бар жарнама илинген.

2024-жылдын 1-сентябрынан баштап мектеп программасына жаңы сабак — "Коопсуздуктун жана Ата Мекенди коргоонун негиздери" киргизилди. Бул сабакта жогорку класстын окуучуларына Калашников автоматын жана кол гранаталарын колдонуу үйрөтүлөт.

Орусиянын көпчүлүк аймактарында мектеп окуучулары жана техникум студенттери үчүн аскердик кесипке багыт берүү үчүн жолугушуулар дайыма өткөрүлүп турат. Бул иш-чараларга аскер комиссариатынын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери катышат. Алар бүтүрүүчүлөргө мектепти бүтөрү менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып беришет.

Мисалы, 2024-жылдын апрелинде Красноярск крайындагы Тасеев районунун башчысы Константин Дизендорф технологиялык колледждин студенттеринин алдында сөз сүйлөгөн. Ал 18 жаштагы Александр Виншуну доскага чакырып, келишимге кол койгон чечимин башкаларга үлгү катары көрсөткөн. Колледждин жетекчилиги ага мамлекеттик экзамендерди мөөнөтүнөн мурда тапшырууга уруксат берген.

Александр болсо 2024-жылдын ноябрь айында каза болду.

Би-Би-Синин маалыматына ылайык, 2023-жылдын апрелинен 2025-жылдын май айына чейин Украинадагы согушта 18 жаштагы 240 аскер көз жумган.

Алардын баары келишимдик негизде кызмат өтөшкөн. Некрологдорго караганда, алардын көбү Куралдуу күчтөрдүн катарына өз эрки менен кошулган. Мектепти эми гана бүтүп, аскерге чакырылган 21 жигит армияда келишимге кол койгон.

Айрым маркумдардын жакындарынын айтымында, жаштарга офицерлер тарабынан кысым көрсөтүлүп, мажбурлап келишимге кол койдурткан учурлар болгон.

Келишимдик негизде кызмат өтөп жатып каза тапкан 18 жаштагы уландардын көбү Новосибирск облусунда жана Забайкалье крайында жашаган. Андан кийинки орунда Алтай жана Приморье крайлары турат.

Бул ачык булактар аркылуу тастыкталган гана маалыматтар. Жаш аскерлер арасындагы чыныгы жоготуулар алда канча көп болушу мүмкүн.

"Көзү оттой жанып турган"

Анастасия жакын досу Александр Петлинскийди эскерип жатып, ал болочокто дарыгер болууну гана самабастан, сүрөт тартууга да кызыкканын айтат. Анын айтымында, Саша досторунун суранычы менен мультфильм каармандарын тартчу. Маанайы чөккөн адамдарды сооротууга аракет жасачу.

Александр "Биринчилер кыймылы" деген жаштар уюмунун мүчөсү болгон. Бул уюмду көптөр "жаңы пионерия" деп аташат. Александр окуган медколледждеги бул кыймылдын бөлүмү китептерди чогултуп, китепканаларга өткөрүп берип турчу.

Уюмдун мүчөлөрү Челябинск трактор заводуна жана медицина музейине экскурсияга барышкан, ошондой эле "атайын аскердик операция" зонасында иштеген медайым менен жолугушууларды уюштурушкан.

Александрдын таежеси Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган мектептеги иш-чарада:

"Ал фронтко барууну кыялданчу […] Спорт менен машыгып, атканды үйрөнүп, даярданып жүрчү. Таамай атып калган", — деп эскерди.

Бирок Александрдын жакындары менен достору ага коңшу өлкөнүн жоокерлерин өлтүрүү керек болорун, согуштан Украинадагы карапайым эл кандай азап чегип жатканын айтышкан эмес.

2025-жылдын 31-январында Александр Петлинский 18 жашка толгон. Ал медколледжден академиялык өргүү алып, Коргоо министрлиги менен келишим түзөрүн жарыялаган.

"Ал академиялык өргүү үчүн арыз жазып жатканда, мен андан апаң муну кандай кабыл алат деп сурадым. Ал болсо "Мен өз чечимимди кабыл алдым" деп жооп берди. Көздөрү оттой күйүп турду", — дейт колледждин катчысы.

2025-жылдын 18-февралында Александр келишимге кол коюп, аскердик окуу бөлүгүнө жөнөп кеткен. Анастасия менен акыркы жолу жолукканда экөө узакка чейин отурушуп, сүрөттөр тууралуу сүйлөшүшкөн. Коштошуп жатып, Александр кыздын колуна жалындуу факелдин сүрөтүн тартып берген.

"Мен ал жакка кетем, баары жакшы болот"

Иркутск облусунун тургуну, 18 жаштагы Виталий Ивановдун мүнөзү Александр Петлинскийге таптакыр окшош эмес. Ал Тайтурка деген чакан айылда өскөн. Бул айыл Иркутск шаарынан эки сааттай аралыкта жайгашкан жана анда болжол менен 5 миңдей киши жашайт.

Виталий мектепте окуп жүргөн кезинде эле досу Миша менен чогуу көмүр жаккан ишканада иштеп, картошка казып акча таап баштаган. Жай мезгилинде болсо Виталий коңшу айылдарга батуттарды ташып барып, билет сатып иштечү.

Жайында Виталий коңшу айылдан Алина (аты өзгөртүлдү) аттуу кыз менен таанышкан. Экөө сүйлөшө баштаган. Виталий ал кызга да жардам берчү: картошка казып, дачада сынган буюмдарды оңдоп-түзөп турчу.

"Ал мага дайыма "сен менин канатымдын алдындасың, сага эч ким тийбейт" деп айтчу", — деп эскерет Алина.

Бирок урушуп кетишсе, Виталий кээде коркутуп, келишимге кол коерун айтчу.

Тогузунчу классты бүтүргөндөн кийин Виталий механик болуу үчүн коңшу шаардагы колледжге тапшырып, бирок окуусун таштап койгон. Кийин досу Михаил менен Казанда жол курулушунда вахтада иштөөнү планда жүргөн.

2024-жылдын ноябрында Тайтурка айлында дүкөн тонолгон. Виталийдин достору Михаил менен Алинанын айтымында, полиция видеокамераны текшерип, видеодон талоончулардын бирин Виталийге окшоткон.

Ал убакта Виталий жергиликтүү полициянын көзүнө илинип калган. Өспүрүм кезинде мушташка катышканы үчүн кармалган. Аннанын айтымында, уулу маңзат саткан адам менен мушташкан. Натыйжада ага кылмыш иши козголуп, сот аны коомдук иштерге тартуу тууралуу чечим чыгарган.

Көзөмөл камерадагы видео текшерилгенден кийин Виталий кайра чакыртылып, ал полиция бөлүмдө бир нече саат кармалган. Ошол жерден чыккандан кийин ал Алинага Teлеграм аркылуу видео жөнөткөн.

"Бул тозок. Мени РОВДга алып кетишти. Колума кишен салышты. Анан башталды…, мен таптакыр нес болуп калдым, бүт денемди жанчып салышты", — деген видеодо.

Виталий Алинага жана апасына даттанып, аны уурлук боюнча күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн сабашканын айткан. Жакындарынын божомолу боюнча, ошол эле полиция кызматкерлери аны Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбурлаган болушу мүмкүн.

"Түшүнүктүү да, бала коркуп калган. Ал болгону 18 жашта эле. Колуна кишен салып, эки саат бою тепкилеп жатышса…", — дейт апасы Анна.

Бөлүмдөн чыккан соң эле Виталий досу Михаилге келишим түзүү чечимин кабыл алганын айткан.

Согушка кетерден бир күн мурун Виталий апасына чалган. Апасы ишке чыгып кеткен эле.

— Апа, мен жакында кетем.

— Вахтагабы? Бар, бара бер, — деген апасы.

— Апа, сен түшүнбөй жатасың. Мен "атайын аскердик операцияга" кетип жатам.

Анна ал түнү ыйлап чыкканын айтат.

"Ал бала эле. Эч нерсе айтчу эмес. Эч качан даттанчу эмес. Баарын менден жашырып бүтүрүп койгон", — деп эскерет ал.

Алина акыркы жолу жолукканда Виталий толкунданганын сездирген эмес. Ал кыз менен жай гана коштошуп, "ыйлаба" деп айткан соң, үйүнө кирип, кийим-кечесин алып, темир жол бекетине жөнөп кеткен.

Виталий согушка кеткен таанышынан кеңеш алып, келишимди Иркутск облусунда эмес, Самара облусунда түзүүнү чечкен.

2024-жылдын күзүндө дал ошол Самара облусунда келишим түзгөн аскерлерге Орусиядагы эң жогорку төлөмдөрдүн бири сунушталган. Аймактык жана федералдык кошумча төлөмдөрдү кошкондо жалпы сумма 4 миллион рублга чейин жеткен. 2025-жылы бул төлөмдөр бираз төмөндөтүлгөн.

"Апа, бул тамаша эмес экенин түшүндүм"

18 жаштагы Виталий менен Александр фронтко болжол менен бир эле учурда — 2025-жылдын февраль айында барышкан.

Алина Виталий аскердик бөлүктө окууда жүргөндө алар дайыма байланышта болушканын эскерет.

"Ал келишим түзгөнүнө өкүнүп калганын, уктабай кыйналып жатканын айтчу", — дейт Алина.

Анна да уулу менен сүйлөшкөндөрүн эскерип, Виталий ага "апа, бул оюн эмес экенин эми түшүндүм", деп айтканын кошумчалады.

Анын билдиришинче, эки жумалык даярдык учурунда Виталийге "аскер чалгынчысы" деген адистик ыйгарылган.

Виталий акыркы жолу байланышка 5-февралда чыккан. Ал "мени аскердик тапшырмага жөнөтүп жатышат" деп жазган.

"Бул анын биринчи жана акыркы согуштук тапшырмасы болду", — дейт апасы Анна.

4-мартта Аннага аскер комиссариаттан телефон чалышкан. Алар Виталий 2025-жылдын 11-февралында согушта каза болгонун кабарлашкан.

Көп өтпөй анын сөөгүн Тайтуркага алып келишкен. Коштошууга ондогон киши чогулган.

Болгону бир жума согушка катышкан 18 жаштагы жигиттин табытын үйүнүн жанына коюп, андан кийин көрүстөнгө алып кетишкен.

Коштошуу учурунда шаардык администрациядан келген аткаминерлер чыгып сөз сүйлөшкөн.

Михаилдин билдиришинче, алар Виталий мекени үчүн жанын бергенин, согушка коркой барганын айтышкан.

Бирок маркумдун жакындары анын согушка барганын колдошкон эмес.

"Залда күңгүрөгөн үндөр жаңырып турду"

Александр Петлинский Виталий каза болгондон бир ай өткөн соң, 9-мартта көз жумган. Анын таежеси Екатерина мектептеги эскерүү кечинде ал "санитар-аткыч болгонун жана миномёттун снаряды тийип каза тапканын" айтып берди.

Александр мүчө болгон "Биринчилер кыймылындагы" кесиптештери социалдык тармактагы коштошуу постунда:

"Челябинск медициналык колледжинин студенти атайын аскердик операция маалында аскердик милдетин аткарып жатып каза болду" , — деп жазышты.

Бирок бир ай мурун эле 18 жашка толгон жигит кантип аскерге барганы жана өмүр менен кош айтышканы көпчүлүк үчүн түшүнүксүз бойдон калган.

Александр менен коштошуу Челябинсктеги оорукананын аза залында өткөн.

"Баары катуу ыйлашты, залда күңгүрөгөн үндөр жаңырып турду", – деп эскерди таяжеси мектептеги салтанат учурунда.

Тажия учурунда аткаминерлер сөз сүйлөшкөн, бирок Александрдын курбулары жөн гана унчукпай турушкан.

Досу Анастасиянын айтымында, алар үчүн Александрдын 18ге жаңы толуп, согушта эки жумадай гана жүрүп каза тапканын кабыл алуу оңой болгон эмес.

Александрдын апасы Елена Би-Би-Сиге: "Орусия Федерациясынын жараны катары мен уулум менен сыймыктанам. Бирок эне катары бул жоготууну көтөрө албайм", — деди. Ал мындан башка сөз сүйлөөдөн баш тартты.

Би-Би-Си Виталийдин апасы Аннадан зорго маек алды. Аял алгач ыйлап, сөз таба албай калган. Анын айтымында, уулунун тажыясы кечээ эле болуп өткөндөй көз алдында турат.

Александрдын досу Анастасия келишимдик негизде кызмат өтөгөн 18 жаштагы жоокерлер тууралуу сөз сүйлөө оор экенин мойнуна алат:

"Жаш балдар, акылы али жетиле элек, көп нерсени түшүнүшпөйт, жоопкерчиликти толук аңдай алышпайт", — дейт ал Би-Би-Сиге берген маегинде.

Виталийдин досу Михаил да ушундай ойдо.

Журналист андан: "Өзүң да келишим түзүүнү ойлонуп көрдүң беле?" — деп сураганда,

Михаил кыскача гана "ойлонгум дагы келбейт", деп жооп кайтарды.

"Буга эч ким кызыккан жок, эч кимге керек эмес"

Келишим менен согушка кетип каза болгон эң жаш аскерлердин бири 18 жаштагы Даниил Чистяков.

Александр менен Виталий сыяктуу эле Даниил да фронтто болгону бир нече күн жүргөн.

Анын ата-энеси уулунун согушка кеткенин келишим түзгөн күнү гана билишкен.

Жигит каза болгондон кийин жакындары мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн согушка кетишин токтотууга аракет кылышкан.

"Көп жакка кат жаздым, кимдир бирөөлөр менен байланышууга аракет кылдым. 18 жаштагы балдарга келишим түзүүгө уруксат берген мыйзам жокко чыгарылса экен деп үмүттөндүм. Бирок буга эч ким кызыккан жок, эч кимге кереги да жок экен", — деди Би-Си-Сиге Даниилдин тууганы.

Виталий Иванов согушка кетердин алдында полиция кызматкерлерине арыз жазган.

Апасынын айтымында, ал полиция бөлүмүндө сабалган. Бирок уулу каза болгондон кийин Тергөө комитетинин Усолье району боюнча өкүлү кылмыш ишин козгоодон баш тартканын билдирген.

27-мартта Виталийдин апасы Анна ошол эле полиция кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен кайрадан арыз менен кайрылган. Бирок тергөөчүлөр буга негиз табылбаганын айтып, анын өтүнүчүн орундатуудан баш тартышкан.

Чындыкка жетүү үчүн Анна "Мужское и женское" аттуу телекөрсөтүүгө узун кат жазган, бирок берүүнүн редакторлору анын катын почтадан алып кетишкен жок.

Редактор — Ольга Шамина

Орусиянын бийлиги Ольга Ившинаны "чет элдик агенттер" тизмесине киргизген. Би-Би-Си бул чечимге катуу каршы чыгып, соттошууда.

Басылма Орусияда "чет элдик агент" деп таанылган.