Камсыздандыруу: өрт, сел, кырсык кыйратса кандай иштейт?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Камсыздандыруу

Сүрөттүн булагы, social media

Кыргызстан милдеттүү камсыздандырууну күчөтүү максатында бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатат. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тиешелүү мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Анда кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу полисин мамлекеттик каттоо үчүн документтердин милдеттүү тизмесине киргизүү сунушталууда.

“Жатык тил менен айтканда эгер кимдир бирөө турак-жай сата турган болсо сөзсүз түрдө камсыздандыруу полиси талап кылынат. Ансыз үйүн башка бирөөгө сата албайт. Унаалар боюнча дагы ушундай эле сунуш киргизилип жатат”,- деди мекеменин жетекчиси Марат Пирназаров.

Сел алып кетти, жер көчтү деген сыяктуу табигый кырсыктар учурунда кыйраган мүлк кантип калыбына келтирилет, ээси эмне кылат, мамлекеттен кандай жардам болот деген маселе башкы сапка чыгат. Ошондон улам өтө жай темп менен болсо дагы акырындап аймактарда дагы турак-жай, мүлкүн камсыздандыргандар кездешет. Камсыздандыруу компаниялары дагы андай учурду коё бербей, байма-бай жарнамалап калат.

Деген менен калктын калың катмарына камсыздандыруунун оош-кыйышы тууралуу маалымат кенен жете элек. Ал тургай камсыздандырган күндө да төлөшпөйт, юристтердин күчүнө салып, ар кайсы шылтоо менен суудан кургак чыгып кетишет деген көз караш күчүндө.

Камсыздандыруу деген эмне жана эмне үчүн керек?

Турак-жайды камсыздандыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Камсыздандыруу – бул ар кандай күтүлбөгөн жагдайлардан жана тобокелдиктерден өзүңдү, мүлкүңдү же бизнесиңди коргоого мүмкүндүк берүүчү финансылык инструмент.

Ал жарандар менен компаниялардын ортосунда түзүлгөн келишимдик милдеттенмелердин негизинде иштейт.

Ага ылайык камсыздандыруу полисин алган киши жыл сайын келишимде көрсөтүлгөн каражатты камсыздандыруу компаниясына төгүп турат.

Камсыздандыруу келишимине ылайык, керектүү учурда, жабырлануучуга же камсыздандыруу полиси бар тараптарга компания чыгымдарын төлөп берет.

Милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздандыруу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда дагы камсыздандыруунун эки түрү иштейт. Милдеттүү камсыздандыруу жана ыктыярдуу камсыздандыруу.

Милдеттүү камсыздандыруунун тарифи жана төлөмдөрү өкмөттүн токтому менен бекитилет. Ыктыярдуу камсыздандыруу болсо эки тараптын макулдугу менен келишимдин негизинде ишке ашат.

Кыргызстанда унааны милдеттүү камсыздандыруу үчүн 2015-жылы “Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” (ОСАГО) мыйзам кабыл алынган.

Бирок коомдо ар кандай талкуудан кийин мыйзамдын аткарылышы улам артка жылып отуруп, 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмей болгон.

Мыйзамга ылайык полиси жок юридикалык жактарга 13 миң сом, физикалык жактарга үч миң сом айып каралган.

ОСАГО – бул жоопкерчиликти камсыздандыруу. Ал жабыр тарткан үчүнчү жактын кызыкчылыгын коргойт. Маселен, айдоочу жол кырсыгына кабылып, окуяга өзү күнөөлүү болуп кала турган болсо анын камсыздандыруу компаниясы жабырланган үчүнчү тараптын чыгымдарын төлөп берет.

Расмий маалыматка ылайык, милдеттүү камсыздандыруу полисинин базалык өлчөмү орто эсеп менен 1680 сом. Бирок ал унаанын түрү, кыймылдаткычтын көлөмү, айдоочунун жаш курагы менен айдоочулук тажрыйбасына карап өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми төлөнүп берилүүчү каражаттын эң жогорку өлчөмү 450 миң сом.

Ыктыярдуу камсыздандыруу

Жарандар унаасын ыктыярдуу түрдө дагы камсыздандырып койсо болот (КАСКО). Камсыздандыруунун бул түрү сиздин жеке кызыкчылыгыңызды коргойт. Келишим шартына ылайык толук жана жарым-жартылай унаага келтирилген зыянды төлөп берет.

“Кимдир бирөө транспортуна милдеттүү эмес ыктыярдуу камсыздандыруу полисин алды дейли. Ал кырсыкка кабылып калса компания өзүнүн гана мүлкүн калыбына келтирүүгө жардам берет. Күнөөлүү болсо үчүнчү жактын чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөйт. Ошон үчүн жарандар полистин эки түрүн тең алып койсо болот”,- деди Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы директору Марат Пирназаров.

Нурбек Ныязалиевдин HOWO үлгүсүндөгү бетон аралаштырган унаасы.

Сүрөттүн булагы, Нурбек Ныязалиев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек Ныязалиевдин HOWO үлгүсүндөгү бетон аралаштырган унаасы.

Нурбек Ныязалиев 2019-жылы HOWO үлгүсүндөгү бетон аралаштырган унааны насыяга алган.

Техниканы алып жатканда эле камсыздандырып койгон экен. Беш жыл аралыгында эки жолу кырсыкка кабылыптыр. Компания чыгымдарды толугу менен төлөп берди дейт:

“Алгач полис алып жатканда күмөн санагам. Кийин бир нерсе болуп кетсе камсыздандырып береби же жокпу деп ойлогом. Кудайга шүгүр, камсыздап берип жатат. Былтыр жеңил унаанын катышуусунда кырсыкка учурадым. Бир тараптуу же ыктыярдуу камсыздандыруу болгондуктан өзүмдүн гана чыгымымды төлөп берди. Тагыраагы 50 миң сомго унаамды калыбына келтиришти. Быйыл февралда дагы кырсыктадым. Көп тетиктери бузулду. Жалпы чыгым 700 миң сомдон ашык каражатты түздү, алар 800 миң сом төлөп берди”,- деди Нурбек Ныязалиев.

Камсыздандыруу келишими жыл сайын жаңыртылып турат экен. Нурбек быйыл унаасын эки тараптуу кылып камсыздандыра турганын айтты.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, 2023-жылдын 1-апрелинен тартып, ОСАГО башка мамлекеттерде катталган транспорт ээлери жана айдоочулары, юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын менчигинде турган унаалар үчүн иштей баштады.

Кыргызстанда учурда каттоодон өткөн унаалардын саны 1 млн 600 миң. Анын 38 миңи же 2.3 пайызы гана камсыздандыруу полисин алган.

Турак-жайды камсыздандыруу

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу полисинин эң төмөнкү төлөмү аймактарда 600 сом болсо, шаар жеринде 1200 сом.

Компания тарабынан төлөнүп берилүүчү каражат аймактарда 500 миң, шаарларда 1 млн сом.

Бирок келишимдин негизинде кардар взносту жана камсыздандыруу үчүн алчу сумманы жогорулатып алса болот.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 1 млн 229 миңден ашуун турак-жай бар. Анын 10 пайызга жакыны камсыздандырылган.

“Бул жерде турак-жайын камсыздандырбаганы үчүн тургундарга айып салынбайт. Бирок мыйзам чегинде милдеттендирүү иши жүрүп жатат”,- деди Марат Пирназаров

Белгилей кетчү жагдай турак-жайлар өрттөнүп кетсе, жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктан жабыркаса төлөнүп берилет. Авариялык абалдагы мектептер, соттук талаштагы же конфискацияда турган үйлөр камсыздандырылбайт.

Жарандар өздөрүнүн турак-жайын камсыздандыруу үчүн эки гана документ зарыл. Бул паспорту жана үйдүн документи (техникалык паспорт).

Таберик Юсупованын өрттөнүп кеткен үйү.

Сүрөттүн булагы, Таберик Юсупова

Сиз көрүп турган бул үй Аламүдүн районунун Достук айылынын тургуну Таберик Юсупованыкы. Анын заңгыраган беш бөлмөлүү үйүнөн былтыр январда өрт чыгып, күлгө айланган.

“Айыл өкмөткө маалымат кат алганы барып камсыздандыруу тууралуу угуп калып, дароо полис алып койдум. Үч жылдан бери камсыздандырып келебиз. Өрттөн үйүм толук күйүп кетти. 18 миң долларга кайра куруп чыктык. Үй эң төмөнкү сумма (600 сом) менен камсыздандырылгандыктан компания 375 миң төлөп берди”,- деди ал.

Таберик мамлекеттик экспертизанын жыйынтыгын эске албаганда компания чыгымды тез эле төлөп бергенин айтат. Болгону кырсыктын себептерин аныктоо үчүн дайындалган экспертиза 2,5 ай убакытты алып койду дейт.

“Кырсык каш-кабактын ортосунда экен да. Быйыл полистин базалык өлчөмүн жогорулаталы деп жатабыз”,- деп кошумчалады ал.

Камсыздандыруу компаниялары

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму.

Сүрөттүн булагы, official

Кандайдыр бир тобокелдиктерден улам адамга кошумча колдоо механизми катары Кыргызстанда 1998-жылы камсыздандырууну уюштуруу мыйзамы кабыл алынган.

Учурда өлкөдө жалпы он беш уюмга лицензия берилген. Алардын бири мамлекетке караса калганы жеке менчик.

Убагында мамлекеттик камсыздандыруу уюму 50 миллион сомдук уставдык капитал менен түзүлгөн. Соңку жылдары ал сумма дээрлик 1 млдр сомго жакын көтөрүлгөн.

Бирок коомдо камсыздандыруу компаниялары алдап кетсе эмне болот же банкрот болуп калса кантебиз деген кооптонуулар бар. Айрыкча көпчүлүктүн жеке менчик уюмдарга болгон ишеними анчейин эмес.

Марат Пирназаровдун айтымында, камсыздандыруу компаниялары ишенимди сактоо жана финансылык туруктуулукту камсыздоо үчүн мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алынат. Алар компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп эле тим болбостон, кардарлардын укуктарын коргоону камсыз кылат.

Камсыздандыруу уюмдарынын лицензиясы алардын финансылык туруктуулугунун жана ишенимдүүлүгүнүн кепилдиги болуп саналат.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы билдиргендей, Кыргызстандын тарыхында буга чейин бир дагы компания банкрот болуп жабылып, же кардарларды алдап кекен учурлар болгон эмес.

Айрым учурларда, камсыздандыруу компаниялары өз ара камсыздандыруу фонддорун түзүп, бири-бирине колдоо көрсөтүп келет. Бирок уюм менен келишим түзүп жатканда анын ар бир пунктту менен кылдат таанышып чыгууга чакырат.