"Жарыктын өчүшү өнөкөткө айланды": Эл нааразылыгына энергетиктер эмне дейт?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Facebook
Соңку жылдары кыргыз бийлиги энергетикага өзгөчө көңүл туруп, бул тармакта чоң реформа жасап жатканын айтып келет. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, Камбар-Ата-2 ГЭСнин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү, Токтогул ГЭСин толук реконструкциялап, чакан ГЭСтердин санын көбөйтүү өңдүү иштер жүрүп жатканын айтышууда. Деген менен өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы дале көйгөйлүү маселе бойдон калып жатат. Кыргызстандын аймактарында электр жарыгы маал-маалы менен өчүп жатканын айтып, даттангандар дале арбын.
Жыл сайын күз жана кыш мезгилдерине даярдык көрүү учурунда тиешелүү министрлик электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет деп ишендирет. Бирок суук түшкөн сайын жарыктын өчүрүлүп жатканы жарандардын нааразылыгын жаратууда.
"Электр жарыгынын өчүшү өнөкөткө айланды"
Айрыкча декабрь айынын башынан тартып социалдык тармактарда эки-үч күндөп жарыксыз калдык деп, ар кандай пикир калтырган колдонуучулардын саны өстү.
Көпчүлүк бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечүүнү талап кылышууда. Жарандар кыш-күрөөдө электр жарыгынын өчүшү чоң көйгөй жаратып жатканын баса белгилеп, муну электр тармагындагы чоң мүчүлүштүк, көзөмөлдүн алсыздыгы деп жатышат.
"Электр жарыгынын өчүшү өнөкөткө айланды. Күндүз дагы, кечинде дагы өчөт. Азыр саат кечки 19:00 болуп калды. Дале жарык бериле элек. Кичине шамал болсо эле ошону шылтоо кылып өчүрүп салышат. Түнкүсүн өчүрбөсөк болбойт, күч келип жатат деп дагы өчүрүп салышат",- деди социалдык тармактарда тараган видеолордун биринде Баткен облусунун тургуну.
Ушундай эле көйгөй тууралуу Ош облусунун Кара-Кулжа районун тургуну айтып берди.
Ал жашаган Папан айыл өкмөтүндө электр жарыгы жайы-кышы дебей өчүп турарын билдирди.
"Жарык жок бир-эки күн жатып калып жатабыз. Өткөн жумуларда эки сааттан өчүрүп жатты. Караңгыда тамак-аш жасоо кыйынчылык жаратууда. Анан дагы бизди Ноокат районунун электро-техникалык кызматы тейлейт. Алар келип оңдоп кеткенге чейин кыйла убакыт өтүп кетет. Жарык өчкөндө байланыш дагы жоголот. Өзүңүздөр билгендей баарыбыз жарык менен тиричилик кылабыз. Үйдө кары-картаңдар бар. Алар эшикке чыкканда кыйналат. Барга шүгүр, жокко сабыр кылып эле отурабыз",- деди айыл тургундарынын бири Исхак Абдылдабеков Би-Би-Сиге.
Туругун аймакта жайы-кышы дебей электр жарыгынын өчүп жатканын зым карагайлардын эскилиги менен байланыштырат. Алар бул маселени декабрда өткөн элдик курултайда дагы көтөрүп чыгышкан.
"Тоолуу аймак болгондуктан таш көп кулайт. Зым карагайлар дагы чирип калган. Алардын орнотулганына кеминде 100 жыл болду. Ошолорду алмаштырып беришсе жакшы болмок",- деди ал.
"Пландуу өчүрүү болгон жок"

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, электр энергиясын колдонуу жылыга жети пайыздан он эки пайызга чейин өсүп жатат.
2024-жылга 17 млрд. 400 млн. киловатт-саат электр энергиясы коротулат деп пландалган. Бирок былтыр колдонуу 18 млрд. 200 млн. киловатт-саатка жеткен.
"Электр жарыгын чектеген өчүрүүлөр болгон жок. Тиешелүү чекке жетип, күч келгенде көмөкчү чордондор автоматтык түрдө өчүп калып жатат. Маселен, эртең менен 7:00дөн 9:00гө чейин, кечкисин 18:00дөн 22:00гө чейин электр энергиясын максималдуу колдонуу учуру. Ошол убактарда көмөкчү чордонго күч келет. Ар бир көмөкчү чордондо автомат бар. Каалайбызбы, каалабайбызбы ал тиешелүү деңгээлге жеткенден кийин өзү өчүрүп салат. Антпесе көмөкчү чордон өрттөнүп кетет",- деди министр.
Министрдин айтымында, өткөн жылы кыш мезгилинде көмөкчү чордондоруна күч келип, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган аймактарга кошумча подстанциялар курулган.
Бирок тамырлашып кеткен көйгөйдү бир-эки жылдын ичинде чечүү мүмкүн эмес дейт.
"Энергетика сектору өзү чыгарган электр энергияны сатып ошону менен оокат кылат. Жоготууларды, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу керек. Бирок электр энергиясына болгон тариф орто эсеп менен 2 сом 30 тыйын же 2 сом 50 тыйындан болуш керек болсо, биз аны 1 сом 10 тыйындан сатып жатабыз. Бул 2014 жылы кабыл алынган тариф. Ошол учурда доллардын курсу канча эле? Азыр канча болду? Экономика өскөн сайын, электр энергиясын колдонуу дагы ошончо жогорулап жатат. Баарын жаңылоо, алмаштыруу үчүн ошого мүмкүнчүлүк берген тариф болушу керек",- деди Таалайбек Ибраев.
Ошондой эле ал 2025-жылдан 2030-жылга чейин жаңы тарифтик план иштелип чыгып жатканын кошумчалады.
"Ага ылайык жылдан жылга тарифке бир аздан кошулуп отуруп, колдонулуп жаткан электр энергиянын наркына чыгышыбыз керек. Бизде электр энергиянын 60 пайызын эл колдонот, калган пайызын завод-фабрикалар колдонот",- деди ал.
"Бир дагы майниг компанияга электр энергиясы сатылбайт"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Майнинг компанияларынын ишмердүүлүгү дагы бул маселенин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Электр энергиясынын ири көлөмдө керектелиши менен таанылган бул тармактагы мыйзамдуу жана мыйзамсыз иштерге байланыштуу маалыматтар чыга калып турат.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, майнинг компанияларга электр энергиясын колдонууга уруксат берилет.
Энергетиктердин айтымында, эң жогорку тариф майнинг компаниялар үчүн каралган. Алар 1 киловатт-саатка 5 сом 04 тыйындан төлөйт.
"Бизде кубаттуулугу 30 мегаватт болгон бир гана майниг компания иштейт. Ал электр энергиясын Орусиядан "РусГидро" ишканасынан ташып келет. Транзит үчүн Казакстанга жана бизге дагы акча төлөйт. Бизден өндүрүлгөн электр энергия бир дагы майниг компанияга берилбейт",- деди министр.
Ошондой эле ал жеке жактарга таандык чакан ГЭСтер майниг компанияга продукциясын сатканга кызыкдар эмес дейт.
"Чакан ГЭСтер майниг компанияга электр энергиясын сатканда пайда жок. Мамлекет алардан электр энергияны 4 сом 42 тыйындан сатып алып жатат. Майнинг компания андай суммага сатып албайт. Эгерде аларга пайдалуу болсо анда эмнеге Орусиядан электр энергиясын ташып келип жатат? Ал жактан арзан алып жатышат да",- деп кошумчалады ал.
Министр учурда 460 миң киловатт-саатка электр энергияны чакан ГЭСтерден сатып алып жатканын, жайында 1,5 млн киловатт-саатка чейин көбөйөрүн кошумчалады.
"Стратегиялык планы туура эмес болуп жатат"
Адистердин айтымында, Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3 млрд. киловатт-сааттан ашат.
Аны жабуу үчүн жок дегенде кубаттуулугу 400 мегаватт гидро электро станция куруу керек.
"Кыргызстан 4 миң мегаватт кубаттуулуктагы гана электр энергиясын камсыздай алат. Бул мерчемделген көлөмдөгү гана электр энергияны бере алат. Ал эми кыш мезгилинде эл электр энергиясы эң көп колдонот. Албетте, 4 миң мегаватт кубаттуулуктагы электр энергия колдонууга жетпейт",- деди энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев.
Ал таңсыктыкты жоюуга болгон аракетине карабастан, министрликтин стратегиялык планы туура эмес болуп жатканын кошумчалады.
"Мисалы, чакан ГЭСтерге басым жасап жатышат. Азыркы суукта алар иштебейт да. Суу тоңуп калды. Чакан ГЭСтер жайында сууну сактаганга гана мүмкүнчүлүк берет. Ошон үчүн чоң станцияларды куруу керек. Антпесе болбойт. Ошол эле Кара-Кечеге электр энергиясын чыгарган станциясын курса эмнеге болбосун? Суунун көлөмү климаттын өзгөрүүсүнөн көз карады. Ал эми Кара-Кечеде көмүрдүн кору жетиштүү",- деди ал.
Деген менен бийлик 3-4 жыл аралыгында электр энергиясынын тартыштыгы толук жоюлат деп убала кылууда. Алар Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүтсө, баардыгын электр кубатына өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк болот деп жатышат.












