You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жапырт камоолор: Акыйкатчы Атыр Абдрахматова УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова оппозициялык мааанайдагы кээ бир саясатчылардын жапырт кармалып, камалышы боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды:
“Мен укук коргоо органдарынын координатору катары Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылып жатам. Ал тергөөнүн алкагында алынган видеоматериалдар болсо, аны сыртка чыгарбоосу керек. Анткени купуя сырдуулук деген бар. Учурда тыңшоонун аркасында алынган аудио материалдар да таркап жатат. Аны ким таркатып жатат аныктап, жоопко тартуу зарыл. Себеби, бул айыпталып жаткан тараптын өз укугун коргоосун чектеп койгону жатат".
"Андай мазмундагы аудиолор коомчулукта кармалгандар тууралуу терс пикир жаратып, эртең соттор коомдук пикирдин басымында ишти объективдүү, калыс карагандан баш тартышы мүмкүн. Бизде күүнөсүздүк презумпциясы бар. Ал дагы сакталыш керек”, -деди Акыйкатчы Би-Би-Сиге.
Омбудсмен Кыргызстандагы соңку окуялардан улам адам укуктарынын сакталышына жана сөз эркиндигинин камсыздалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Ал арада бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин депутаттары ИИМдин жана Башкы прокуратуранын соңку кармап-камоолор боюнча маалыматын укту.
Эл өкүлдөрүсаясатчыларга козголгон кылмыш ишин тыкыр, ар тараптуу иликтөө жүргүзүү тапшырмасын беришти.
Кыргызстанда жекшембиде кармап-камалган 20 саясатчы жана активисттин баары эки айга камакка алынды. Алар: Азимбек Бекназаров, Асия Сасыкбаева, Али Шабдан, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбаев, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бусурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана Жеңиш Молдокматов.
25-октябрда дагы активист - Атай Бейшенбектин бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алынышты.
Human Rights Watch тынчсыздануусу
ИИМ саясатчыларды жапырт камоо массалык баш-аламандык уюштурууга даярдануу боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында жүрүп жатканын айтууда.
Бирок эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы соңку окуяларды айыптаган билдирүүлөр жасап жатышат.
Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Кыргызстанда жапырт кармалган саясатчыларды жана активисттерди бошотууга чакырды.
"Бийлик кармалгандардын баарын коё берип, алардын укугу, анын ичинде тергөөдө жана соттук териштирүүлөр учурунда да корголушун камсыз кылышы керек", - делет уюмдун бул тууралуу билдирүүсүндө.
Эл аралык уюмдардын баасы эмнеси менен маанилүү?
“Human Rights Watch, Amnesty International, Freedom House жана башка беделдүү уюмдар жылына өздөрүнүн отчетун чыгарып, адам укуктарынын сакталышы боюнча дүйнө өлкөлөрүн индекске салат. Ал эми дүйнөдөгү ири грант берүүчүлөр ошол уюмдардын отчетуна карап иш кылат. Быйыл Кыргызстандагы адам укуктары боюнча абал факт болуп калат. Грант аларда бул бийликке айтыла турган маселе болот”,- деди Би-Би-Сиге укук коргоочу Азиза Абдирасулова.
Укук коргоочу Кыргызстан октябрда эле БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчө кылып шайланганын, мындай макамда ал адам укуктарыны камсыздалышы боюнча башка өлкөлөргө үлгү болушу керектигин кошумчалады.
Эл аралык уюмдарга кайрылуу
Ал арада жергиликтүү "Теңчилик үчүн коалициясы" да кыргыз бийлигине жана эл аралык уюмдарга жапырт камоолор боюнча кайрылуу жолдоду. Анда өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укуктары кысымга алынып жатканына тынчсыздануусу айтылат.
"Саясатчылардын жана активисттердин массалык кармалышы, тинтүүгө жана камакка алынуусу Кыргызстанда өзгөчөлөнгөн ой жүгүртүүлөргө орун болбой жаткандыгынан кабар берип турат. ИИМдин тергөө кызматы бул камакка алууларды Кылмыш кодексинин “массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси боюнча козголгон кылмыш иши катары карап жаткандыгы өзгөчө бушаймандык жаратат", - деп жазылган аталган кыймылдын кайрылуусунда.
Коалиция жапырт камоолор конституциялык мыйзамдарга туура келбей турганына көңүл бурду.
Кыргызстандагы жапырт кармоолорго байланыштуу жергиликтүү дагы бир уюм "Биргеликте" кыймылы БУУ, ЕККУ, Евробиримдикке жана бир катар демократиялык мамлекеттердин элчиликтерине кайрылды.
Отузга жакын уюмдун башын бириктирген кыймылдын кайрылуусунда өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерде жана саясий темаларда пикирин ачык билдирип келген жарандык коом жана активисттер кысымга кабылып, коркутууга дуушар болуп жатканы белгиленет.
Кыймыл Кемпир-Абад суу сактыгычы боюнча пикирин айткан жарандардын жапырт кармалышына тынчсыздануусун билдирди. "Биргеликте" Кыргызстанда жарандык коомго жасалып жаткан мамилени айыптап, бийликти басым-кысымды токтотуп, өлкөдөгү биримдикти сактоо үчүн коомдук диалог түзүүгө чакырды.
""Кемпир-Абад" - жөн эле шылтоо"
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген комментарийинде соңку кармоолор боюнча пикирин айтты. Өлкө башчы активист, депутат, ошондой эле “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров менен буга чейин Кемпир-Абад маселеси менен жолугушканын кошумчалады.
“Жарым жыл мурда өзүн үйүмө конокко да чакырып: "Адахан мырза, Кыргызстан бирөө эле, ынтымакташалы, мага колуңардан келсе жардам бергиле. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып бергиле", - дегем. Айтылган ойлорго муюп, ынангандай болуп, эки саат олтуруп, “достошуп” кетти эле. Бир апта өтүп-өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты. Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам”, - деди Садыр Жапаров.
Президент кармалгандарды “Кемпир-Абад маселеси кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо” деп эсептейт жана алар “бийликтин бир жерине илинип калууну” көздөйт.
“Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен”, - деди ал.
“Ал эми камалгандар боюнча мен кийлигише албайм. Укук коргоо органдары бар. Мамлекеттин, элдин коопсуздугун камсыз кылуу – алардын түздөн-түз милдети. Алар өз ишин так аткарып атышат. Акыркы чекитти сот коет. Ошондон кийин гана мага кайрылышса, ырайым берип камактан чыгарууга укугум болот. Мыйзамдуу жолу ушундай”, - деп жыйынтыктады Жапаров.