You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Медиакоомчулуктун тилектештик акциясы: “Бүгүн “Азаттык”, эртең сен жана мен”
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда "эркин массалык маалымат каражаттарына болуп көрбөгөндөй кысым болуп жатат" деген жүйө менен 28-октябрда #күчбирдикте #силавправде бирдиктүү хештеги аркылуу массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүгө каршы масштабдуу маалыматтык кампания өтүүдө.
Ага ылайык, акцияга катышкан редакциялар эртең мененки саат 9.00дөн 12.00гө чейин жаңылык жарыялаган жок. Ошондой эле күн бою мамлекеттик органдардан келген пресс-релиздерди да чыгарбай турганы белгиленген.
Бул онлайн акция Кыргызстандын Маданият министрлигинин “Азаттык” редакциясынын сайтын убактылуу жабуу боюнча чечимине реакция катары жүргүзүлдү.
Министрликтин жүйөсү
““Настоящее время” берүүсүнүн YouTube каналындагы видеоматериал чыккан. Ал видеоматериалдарда кастык тилинин элементтери бар болчу. Коомдо кемсинтүү, ажырымды жараткан так эмес маалымат таратылган. Ошол үчүн биз 17-сентябрда аларга мыйзамды сакташ керек деп кат жөнөткөнбүз. Бирок “Азаттык медиа” жооп берген жок жана эч кандай иш-аракет жасаган жок. Биздин катыбызга алар “бул материалды алганга мүмкүнчулүбүз жок, бирок биз тараптан техникалык жумуштар жүргүзүлүп жатат” дешти. Ошондуктан министрлик ушундай чечим абыл алды”, - деди Би-Би-Сиге министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева.
Бул боюнча айрым активисттердин, кээ бир уюмдардын кайрылуулары жарыяланып жатат.
“Маданият министрлиги “Азаттык” редакциясынын сайтын жабуу боюнча мыйзамсыз чечим кабыл алды. Кыргызстандын медиа коомчулугу бийликти сөз эркиндигине жана басма сөз эркиндигине массалык жана болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүүнү токтотууга, журналисттерди, блоггерлерди, жарандык активисттерди жана өз оюн эркин билдирген башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну токтотууга чакырат”,-деп айтылат медиакоочулуктун билдирүүсүндө.
Акцияга бир катар медиалар, журналисттер, блогерлер катышууда. Алардын арасында алып баруучу Эркин Рыскулбеков да бар.
“Бүгүн “Азаттык” өңдөнгөн чоң медиа холдингди жаап жатышса, эртең ошол эле Би-Би-Сиге, дагы башкы жергиликтүү маалымат каражаттарына, блогерлерге тез эле жетет. Мунун кесепети өлкөдө сөз эркиндиги буулуп, биз авторитардык режимди көздөй жол алганыбыздан кабар берет. Ошондуктан, “Азаттык” болобу, мамлекеттик телеканал болобу же жергиликтүү райондук гезит болобу, мындай ыкма менен жабуу туура эмес. Анын үстүнө Маданият министрлиги бул ыкманы бир нече процессти бузуп жасаган. Андыктан мыйзамсыз деп эсептейм”,- деди Рыскулбеков.
Медиакоомчулук тараткан билдирүүдө “министрликтин мындай чечиминин сөз эркиндиги жана эркин маалымат каражаттары Кыргызстанда чоң мааниге ээ экенин белгилеп жүргөн президент Садыр Жапаровду 27-октябрда Астанага сапары алдында кабыл алынышы мамлекет башчыны ыңгайсыз абалга калтырат” деп жазылган.
Анда Маданият министрлиги өзү мыйзамдын фейк боюнча беренелеринин бирин бузганы белгиленген.
«Бул мыйзам юридикалык же жеке жактардын ар-намысын жана кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо маселелерин гана жөнгө салат […] Катта [24-октябрдагы] министрлик кимге карата алардын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген такталбаган маалымат тараган арыз ээсин көрсөтпөйт, анткени ал жок», - дешти алар.
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин башчысы Нурдин Дүйшөнбеков бул мыйзамдын өзү толугу менен жокко чыгарылышы керек деп эсептейт.
“Бул акция коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын көңүлүн бурдурганга багытталган. Ар бир кесиптин ээси, ар бир адам өзүнүн укугун коргоого акысы бар. Кызматтык функциясын аткарып жаткан учурда эч ким тоскоолдук кылбашы керек. Мейли ал мугалим, мейли ал дарыгер, мейли ал журналист. Так ошондой, журналист дагы өзүнүн кесиптик укугун коргоого акысы бар, бул биринчиден. Экинчиден, бул кырдаал эмнеден улам келип чыгып жатат? Биз башынан “анык эмес маалыматтан коргоо” тууралуу мыйзамга каршы болуп келгенбиз. Ушул сыяктуу ситуацияларды жаратат кийин, бул мыйзам кабыл алынбашы керек деп айтып келгенбиз. Бирок бизди угушкан жок, жыйынтыгын эми көрүп жатабыз. Ошол үчүн биздин оюбуз, бул мыйзам жокко чыгыш керек. Биз бул боюнча кайрылуу да кылганбыз, бирок чара көрүлө элек. Эгер бул мыйзам күчүндө тура берсе, бул сыяктуу окуялар кайталана берет.
Ал эми бул акциянын натыйжасы катары мамлекеттик органдар өзүнө тиешелүү жыйынтыгын алышы керек жана элдин пикири дагы мааниге ээ экенин эске алыш керек. Ошондой эле эч бир кесиптин ээлерине кызмат көрсөтүүсүнө бөгөт коюп, ишине тоскоолдук болбош керек. Бул конституцияга каршы келет. Биз ушул позициядабыз”,-деди Дүйшөнбеков.
Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жапты. Өлкөдө эркин саналган медианын интернет баракчасы учурда VPN аркылуу гана ачылып жатат.
Ал арада президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү таратты. Анын айтымында "Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, азыр да бар жана келечекте да болот".
Жарандык коом маалымат алуу укугун эске салып, бийликтин бул кадамын сынга алууда.
“Дүйнөлүк адам укуктары жөнүндө келишимдерде жана баш мыйзамда жазылгандай, ар бир жаран "эркин маалымат алууга жана өз оюн билдирүүгө" укуктуу. Учурда медиага басым жасоо менен катардагы жарандын ар тараптуу маалымат укугу бузулуп жатат. Эркин сөз, эркин коомдун пайдубалы! Медиага басым жасап, алардын ишине бөгөт коюу менен коомду бир тараптуу маалымат менен сугаруу, бул тоталитардык бийликтин белгилери деп айтууга болот. Бийликти бул кадамдардан артка кайтып, коом жана медиа ачык-айкын сүйлөшүүгө чакырат элем”,-деди эркин журналист Айпери Сейитбекова.
Соцтармакта аталган акцияны колдогондор атайын сүрөт жана #күчбирдикте #силавправде хэштегдерин колдонуп постторду жазып жатышат.
“Мен дагы бул акцияны колдойм. Себеби, сөз эркиндигинде чек болбошу керек. Эркин медианын ишине бөгөт коюу бийликтин туура эмес кадамы. Биздин эркин сүйлөп, эркин пикир билдирүүбүздү эч ким чектей албайт. Бул акция бир гана журналисттерге тиешелүү эмес. Бул ар бирибизге тиешелүү”,- деди студент Айпери.
Бүгүн Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутовго кайрылуу жолдошту.
Отуздан ашуун редактор кол койгон кайрылууда Кыргызстанда соңку кездерде көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына кысым күчөп жатканы белгиленип, жакында президенттин аппараты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экени айтылган.
Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору мамлекет башчысы Садыр Жапаровдон алар менен анын басма сөз кызматынын жана президенттик аппараттын өкүлдөрүнүн катышуусуз жолугушууну суранышууда.
Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү өлкө жетекчилигине төмөнкү сунуштар менен кайрылышат:
- “Азаттыктын” сайтын жабуу чечими жокко чыгарылсын;
- Арыздарды кароону жана башка массалык маалымат каражаттарына бөгөт коюуну токтотуу;
- Журналисттерге карата негизсиз, мыйзамсыз кылмыш иштери токтотулсун;
- “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзамдын долбоору чакыртып алынсын;
-ЖМК мыйзамдарын талкуулоо үчүн ыйгарым укук берилген медиа коомчулуктун (Журналисттер көз карандысыз союзу, "Журналисттер" коомдук бирикмеси жана редакциялардын жетекчилери) катышуусу менен жумушчу топ түзүү;
Жогорку Кеңеш: экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын “Такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамына депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо.
Сөз болуп жаткан чуулгандуу “Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 23-августунда кол койгон. Документке ылайык, бийлик алардын пикири боюнча, соттун чечимисиз эле фейк маалымат жарыяланган кайсы сайтты жаап койсо болот.
Мыйзамга кол коюла электе эле катуу сынга кабылып, ага укук коргоочулар, юристтер, жарандык коом каршы чыккан. Ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укуктарын одоно бузуп, интернетте мамлекеттик цензураны орнотуп жатканын юристтер белгилешкен.