Амалкөй арак индустриясы
Иможен Волкс, Би-Би-Си
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаңы отчетунда арак-шарап чыгарган өнөр жайы жаштарга жана ичкиликке берилгендерге багытталган амалкөй маркетинг ыкмаларды колдонуп жатат деп айыпталууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алкоголь жылына үч миллион адамдын өлүмүнө себеп болууда, анын 13% кыркка чыга электер.
Көп өлкөлөрдө алкоголдук ичимдиктерди жарнама кылууга тыюу салган катуу мыйзамдар бар, бирок ДССУнун жаңы отчету бул индустрия чектөөлөрдү ар кандай амалкөй маркетинг менен айланып өтүп жатканын көрсөтүүдө.
Анын ичинде дүйнөлүк спорттук иш чараларга демөөрчү болуп, популярдуу фильмдер менен телешоуларга жармашып жарнама жасоодо.
Максаттуу топтор: жаштар, аялдар жана ичкиликке абдан берилгендер.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Айрым маалыматтарга караганда, АКШнын алкоголдук индустриясынын бюджетинин 70% көбү продакт-плейсментке жана социалдык медиага жумшалууда.
1996 жана 2015-жылдар аралыгында чыккан эң популярдуу 100 кассалык фильмдин талдоосу көрсөткөндөй, бренд алкоголду алардын дээрлик жарымынан көрсө болот.
Ошол эле убакта ДССУга мүчө өлкөлөрдүн жарымында алкоголду Интернетте жана социалдык медиада жарнама кылууга тыюу салган эрежелер жок.
ДССУ арак-шараптын маркетингине ар тараптан чектөө коюу үчүн эл аралык кызматташтыкка чакырууда.
Аракечтик көрүнүшү Кыргызстанда дагы бар. Бирок арактын кыйыр жарнамасы жарандарга кандай таасир этери тууралуу буга чейин өлкөдө иликтөөлөр болгону тууралуу маалымат жок.

Сүрөттүн булагы, Tabyldy Kadyrbekov
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Расмий маалыматка караганда Кыргызстанда арактын өндүрүшү жыл сайын азаюуда. 2014-жылдан бери дээрлик үч эсеге кыскарган. Бул спирттик ичимдикти эл аз ичип калды дегенди түшүндүрөбү?
Кыргызстанда спирттик ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салынган.
Алкоголдук ичимдиктерге акциз салыгын көтөрүү аны ичүүнү чектөө чаралары катары да колдонулуп келет.
Спирттик ичимдиктерди өндүрүү жана сатууну жөнгө салган башкармалыгынын башчысы Каныбек Жакшыбаев салыктын баасы арактын сатылышына көп таасир этпейт дейт:
"Спирттик ичимдиктерди өндүрүү бир гана Кыргызстанда эмес, КМШда азайып жатат. Бул элдин жашоо образына жана диний көз карашка байланыштуу. Негизи эле жаштар арак же башка күчтүү алкоголду ичпейт. Алар көбүнесе энергетикалык ичимдиктерди ичишет экен, биздин анализ ушундай көрсөттү", - деди Жакшыбаев Би-Би-Сиге.
Спирттик ичимдик дүйнөдө адам өлүмүнө жана ооруларга алып келген тогузунчу фактор.Өткөн жылы айыл жерлеринде спирттик ичимдикти өз алдынча тыюу аракеттери жүргөн.Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, наркологияга жылына алкоголдон ууланган тогуз миңдей адам түшөт. (KCh EK)







