Азаттык: Суроо жараткан материалда стандарттарыбыз бузулган жок 

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жапты. Өлкөдө эркин саналган медианын интернет баракчасы учурда VPN аркылуу гана ачылып жатат.

Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү кыргыз бийлигинин бул чечимин айыптап, сынга алууда. Министрлик “Азаттык” үналгысына караган “Настоящее время” телеканалынын түз эфиринде кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды чагылдырууда "кастык маанайдагы сөздөр колдонулуп, такталбаган маалымат" айтылды деген жүйөөнү карманууда.

““Настоящее время” берүүсүнүн YouTube каналындагы видеоматериал чыккан. Ал видеоматериалдарда кастык тилинин элементтери бар болчу. Коомдо кемсинтүү, ажырымды жараткан так эмес маалымат таратылган. Ошол үчүн биз 17-сентябрда аларга мыйзамды сакташ керек деп кат жөнөткөнбүз. Бирок “Азаттык медиа” жооп берген жок жана эч кандай иш-аракет жасаган жок. Биздин катыбызга алар “бул материалды алганга мүмкүнчулүбүз жок, бирок биз тараптан техникалык жумуштар жүргүзүлүп жатат” дешти. Ошондуктан министрлик ушундай чечим абыл алды”, - деди Би-Би-Сиге министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева.

Талаш жараткан теле-берүүдөгү кастык тилине кирди деп так кайсыл сөздөр таанылганы так белгисиз. Бул боюнча Сарногоева кийин маалымат берилерин айтты.

 “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай ошол эле күнү “Азаттык” радиосунун жана “Настоящее время” телеканалынын айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз. Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма. Биз бул чечимдин үстүнөн арызданабыз”.

“Азаттыктын” сайты өлкөдө массалык баш-аламандык уюштурууга шектелип саясатчы жана акивисттерди жапырт камоолор орун алган маалга туш келди.

Жекшембиде кыргыз-өзбек чек арасын тактоодогу таалуу аймак – Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү жана айрым жарандык активисттер кармалды. Сот чечими менен алардын баары эки айга камакка алынышты. Бүгүн парламентте камактагы саясатчылардын маселеси көтөрүлүп, депутат Тазабек Икрамов сөз эркиндигине да кысым болуп жатканына токтолду.

“Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчороев деген жигиттер өз ой-пикирин айтып келишти. Ал укук Конституцияда да жазылып турат. Бийликке болбогон коркунуч менен аларды эки айга камаган туура эмес. Сайттарга, журналисттерге басым болуп жатат, Конституция менен иштебей атабыз. Бул мыйзамга карама-каршы келип жатат. “Азаттык” болобу же башкабы алдына барып, “өрттөп кетем” деп кыйкырган болбойт. Адамдарга мамлекет тарабынан коргоо болуш керек. Андай болбой сөз эркиндигине басмырлоо, Конституцияга карама-каршы иштер жасалып жатканы туура эмес”.

13-октябрда Бишкектеги үч көз карандысыз маалымат каражаттарынын жабылышы үчүн митинг өтүп, ага чыккандардын бирөө "Азаттыктын" кеңсесин өрттөйбүз деп коркутканын МККлар жазып чыгышкан. Ага чейин парламентте депутат Надира Нарматова “Азаттыктын” Ош шаарында офиси ачыларына каршы чыккан. Анда депутат “мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна шек келтирбей, отурган жеринде иштеп атканын шүгүр кылышсын. Болбосо ушул жерде деле жаап койсо ашыкчалык кылбайт” деген эле.

Медиа эксперт Марат Токоев соңку окуялардын бири-бирине байланышын бар деп эсептейт.

“Камоолорго чейин эле өлкөдөгү үч эркин жалпыга малымдоо каражаттарын жабабыз деп чыгышпады беле. Андан кийин камоолор орун алды. “Азаттыкка” карата министрликтин аракети. Булардын баары бир чынжырдын эле звеносу болуп жатат. ЖМКларды душман катары көрсөтүү аракети болуп атпайбы. Эмнеге дегенде, өздөрүнө жакпаган чындыкты башкалар айтса жактырышпай, алардын пикиринде бул эл арасында тараса элдин нааразылыгынын өсүшүнө алып келеби деген кооптонуулар бар болуп атабы деген ой кетип жатат. Бул алардын чындыгынан башка чындыкты элге жеткире турган ММКлардын оозун жабуу аракети”- дейт Марат Токоев.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда ал “Азаттык Медиа” деп расмий катталган. Эми анын сайтынын жабылышы окурмандарынын санын чектеши мүмкүн дейт Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов:

“Тилекке каршы, Кыргызстанда жарандардын көбү VPN менен колдоно албайт. Андыктан ал жабылып калгандай сезилет. Бирок интернетти кичине билген адам маалыматты табам десе, созсүз, табат. Орто курактагы жана пенсионерлерге VPN менне колдонгонду үйрөтүү керек. Эми азыр ММКны чукулап жатышат, эми “Азаттык” акыркы эмес. Дагы ушундай болот, кийинчерээк эми бейөкмөт уюмдарын чукулап башташат. Андан кийин жарандарга, салык жактан, башка. Мына ушундай тенденция”.

Буга чейин октябрда Варшавада өткөн ЕККУнун Варшавада өткөн жылдык жыйынында Кыргызстандын медиа-акыйкатчысы Акмат Алагушев жана укук коргоочу Динара Ошурахунова Кыргызстанда авторитаризмдин белгилери күчөп, сөз эркиндиги жаатында абал начарлап жатат деп маселе көтөрүшкөн.

Буга далил катары коомдук сайттардагы посту үчүн камалган блогер, активисттер жана фейк тууралуу талаштуу мыйзам мисал тартылган эле.

Ал арада 26-октябрда Бишкектин Ленин районунда SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробековду белгисиз төрт жаран сабап кеткени белгилүү болду.

Журналисттин айтымында, кечээ күнү редакциянын номерине аны белгисиз жаран издеп чалган. Ага чейин да чалуулар болуп, коркутуп-үркүтүп жүрүшкөн.

“Белгисиз жарандар дарыканадан чыкканымда жаныма келишип, бети-башымды уруп-согуп, тепкилеп баштады. Анын ичинен бирөө «Бул SuperTV’нын журналисти» деп, мени камерага тартып киришти. Качан эсимди жоготконумду билбейм, эсиме келип, үйгө келсем, саат 4:30 болуп калыптыр”, - деди Бактурсун Жоробеков.

Кабарчынын сабалышы боюнча милиция иликтөө иштерин баштады. Бирок бир эле убакта барандуу медианын сайтынын жабылышы менен журналисттин ур-токмокко алынышы өлкөдөгү журналисттик коомчулукту тынчсыздандырууда.

Кыргызстан Борбор Азия аймагында салыштырмалуу эркин басма сөз жана күчтүү жарандык коому менен белгилүү. EK