Кытайдан жүк ташуу: Казакстан кантип Хоргоско экспорт имерди?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

21-ноябрда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкектеги кытай элчиси Ду Дэвень менен жолукту. Анда пандемиядан кийин солгундап кеткен Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуу темасы да талкууланды.

Бажы кызматы быйыл Кытайдан товар ташып келүү көлөмү пандемияга чейинки көрсөткүчкө жакындаганын билдирип жатат. Бирок экспорттолгон товарлардын салмагы боюнча дагы деле маселе бар.

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрмө бекети

Сүрөттүн булагы, Akipress

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдан ташылып келген товарлардын көбү "Торугарт" өткөрмө бекети аркылуу өтөт

Кыргызстанда “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттери аркылуу Кытайдан оор жүк ташуучу отуз чакты фирма бар. “Торугарт” аркылуу 1,5 миң кыргызстандык айдоочу, ал эми “Эркечтам” аркылуу 1 миң 150 шоопур жайы-кышы товар ташып иштейт.

Соңку кезде Кытайдан ички керектөө жана транзит үчүн ташылчу жүктүн көлөмү азайып жатканы айтылууда. Анын себебин Кытайдан оор жүк ташып иштеген “Сапарман” айдоочулар бирикмесинин төрагасы Максат Дүйшеев Би-Би-Сиге түшүндүрүп берди:

“Быйыл Кытайдан жүк ташуу орточо эле болду. Бир ай мурда Кытайдын Топо деген шаарчасынан жүк жүктөгөн эки кызматкерден ковид чыгып, ал участокко санитардык режим киргизишти. 15 күнгө чек ара жабылды. Ошондо солгундай туштү. Бирок Үрүмчүдөн түз келген жүктөр бери чыгып жатты. Күнүнө орточо 70-80 машина менен жүк бери ташылып чыгат. Кышкысын башкача, “Торугарт” жакта Арка деген 4 миң метр бийиктикте жер бар, карда машине өйдө чыга албай кыйналат. Мурда суткасына 80 машине келсе, саны 50-60 түшүп калат”.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча быйыл январь-октябрь айларында Кытайдан ташылып келген импорттун акчалай наркы 3 миллион 65 миң долларды түздү. Бул былтыркы ушул маалга карата көрсөткүчтөн (963 миң 360 доллар) үч эсе көп. Бирок бул сумма пандемияга чейинки көрсөткүчтөрдөн алда канча аз болууда. 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Кытайдан Кыргызстанга келүүчү импорт 57,5% азайган. Чек арадан өтүүчү жүк машинелердин саны анда он эсе кыскарганы да айтылган.

Бажы кызматы бүгүнкү күнү Кытайдан суткасына 90-100 оор жүк ташуучу унаа товар ташып жатканын билдирди

Сүрөттүн булагы, Akchabar

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бажы кызматы бүгүнкү күнү Кытайдан суткасына 90-100 оор жүк ташуучу унаа товар ташып жатканын билдирди

“Пандемия маалында кыргыз-кытай чек арасы такыр эле жабылып, ал кайра ачылганда “Торугарт” менен “Эркечтам” аркылуу күнүнө бир-экиден эле жүк ташуучу унаа өтүп турган. Кыргыз тарап Кытайдын бүт талаптарын аткарып, бүгүнкү күнү товар агымы пандемияга чейинки абалга жакындап жатат. Ушу тапта суткасына 90-100дөн машина менен товарлар ташылып жатат”, -деди Би-Би-Сиге Бажы кызматынын өкүлү Гүлзада Чубакова.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок кыргыз өкмөтү ташылып жаткан азыркы жүк көлөмүн дагы көтөргүсү келет. Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытай бийлиги менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, жүктү ташып өтүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу боюнча макулдашкан. Жапаров мурдагы бийликтин тушунда туура эмес саясат жүрүп, бир жактуу чек араны жаап салганы ката болгонун айтып келет. Себеби, ошол маалда дүйнө жүзүндө бир дагы өлкө Кытай менен карым-катнашты токтоткон эмес.

“Биз тарап бизге кирчү жүктөрдү “Кытай тараптан, анан бизге өткөндө дагы, эки ирет, эки жактан тең дезинфекциялоодон өтсүн” деген талап коюптур. Кытай тарап, андай болсо, бир күндө дезинфекциялап, өткөрө турган жүк ташуучу унаалардын агымын эсептеп чыгып, бир бажы өткөрмөсүнөн 32 машине өтөт” деп бекитип коюптур. Биз азыр мына ошону жокко чыгарып, Кытай тарап менен макулдашып жатабыз”,- деген эле буга чейин Акылбек Жапаров.

Соңку жолу быйыл июлда Бишкекке Кытайдын ТИМ министри Ван И расмий сапары менен келип, анда дагы соода-экономикалык кызматташтык жана “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттери аркылуу Кытайдан жүк ташууну оптималдаштыруу тууралуу сөз болгон.

Кытайдын ТИМ министри Ван И. Бишкек. 03.08.2022

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын ТИМ министри Ван И. Бишкек. 03.08.2022

“Учурда Кыргызстан тараптан “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттары суткасына 24 саат бою тынымсыз иштеп жатат. Ал эми Кытайда - компартия, ал жакта сегиз сааттык жана беш күндүк жумуш күнү бекитилген. Бирок кыргыз өкмөт башчысы Акылбек Жапаровдун кытай бийлиги менен сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында, мына эки ай болуп калды, күнүнө эки сааттан кошулуп, азыр кытай тарап деле күнүнө сегиз саат эмес, он сааттан иштеп атат”, - деген эле Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков ноябрда өткөн басма сөз жыйынында.

Пандемиядан кийин Кытай тарап чек арада чектөөлөрдү киргизип, кыргызстандык айдоочулар мурункудай Кытайга кирип товар жүктөй албай калды. Анын ордуна кытай тарап товарлардын контейнерге жүктөп, чек арага чейин алып келип жатышат.

“Быйыл Кытайдан жүк ташууда пандемияга чейинки мезгилдеги көлөмдөрдөгүдөй сандарга жеттик. Бирок салмак жагынан алып караганда биз дагы деле уттуруп жатабыз. Себеби, автомашиналардын үстүнө жүк контейнер менен жүктөлүп келип жатат. Мурда машинаны өзүнө жүктөлүп келчү эле да. Ошону менен алганда жүктүн сапаты дейбизби, салмагы жагынан 1,5 эсеге аз келип атат. Ал эми саны жагынан пандемияга чейинки деңгээлге жеттик”,- дейт Самат Исабеков.

Бажы кызматынын маалыматы боюнча быйыл Кытайдан Кыргызстанга жыл башынан бери 749 миң тонна товар ташылып келди. Салыштырсак, 2021-жылы коңшу өлкөндөн 507 миң, ал эми 2020-жылы болгону 349 миң тонна жүк келген.

Оор жүк ташуучулардын ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев Кытайдан жүк ташуунун солгундап жатышынын дагы себеби катары Казакстандын Хоргоско байланыштуу экономикалык кызыкчылыгын атайт. Эксперт коңшу өлкө Кыргызстан аркылуу товар ташууда чек арада ашкере бюрократия орнотуп, Кытай ишкерлерин жүктү Хоргос аркылуу алып өтүүгө мажбур кылганын белгиледи.

Казакстан, Хоргос шаары

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстан, Хоргос шаары

“Товар жөнөткөн кыргыз ишкерлеринин Кытайдагы өнөктөштөрү тажап, андан көрө казактар менен эле иштейбиз деп Хоргоско кетип калышпадыбы. Товар ташылчу Кытайдын Топо шаары Хоргоско жакын, 200 километрдей бар. Ал жактан бизге келиш үчүн 1 миң 200 километр. Казактар Кытай соодагерлерине атайы ушундай шарттарды түзүп, бизден качырды. Топодо ошентип товар жок, Казакстандын саясаты биздин Кытай менен өнөктөштүгүбүздү ошентип жокко чыгарып жатат”, - деди Темирбек Шабданалиев.

Былтыр кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт өткөрмө бекетинде ташылып келчү жүктүн көлөмүн көбөйтүү шылтоосу менен санитардык аймак уюштуруу аракети болгону да эсте. Бажы кызматы келишим түзгөн ортомчу компания чек арадагы алты чакырымдык нейтралдык аймактан жүктү чыгарып, кезек күткөн айдоочуларга жүктөп берип турмак жана бул кызматка жүк ташуучу фирмалар акы төлөш керек эле. Айдоочулар бул коррупциялык схема деп сындап, президентке чейин кайрылышкан эле. Жыйынтыгында андай санитардык зона ишке ашкан эмес.

Айдоочулардын “Сапарман” бирикмесинин төрагасы Максат Дүйшеев Би-Би-Сиге азыр аларда андай маселе жок экенин билдирди. Бирок талдоочулар кытай-кыргыз чек арасындагы көмүскө контрабанда бар экенин айтып келишет.

Кытайдан товар ташууда буга чейин Кытай тарап менен кыргыз расмийлеринин сандары ача чыгып, бул дагы бир топ талаш-талкууларды жараткан. Кыргыз өкмөтү кытай тарап Кыргызстанды көздөй кеткен товарларды транзитке кетүүчү товарлар менен кошо эсептеп жатканын жүйө кылат.