You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Юристтер: Болот Темировду жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү эскирди
Элдияр Бакиров, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун жактоочулары ага “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “жасалма документ жасоо” беренелери менен тагылган айыптарды “абсурд” деп атады. Юристтердин кайрылуусун Темиров 20-апрелде фейсбук баракчасында жарыялады.
Бишкек ШИИББдин версиясы боюнча, Темиров 1996-жылы Орусиянын жарандыгын алып, 2008-жылы кыргыз паспортун мыйзамсыз алуу үчүн паспорттук столго “жасалма аскердик билет жана убактылуу күбөлүк” тапшырган. Ошондой эле тергөө Темиров “жасалма документтердин негизинде алган паспорт менен” Кыргызстандын чек арасын 50дөн ашык жолу мыйзамсыз кесип өткөнүн белгилеген.
“Тергөөнүн айтымында, Болот [Темиров] жасалма аскердик билет жана паспорт жоголгон учурда берилчү убактылуу күбөлүк колдонгон. Бирок бул документтер ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилсе алар кандай жасалма болушат?” - деп суроо салышты жактоочулар.
Ошондой эле юристтер укук коргоо органдары Темиров 14 жыл бою чек араны мыйзамсыз өтүп жүргөнүн да сынга алышты, анткени журналист Кыргызстанга өткөрмө пункттар аркылуу кайтып жүргөн. Адатта “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” деп жаран кайсы бир өлкөгө өткөрмө пункттардан сырткары кирсе, ошондой эле чек арадан жасалма же башка бирөөнүн документи аркылуу өткөн учурлар аталат.
Жактоочулар Темировдун паспорту чынында жасалма болсо кылмыш ишин ага документтерди берген жооптуу кызмат адамдарга козгоо керек деп белгилешти.
“Болот бул кылмыштын субъекти боло албайт, себеби ал паспорттук столдун кызматкери же ага “жасалма” аскердик билет жана убактылуу күбөлүк берген аскердик комиссариаттын кызматкери болгон эмес”, - деп эсептешет юристтер.
Аталган эки кылмыш иштен сырткары Темировго карата үстүбүздөгү жылдын январь айында “баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Темиров ага карата козголгон иштерди Temirov Live’дын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу журналисттик иликтөөлөр менен байланыштырып келет.
“Кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен”
Мындан тышкары Темировдун жактоочулары журналистти жоопкерчиликке тартуу үчүн кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенин билдиришти.
Темиров шектелген “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси боюнча максималдуу жаза бул эки жылга чейин эркинен ажыратуу - ал “анча оор эмес кылмыш” катары классификацияланат. Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренсине ылайык, “анча оор эмес кылмыштардын” эскирүү мөөнөтү үч жылды түзөт.
Ал эми “жасалма документ жасоо” үчүн максималдуу жаза бул беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу - бул оор кылмыштардын катарына кирет. Мыйзамга ылайык, оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтү жети жылды түзөт. Ал эми тергөөнүн версиясы боюнча, Темиров кыргыз паспортун 14 жыл мурун, тактап айтканда 2008-жылы алган.
Болот Темиров эмне дейт?
Болот Темиров журналисттерге курган маегинде, паспортту Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде алганын билдирди. Ошондой эле ал май тамандуулуктан улам армияда кызмат өтөбөстөн аскердик билет алганын кошумчалады.
“Мен Өзгөндө туулуп-өскөнмүн, муну туулгандыгым тууралуу күбөлүк да тастыктайт. Ошондуктан мен кыргыз жарандыгын алууга укуктуумун”, - деди Темиров.
Ошондой эле Темиров Орусиянын жараны болгонун тастыктап, мыйзам буга жол бергенин белгиледи.
“Ооба, менде Орусиянын дагы паспорту бар. Буга мыйзам жол берет. Кыргызстанда ар бир үчүнчү кишинин орус паспорту бар. Ачыктан-ачык куугунтук деп баалайм. Ташиев жөнүндө иликтөө жарыяласак эле эртеси кылмыш ишин ача калышат”, - деди ал.
Болот Темиров 1979-жылы Кыргызстанда төрөлүп, 1-класска чейин Ошто жашаган. Андан соң ал ата-энеси менен Москвага көчүп кеткен. Журналист Орусияда окууну аяктагандан кийин 2006-жылы Кыргызстанга кайткан.
Ошол эле жылы Темиров КТРКда, кийинчерээк “5-каналда” иштеген. Ошондой эле ал бозгун президент Курманбек Бакиевдин катчылыгында 2010-жылга чейин эмгектенген. Темиров 2018-жылы Factcheck.kg басылмасын негиздеген, учурда ал Temirov Live редакциясынын башчысы.