You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Би-Би-Си Бишкектеги бюрого менеджер издейт
Би-Би-Си Бишкектеги бюронун кеңсе иштерин жетектей турган менеджердин кызмат ордуна сынак жарыялады.
Эгер сиз уюштуруу, башкаруу иштеринде тажрыйбалуу жана кесипкөй болсоңуз, дүйнөлүк алдыңкы медиада иштөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.
Бюро менеджеринин милдеттери:
Бюродогу камсыздоо жана административдик иштерди уюштуруу, эсеп-кысап иштерин жүргүзүү, мамлекеттик органдар жана өнөктөштөр менен кызматташуу, кадр маселелери боюнча иш алып баруу жана башка.
Коюлган негизги талаптар:
- Административдик башкаруу боюнча тажрыйба;
- Каржы жана эсеп-кысап жүргүзүү боюнча тажрыйба;
- Көп тараптуу байланыштарды жүргүзө билүү жөндөмү;
- Кыргыз жана англис тилдерин жогорку деңгээлде билүү жана башка.
Медианын ишин уюштуруудагы тажрыйбасы бар талапкерге артыкчылык берилет, бирок бул милдеттүү талап эмес.
Документтер 10-апрелге чейин кабыл алынат.
Негизги милдеттер жана талаптар тууралуу бул шилтеме аркылуу толук маалымат алыңыз.
Суроолор боюнча [email protected] дарегине жазыңыз.