"Кулдай садага чабылып". Борбор Азиянын мигранттары Бахмутка кантип барып жатат?

Анастасия Платонова, Би-Би-Си Орус кызматы

Борбордук Азиянын эмгек мигранттары үй-бүлөсүн бакканга же өзүнө үй алыш үчүн акча тапканы Россияга барып жатышат. Россияда алар жергиликтүү калк карабаган ар кандай оор жана арзан бааланган жумуштарда иштешет. Россия Украинага толук масштабдуу басып киргенден кийин Борбор Азиянын эмгек мигранттары согушка да керек болуп калды: аларды талкаланган шаарларды калыбына келтирүүгө, окоп казуу иштерине жибере башташты. Ал эми мыйзам бузуп Россиянын түрмөгө түшкөндөрүн «Вагнер» жеке менчик аскер компаниясы кан күйгөн согуштун так алоолонгон жерине азгырып алып кетүүдө. Украинага баргандардын көбү курман болууда, ал эми алардын туугандары сөөктү ала ала албай, көп айлап убара чегүүдө.

Гулкан Талиева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гулкан Талиева Украинада согушта курман болгон күйөөсү кайда көмүлгөнүн биле албай келет. "Вагнер" менчик аскер компаниясы ага тийиштүү маалымат бергенден баш тартууда

"Жакында үйдө болом"

Нурбек Талиев (үй-бүлөсүнүн өтүнүчү боюнча аты өзгөртүлдү) адатта аялына колониядан кечинде, Гүлкан (аты өзгөртүлдү) жумуштан үйгө кайтып баратканда чалчу.

«Кандай өзүң, балдар кандай? Мектепке даярбы? Иште баары жакшыбы? Кандай жаңылыктар бар? Балдарга көз бол».

Гүлкан үйдүн кире беришине чейин барып, андан ары үйдүн жанында туруп жолдошу менен дагы далайга чейин сүйлөшөт эле.

«Бизде баары жакшы, шүгүр. Жаңылык деле жок, балдар мектепке барып жатышат».

24-февралдан кийин сөз арасында согуш темасы көбүрөөк боло баштады.

– Кыйналган жоксуңбу? – деп сурайт эле Нурбек. – Жумушуңда өзгөрүү жокпу? Эгер иши жок калсаң, эмне болот?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

– Нурик, биздин жашообуз өзүнчө. Биз ал жакта эмеспиз да. Элдин баары кадимкидей эле жумушка барып келүүдө.

Кайсы бир учурда Гүлкан согушту сүйлөшкөндөн тажап кетип айтты: «Эмнеге эле ушуну сөз кыласың? Уккум келбейт муну».

Демейде жубайлар аптасына эки жолу сүйлөшөт эле, бирок октябрдын ортосунда Нурбек көбүрөөк чала баштады.

– Билесиңби? Мен жакында үйдө болом.

– Кудай жалгагыр, бул качан болот?

– Мен февралда Москвада болом.

– Төрт айдан кийинби?

– Ооба, буюрса. Февралда үйдө болуп калам.

Андан кийинки чалгандагы сөзү аябай эле кыска болду: «Кандай? Баары жайындабы? Болуптур анда, убакыт бүтүп атат, мен өзүм байланышам».

"Бир жакшы иш жасаган го, ошондуктан аны мөөнөтүнөн мурда бошотуп жатышат деп ойлодум. Анын үстүнө жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөн эле, Мага дароо эле ошондой ой кетти. Бирок тамаша болчу деген сөздү угуп калбайын деп кантип бошоп келгени жатканын такып сураган жокмун", – деп эскерет азыр Гүлкан. Нурбек андан кийин колониядан байланышкан жок.

Гүлкан менен Нурбек Бишкекте менчик мектепте иштеп жүргөндө таанышкан. Гүлкан сабак берчү, Нурбек дене тарбия сабагынан берип, кароолчу да болуп иштечү. 2014-жылы алар никеге турушту. 2017-жылы Нурбек Россияга акча тапканга кетти. Бир жылдан кийин анын артынан Гүлкан биринчи күйөөсүнөн тапкан балдары менен барды.

«Бул жерде бизге жумуш бар эле, ал дагы, мен дагы иштеп аттык, бирок биздин бул жакта (Бишкекте) тапкан ташыганыбыз тамак-аштан артпай койду. Ошондо ойлонуп көрүп бул жакка (Россия) келдик. Болгон планыбыз – үйгө жеткидей акча таап, кайра мекенге кайтып жашоону улантмак элек. Башында бардык мигранттардай эле эле биз дагы кез келген жумуштарда иштеп жүрдүк. Кийин ал туруктуу иш тапты, ал иштеген компанияга мени жумушка алышты».

2019-жылы Нурбек менен Гүлкан башка кыргыз мигранттары менен бирге Калуга областында үйлөрдүн ремонт ишин аткарып жүрүшкөн. Бир күнү кечинде жумушчулар чырдаша кетти. Нурбек бир таанышы менен көчөгө чыгып, анын менен кыжылдашып барып мушташып калды. Нурбек таанышын бөтөлкө менен бир койгондо, анын венасын кесип кетип, кан көп кетип, каза болуп калды».

«Ал эч кайда качкан жок, полицияны өзү чакырды, өзү барды»,-дейт бул иш менен алек болгон юрист Мирлан. Гүлкандын айтымында, алар каза болгон адамдын туугандарынын алдына түшүп, анын сөөгүн үйүнө өздөрү жөнөтүп, ал эми үй-бүлөсүнө акча жиберишкен.

2019-жылы декабрда Нурбекти сегиз жыл колонияга кесишти. Калуга областындагы 4-түзөтүү колониясына чектелди. Гүлкан ага барып жолугуп турчу, бирок 2022-жылы августта Нурбек эмнегедир аны келбей эле тур деп тыйып койду: "Азыр кереги жок. Мен өзүм айтмайынча келбей тур».

Россияда Кыргызстандан миллион чамал мигрант жүрөт, анын бир тобу ушул Ош шаарынан.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россияда Кыргызстандан миллион чамал мигрант жүрөт, анын бир тобу Ош шаарынан.

Мигранттардын жаңы багыты

Россияда Кыргызстандан болжол менен миллион чамал мигрант жүрөт, алар салган акча өлкөнүн ички дүң кирешесинин үчтөн бирин түзөт:

«Мигранттар жиберген акчаны алгандар аны кийим-кечеге, тамак-ашка, ар кандай аш-тойлорго коротушат»,-дейт Карнеги Борборунун эксперти Темур Умаров. Анын пикиринде, ошон үчүн Кыргызстан Россиянын көзүн карашка аргасыз.

Россияга Кыргызстандан барган мигранттар көбүнчө соода-сатыкта жана курулушта иштешет. Ал эми Россия Украинага басып киргенден кийин согуш эмгек ресурстарын керектеген өзүнчө бир багыт болуп калды.

Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланардан бир күн мурун, 20-сентябрда Дума үчүнчү окууда жарандык жөнүндөгү мыйзамга толуктоолорду кабыл алды. Ага ылайык, башка өлкөлөрдүн жарандары эгер орус армиясында бир жыл контракт менен кызмат кылып келсе РФ жарандыгын дароо ала турган болду (мурда буга үч жыл керек эле).

Андан сырткары, Россияга барган Борбордук Азиянын жарандарын Белгород областына жана оккупацияланган аймактарга окоп казуу иштерине да жалдап алып кетишүүдө.

2022-жылы Бишкек менен Ошко Россиянын Коргоо министрлиги менен контракт түзүп согушка баргандардын жана «Вагнер» аскердик компаниясына жалданып кеткендердин сөөгү келе баштады.

“Согушка барып келиш керек”

Москвада көп жыл бою юрист болуп жүргөн кыргызстандык Мирлан Акылбеков (фамилиясы өзгөртүлдү) түрдүү укуктук иштерди карачу. Эң алгач эле, мигранттар үчүн милдеттүү болгон каттоону туура толтурууну үйрөтүүдөн баштаган. Андан соң административдик иштерди ала баштаган.

“Мыйзамсыз кармашат, котормочу беришпейт…” - деп Мирлан кардарларынын укугу бузулган учурларды айтып отурду.

Андан соң, адвокаттар менен бирге кылмыш иштерге катыша баштаган. “Мен укук коргоочулук менен иштей баштаганбыз деп айта албайм - жөн гана биздин жарандарга жардам берчүбүз”, - дейт.

Соттук өкүмдөр чыгып, мигранттар жазасын өтөп жатканда деле Мирлан алар менен байланышты уланта берген. Алардан 2022-жылдын жайында “Вагнер” жеке аскердик компаниясы согушка тартып жатканын угат.

“Башында жазадан эртерээк кутуласыңар, амнистия алууга мүмкүнчүлүк бар деп, өжөрлүк менен сурана башташты. Анан алар биз менен кеңешчү. 28-сентябрдан кийин аларды ыктыярдуу-мажбурлоо менен жаздыра башташты. Октябрдын башында биздин кардар чалды (ал таап алган насыя картасы менен дүкөнгө барып, тамак-аш сатып алганы үчүн аны төрт жылга уурулук беренеси менен соттоп ийишкен), согушка азгыргандар келгенде, түрмөдө отургандарды экиге бөлүшкөн. Чет жактан келгендерди - кыргыз, өзбек, тажиктерди өзүнчө имаратка алып кирип, отургузуп алып алардын келишимге кол коюусун талап кылышкан. Алардын келтирген жүйөсү мындай болчу: “Мына силер бекер эле тамак жеп отурасыңар, эми ошону акташ керек”.

- Кантип актайбыз?

- Согушка барыш керек, келгенден кийин, силерге амнистия беребиз, эркиндикке чыгасыңар”.

Мирлан Токтобеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 28-сентябрдан кийин эле абактагыларды ыктыярдуу-мажбурлоо менен согушка барууга көндүрүп "Вагнер" менчик аскер компаниясына жаздыра башташты,- дейт юрист Мирлан Акылбеков.

Россиянын абактарында жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктарды согушка тартуу болуп жатканын “Азаттык” радиосу дагы чагылдырган (Азаттык радиосу орусиялык “чет элдик агент” реестрдин тизмесине кирет): Свердлов облусунда абакта отурган бирөөнүн атасы аларды катуу режимдеги казармага которушуп, суу жана тамак бербей, жеке аскердик компания менен келишим түзүүгө милдеттендиришкенин айтып берген.

Нурбек Талиев жазасын өтөп жаткан Калуга облусундагы түрмөгө “Вагнердин” азгыруучулары сентябрдын башында эле келишкен.

7-сентябрда Калуга облусундагы №3 катуу режимдеги “Товарковонун” рецидивистери “Вагнер” компаниясынын жетекчиси тик учактан жерге конору менен аянтча куруп ийишкен. Трибунадан Пригожин чыгып, Донбасска каалоочуларды жазылууга үндөгөн.

Жеңдерин түрүп, түрмөнүн символдору бар татуировканы көрсөтүшкөн. Пригожиндин төшүндө Россия Федерациясынын жогорку наамдары жалтырап турду. Сленг сөздөрдү аралаштырып сүйлөп, өзүнүн мурда көргөн жашоосун жашырган жок”, - деп жазды өз каналына Москва облусунун Серпухов районунун мурдагы жетекчиси, 2022-жылдын сентябрь айында атайын кармоочу жайда отурган Алексей Шестун.

Медынадагы №4 абак жайында жаза өтөп жаткандардын жакындары билдиргендей, согушка түрмөдөн 28-августта эле жөнөтө башташкан. Алгачкы жумасында алар машыгуу лагеринде болушуп, андан соң сентябрдан аяк жагында Бахмут районуна жөнөтүлгөн. Январда алардын туугандары алгачкы “кара кагаздарды” ала баштады. Алардын курман болгон датасы ар кандай эле, ноябрь-октябрь, кимдир бирөөнүкү 25-сентябрь деп жазылган. Демек, машыгуудан кийин дароо эле болгон экен.

Гүлкан күйөөсү менен акыркы жолу 2022-жылы октябрда сүйлөшкөндө, ал жакында үйүндө болуп каларын айткан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлкан күйөөсү менен акыркы жолу 2022-жылы октябрда сүйлөшкөндө, ал жакында үйүндө болуп каларын айткан

"Сиз Вагнерге барасыз"

Нурбек менен байланыш үзүлгөндө Гүлкан жаман ойдон алыс болуп жөн гана күтүп жүрдү. Бирок күйөөсү Жаңы жылда да чалбаганда, тынчы кетип, колонияга барганга камынып калды. Бирок үлгүрбөдү.

21-январда ишемби күн эле, таңкы саат алтыда ойгонуп, вотсапка келген кабарды окуду:

"Урматтуу Талиева Гүлкан Садыковна! Кайрат кылыңыз! Талиев Нурбек Эркинович Донецк областында Артемовск шаарында курман болду. Анын сөөгүн Москвада Даңк аллееясына коюуга атасы макул болду. Акчалай компенсацияны албай турган болду. Толук маалыматты Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинен аласыз».

«Окуп түк түшүндөдүм. РФ Коргоо министрлигине анын кандай тиешеси бар? Ал Калугада колонияда жазасын өтөп жатпайбы. Кантип барып калган ал согушка? Окуп, анын фамилиясын көрүп турам, бирок такыр башка киши жөнүндө соз болуп жаткандай туюла берди мага»,-деп эскерет жесир аял.

Кабар Гүлканга тааныш даректен – Нурбектин Бишкекте жашаган байкесинен келиптир. Телефон чалып тактап сүйлөшөйүн десе, Гүлкандын номерин ал бөгөттөп салды.

Катка эки файл тиркелген экен – өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүнда Талиев Нурбек Эркинович 24-октябрда «Артемовск шаарында курман болду» деп жазылган. Экинчи файлда «бир жолу төлөнүүчү акчалай компенсация» үчүн берилген маалымдама каттын көчүрмөсү. Анда өлгөн себеби "огнестрельные взрывные осколочные ранения туловища и нижних конечностей с разрушением частей тела" деп көрсөтүлгөн.

Гүлкан бул документтерди бир нече жолу кайталап окуп чыкты: «А сөөгү кайда? Сөөгү каякка коюлду?"

Дүйшөмбү күндү күтүп, үйгө эң жакын военкоматка бармай болду.

«Ыйлап бардым. Алардын сураганы: «Контрактник беле? Ыктыярчы беле? Кайсы региондон? Биздин военкоматтан кетти беле?».

– Калуга областында жазасын өтөп жаткан.

– Ааа, анда сиз "Вагнерге" барышыңыз керек. Бул биздин линия эмес. Бул аларды алып кеткен компания.

– А мен аны кантип табам?

Аскердик военкоматтын кызматкери кагазга «Вагнер центр» деп жазып берип, анын адресин интернеттен изде деп айтты.

«Мен Вагнер деген компанияны ошондо биринчи жолу уктум, - дейт Гүлкан. – Менин бүтпөгөн издөө иштерим ошондо башталды».

Телеграмдагы чаттардан Гүлкан балдарын, жакындарын «Вагнер» азгырып алып кеткен адамдардын тобун тапты.

"Саламатсызбы! Мен күйөөмдү издеп жатам. Талиев Нурбек. Мен анын аялымын. Жооп берип коесуздарбы!"

"Мындай маалымат жок ", "Курман болгондор тизмесинде жок", "Башка маалымат жок ".

— Эмне кылам? Донецкиге барайынбы? Же Евгений Викторовичке [Пригожинге] жазайынбы:

— Үчүнчү тараптарга маалымат бербейбиз. Сиз документте көрсөтүлгөн эмессиз.

«Вагнерди» издеп жүрүп, Гүлкан Рахат Абдивалиеваны тапты. Көрсө, Рахаттын Россияда колонияда абакта жүргөн баласы Аянды дагы «Вагнер» алып кетип, 2023-жылы январда Бахмуттун алдында курман болуптур. Бирок анын сөөгүн энесине жеткирип беришкен.

"Кулдай садага чабылып"

Рахатка "Вагнерден" 100 миң рубль, уулунун документтери менен сыйлыктарын беришти.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рахатка "Вагнерден" 100 миң рубль, уулунун документтери менен сыйлыктарын беришкен.

28 жаштагы Аян Алишеровдун сөөгүн апкелген учак Ошко 22-январда конду, сөөк жүргүнчүлөр каттамынын жүк ташуучу капшытында келди.

Аба майданынан сөөктү Аяндын байкеси тосуп алды, цинк табытты машинага салып Оштун батыш жагындагы чакан айыл болгон Рахманжанга алып барып, тоңуп турган жерди жабыла казып, сөөктү кепиндеп жерге жашырышты. «Вагнер» компаниясына жалданып согушка баргандардан Кыргызстанда биринчи белгилүү болгон адамдын сөөгү ушундай коюлду.

2022-жылы Аян «Вагнерге» жазылганда, компания Бахмутту камалап, Евгений Пригожин видео кайрылуу жасаган учурда, менчик компания туткунга түшкөн украин жоокерлерин сот-поту жок эле атып жок кылып жатканынын улам жаңы далилдери, Соледар менен Бахмуттун жанындагы талааларда вагнерчилердин жайнаган сөөктөрү тартылган видеолор чыгып жатты.

2019-жылы Аян Россияга иштегени кетти, анын үй-бүлөсүнө үй курганга акча керек болду. Апасы Рахат ал жакта тазалагыч болуп иштеп жаткан. Аян адегенде жүк ташыгыч болуп орношуп, андан кийин «Танукиде» суши жасап жүрдү.

Ошол жылы апрелде Аянды кармап кетишти. Апасы Рахаттын айтымында жана соттун өкүмүнө караганда, Аяндан жакын жүргөн таанышы Бегимай бир жигит жабышып атат деп жардам сураган экен. Аян аны менен эркекче сүйлөшмөкчү болот.

Андан кийин Рахаттын сөзү менен соттун материалдары кайчы келет. Рахаттын айтымында, Аян достору менен Бегимайга тийишкен жигит менен жолугуп, сүйлөшүп эле тарап кетишкен. Бир нече күндөн кийин аларды Кыргызстандын ИИМдин Россиядагы оперативдүү кызматкерлери кармашкан. Көрсө, Аянга жабырлануучу арыз жазган экен. Кыргыз милициясынын өкүлдөрү акча менен ишти бүтүрөлү деп сунуш кылышат. “100 миң сурап, бир апта мөөнөт беришкен”.

Аян акча бербей койгондо ишти Россиянын полициясына өткөрүп салышкан. Аянды полиция кармап, тергөө изоляторуна жиберип, 2020-жылдын 2-сентябрында Москванын Кузмин райондук соту ага өкүм чыгарган.

Өкүмдө Аян менен анын эки таанышы жабырлануучуга “Текстильщики” метросунун жанына жолугуп, бычак такап коркутуп, машинаг отургузуп, уруп-сабашкан деп айтылат. Ошондой эле Себрбанктын бөлүмүнө алып келип, коркутуп, картасынан 26000 рублди чыгартып алышкан.

Сотто Аян менен анын тааныштары жабырлануучу менен жолугушканын, бир-эки жолу чаап согушканын танышкан жок. Бирок алардын эч кимиси сотто коюлган күнөөнү мойнуна алышкан эмес, ал түгүл полиция кармагандан кийин уруп-сабаганын, ишти бүтүргөнгө алардан акча сурашканын айтып көрсөтмө беришкен. Аяндын досторунун бири акча сурагандардын арасында Улан деген бирөөнү айткан. Рахат дагы уулу Кыргызстандын ИИМ Россиядагы өкүлчүлүгүндө Улан деген бир оперативник акча менен ишти бүтүрөлү деп айтканын эскерет.

Сот бул көрсөтмөлөрдү көңүлгө албай, Аян менен анын эки шеригин алдын ала сүйлөшүп адам уурдашкан деп тапкан. Аян катуу режимдеги колонияга жети жыл алты айга кесилген.

Рахат уулун Кыргызстанга экстрадиция кылууга аракет көрдү, 2022-жылы январда ишти Кыргызстандын Жогорку Соту карады. Бирок Аян мордвалык колонияда отура берди. 2022-жылы октябрда ал апасына телефон чалып, алты айдан кийин үйгө кайтарын сүйүнчүлөгөн.

Рахаттын эсинде калганы, «поездде бараткандай ызы-чуу эле». Ошондон кийин байланыш үзүлдү. Ал эми 2023-жылы январда Рахат уулу өлгөнүн вотсаптан келген кат-кабардан билди.

"Электрозаводская" метросунун жанындагы Вагнерге тийиштүү бир кеңседен ага жүз миң рубль жана баласынын документтерин, сыйлыктарын беришти. Үч күндөн кийин Аяндын сөөгү салынган учак Ошко барып конду.

Аяндын сөөгүн Ошко алып барып жерге беришти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аяндын сөөгүн Ошко алып барып жерге беришти

Рахат биз менен бир гана диван менен телевизор турган бөлмөдө сүйлөшүп атты. Жанында анын кенже уулу угуп турду.

Аян курман болгон Бахмут кайда экенин билеби деп сураганымда, Рахат ыйлап кирди.

"Менин уулум Россиянын жараны эмес болчу, ал түрмөдө отуруп мөөнөтүн өткөрүп жаткан. Аны согушка кантип алып кетишти? Биздикилерди [кыргызстандыктарды] түрмөдө киши катары көрүшпөйбү?..."

– Аны кулдай садага чаап салышты, – дейт Аяндын сөзгө аралашкан иниси, бөлмөнүн бурчундагы килемде отуруп.

– Ооба, ошондой… Кулдардай айдап барышты, – дейт бышактаган Рахат. (КС)