You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Саясатчылар менен активисттердин кармалышы. Саясий жүрүштөр жана жүйөлөр
Кыргызстанда бир катар жарандык уюмдар бийликти репрессиялык аракеттерге барууда деп айыптап, камалган саясатчылар менен активисттерди бошотууну талап кылууда. Бүгүн Бишкекте жана Ошто жарандык активисттер нааразылык жүрүштөргө чыгышты.
Бишкекте жекшембиде эртең менен бир катар жарандык активисттер менен саясатчылар "массалык тополоң чыгарууга даярданган" деген шек менен кармалды. Камалгандар баардыгы 21 адам деп кабарланды. Сот алардын алдын бир айга, калгандарын 48 саатка камоого чечим кылды.
Кармалгандардын арасында Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Канат Исаев, Айданбек Акматов, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Атай Бейшенбек жана башкалардын аттары аталууда.
Ички иштер министрлиги кармоолор "Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу" беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында болуп жатканын кабарлады.
"Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында айрым адамдардын массалык башаламандыктарды уюштурууга жана даярдоого, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган", - деп айтылат басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.
Соңку камоолорду жарандык уюмдар сөз эркиндигине болгон кысым катары айыптаган билдирүүлөрдү жасашууда.
"Сөз эркиндигине кысым жасоо болуп көрбөгөндөй масштабга жетти! Журналисттер, блогерлер, жарандык активисттер маалыматка жетүү укугуна жана ой-пикирлердин плюрализми болуусуна кайдыгер эмес адамдар куугунтукка кабылып камалууда, кылмыш иштерине айыпташууда. Мамлекеттеги проблемаларды чагылдырган ММКларды жабуу максатында митингдер жүрүп жатат",-деп айтылат Кыргызстандын Медиа аракет платформасынын эл аралык уюмдарга жасаган кайрылуусунда.
"Мындай тинтүүлөр жана кармоолор бийликтин аракеттерин сындаган жарандарды коркутуп-үркүтүү жана кысым көрсөтүү болуп саналат".
Жарандык контроль комитети Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдарынан укук коргоочуларга жана жарандык активисттерге куугунтуктоону токтотууну талап кылды.
"Бийликтин бул аракеттерин биз Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликтин аракеттерине сын айтып, тынчсыздануу билдирген жарандарды ачык куугунтуктоо жана коркутуу катары баалайбыз",-деп айтылат Жарандык контроль комитетинин билдирүүсүндө.
"Демократия эмес, охлократия"
Бийлик тараптан жооп катары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасынан элге кайрылуу жасап, мамлекетте конституциялык тартипти коргоого чакырды:
"Укук коргоо органдарыбыз айтып атышат, булар уюшуп алып кандайдыр бир жаңы төңкөрүш, башаламандык уюштурган жатат, ошонун алдын алуу аракетин көрүп жатканын".
"Эртең барып эле басып алабыз бийликти деген бул демократия эмес, бул охлократия. Бул мамлекеттин жоктугу. Бул жанагы төңкөрүштөр боло берген банан республикалары...".
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өзүнүн кызматкерлери менен кармалган активисттердин укуктары кандай корголуп жатканына көз салып жатканын билдирди.
«Кемпир-Абад маселеси боюнча президент менен болгон жолугушууда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев катышкандардын колу-бутун сындырам деп коркутканын билебиз. Бул адамдардын маалыматка жетүү, өз пикирин билдирүү жана мамлекетти башкарууга катышуу укугун бузуу болуп саналат",-деп жазды акыйкатчы Фейсбуктагы баракчасына.
Өлкөдө соңку күндөрү жарандык активисттер, саясатчылар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү планына каршы чыгып жатышкан. Өзгөндө Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, митингилер, жүрүштөр өтүп жатат.
Соңку камоолор боюнча Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев, УКМКнын мурдакы төрагасы Феликс Кулов өзүнүн пикирин Фейсбуктагы баракчасынан билдиришти:
"Кандай болгон күндө да ушул адамдар массалык тополоң чыгаруу кылмышын жасаганга барат деп ишенбейм. Эң катуу кеткенде алар тилине ээ боло албай, ашыкча сүйлөп алышы мүмкүн",-деп жазды Феликс Кулов.
Кыргызстанда жер-суу, шайлоо маселелеринен чыккан чыр-чатактар масштабдуу саясий кризиске айланып, кырдаал астын-үстүн болуп кеткен учурлар адат болуп баратат. Бир катар жарандар кырдаалдын мындай жолойго түшүп курчуп кетишине жол бербөөгө чакырууда.
"Достор, Мекенге, Кемпир-Абадга чындап күйгөндөр менен бийлик көксөп, башаламандык уюштургусу келгендерди айырмалашыбыз керек окшойт. Буга чейин мындай башаламандыктар канча болду, эмнеге жетиштик? Талаптарыбызды тынчтык жол менен жеткирели. Кырчындай жаштардын бийлик эңсеген карт бөрүлөрдүн курмандыгы болушун каалабайм",-деп жазды акын Назгүл Осмонова.
"Консолидация жана Диалог" кыймылы каршылашкан тараптарды сүйлөшүүгө чакырып, алар үчүн аянтча түзүп берүүгө даярдыгын билдирди.
"Акыркы убактагы өлкөдөгү болуп өткөн окуялар коомдук-саясий абалды курчутууга жана социалдык чыналууга ыңгайлуу шарт түзүшү мүмкүн,-деди аталган кыймылдын атынан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун. - Мына ушундай жагдайды эске алып, мамлекеттик бийликтин жогорку органдары өз көз карашы бар адамдарды куугунтукка алуудан жана мамлекеттин репрессивдүү меторддорун колдонуудан баш тартып, биз бир нече ирээт демилгелеген диалог жана консолидация форумун өткөрүүгө чакырабыз. Мына ушуну менен бирге эле, өз пикирин эркин билдирген инсандарды, Кемпир-Рабатты коргоо боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн колдоочуларын өлкөдөгү башаламандыкка алып келүүчү аракеттерден токтотууну өтүнөбүз".
"Коркутуу манипуляциясы"
Бийликтеги адамдар Кемпир-Абад маселесинде нааразы болгон тараптар менен бир нече жолугушууларды өткөрүштү. Президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өздөрү Өзгөнгө барып эл менен жолугушуп, Бишкекте активисттерди өзүнчө чакырып сүйлөшүп, өздөрүнүн жүйөсүнө ынандырууга аракет кылышты.
Президент менен соңку жабык өткөн жолугушууга катышкан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Алты саатка созулган жыйынга келгендин жарымы ынанбай кеткенин Би-Би-Сиге билдирген болчу.
"Толук ынандырды деп айтуудан алысмын. Бирок президент Садыр Жапаров өзү, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кандайдыр бир деңгээлде маалымат беришти. Мындай жыйын керек болчу. Мен деле жыйынга катышканга чейин көп маалымат билем дегем, бирок жаңы толук маалыматты уктум. Жыйынга келген элдин жарымы ынанды, бирок Өзгөндөн келген эл каршы болушту, алар районунун кызыкчылыгын карап атышат да".
Ошол эле убакта бийликтин эл менен болгон коммуникациясы кээ бир учурда түшүндүрүү эле болбой, коркутуп-үркүтүүгө чейин өсүп кетип жатканын социалдык тармакта көп сынга алышууда.
"Тигилер угуп калса жаман болот", "чүш акырынгыла" деп атат. "19 миң гектар жер менен 5 миң гектар жердин айырмасы бар" деп атышат. "Согуш чыгып калса биз өлдүк, кичине мамлекетпиз" деген коркутуп атышат. Аны коркутуу манипуляциясы дейт. Басып киргенди Рахмон менен эле Путин билет. Ал эми дүйнө жүзү дипломатияга өтүп атат", -дейт жарандык активист Рита Карасартова.
Оппозиция менен жарандык активисттер бийлик менен кер-мур айтышып жаткан убакта, Өзбекстан менен чек араны тактоодо элге тынчтык керек, бийликтин аракетине тоскоолдук кылбаш керек деген талаптар менен дагы чыккан жарандар, жамааттар болууда.
Ошентип Садыр Жапаров "Кемпир-Абад" суу сактагычын коргоочулар менен тынчтыкты талап кылгандардын ортосунда оор кырдаалга туш болду. Мындай оор учурларда ашыкча күч колдонуу Кыргызстандын шартында максатына жетпей, кайра бийликтин өзүнө айгак болуп келгенин ал өзү да жакшы билет.
"Бийликтегилер туура жол Кемпир-Абад маселесинде өз вариантын түртүп, оппозицияны жеңүү эмес экенин билиши керек. Бул жалпы улуттук масштабдагы маселе, анда касташуу болбош керек. Жалпы улуттук диалог жана консенсус керек. Бул маселени бардык саясий күчтөр жана эл менен бирге чечиш керек",-дейт аналитик Нурсултан Акылбек. (КС)