Иран менен Израил ок атышууну токтотсо, Трамптын тобокелге негизделген соккулары жыйынтык бериши мүмкүн

Энтони Зурчер, Түндүк Америка боюнча кабарчы

Трамп

Сүрөттүн булагы, The White House via Getty Images

АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен Ирандын ортосундагы курчуп бараткан жаңжалга аралашып тобокелчиликке барды. Азырынча анын бул кадамынан майнап бардай. Эки өлкө ок атышууну токтотууга макул болгонун билдирди.

Шейшембинин түнүндө Трамп эки өлкө ок атышууну токтотууга макулдашканын жарыялады. Анын айтымында, бул макулдашуу узак мөөнөттүү тынчтыкка жол ачышы мүмкүн.

Өзгөчө жекшембиге караган түнү Американын соккусу Ирандын өзөктүк объекттерине зыян келтиргенден кийин, аймакка АКШнын андан ары тереңирээк аралашуусуна алып келмек.

"Эгер Израил бүгүн таңкы саат 04:00гө чейин Иранга каршы "мыйзамсыз агрессиясын" токтотсо, анда биз да жооп кайтаруудан баш тартууга даярбыз", — деп билдирген Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи.

Расмий түрдө бул ок атышууну токтотуу деп аталбашы мүмкүн, бирок Тегеран убактысы боюнча таңкы саат 4:00гө карата Израилдин сокколору токтогону кабарланды. Сыягы эки тарап тең чыңалууну басаңдатууга даяр.

Ал арада ок атышууну токтотуу болжолдонгондон кийин Израил аскерлери аймакка бир нече сокку урулганын билдирди. Алардын бири өлкөнүн түштүгүндөгү Беэр-Шева шаарында болгон. Израил дарыгерлери чабуулдан 4 киши каза болгонун маалымдашты.

Тынчтык келишими тууралуу сөздөр айтылаардын алдында Жакынкы Чыгышта окуяларга бай күн болду – анда Иран бийлиги жекшембинин таңында АКШнын чабуулу үчүн өч алуу убадасын аткарган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эң алгачкы маалыматтарга ылайык, Иран армиясынын Катардагы америкалык базага учурган ракеталары атып түшүрүлүп, ал жакка зыян келтирилген эмес. Трамп жекшембинин таңында жасаган билдирүүсүндө Ирандын "АКШнын кандайдыр бир обьектилерине" кол салууну көздөп жатса, катуу жооп кайтараарын айткан. Ал ошондой эле АКШ күчтөрү бутага ала турчу башка жерлери дагы бар экенин билдирген.

Иран америкалыктардын аткылоосуна кандай жооп кайтараарын дүйнө коомчулугу бир күн күттү. Ирандыктар айтканын аткаргандан кийин АКШнын президенти эми эмне кылаар экен деп күтүп калды.

"АКШ Ирандын өзөктүк жайларын кыйраткандан кийин расмий түрдө "начар соккулары менен" жооп кайтарды. Биз ал чабуулдардын мизин кайтардык" – , деп Трамп өзүнүн социалдык баракчасын жазган.

Ирандыктардын чабуула анчалык зыян алып келбегендиктен, Трамп ирандыктар сүйлөшүүгө даяр деген үмүт менен жаңы сокку узатууна туура көргөндөй. Ак үйдүн билдирүүсүнө ылайык, Трамп көшөгө артында катарлык ортомчулар жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан.

Ушундай эле жагдай 2020-жылдын январында Трамп Багдадда жүргөн Ислам революциясын коргоочулар корпусунун лидери Касем Сулейманини өлтүрүүгө буйрук бергенде катталган. Анда Иран армиясы жооп ирээтинде Ирактагы америкалык базаны аткылап, 100гө чукул аскерлерин жарадап кылса дагы, жайдайдын андан нары чыңалуусун токтотуп калган.

Америкалык ЖМКлардын билдирүүсүнө ылайык, дүйшөмбүдө уюштурулган чабуулда Иран америкалык базаларга америкалык авиация дем алыш күндөрү таштаган бомбалардын санындай ракета узаткан.

Ушул факт жана ошондой эле Иран бийлигиниин ракеталарды узатаардын алдында Катар өкмөтүн алдын-ала эскерткени Тегерандын аймактагы чыңалуунун күчөп кетишине кызыкдар эмес экенин, сабырдуулукка умтулуп жатканын көрсөтүүдө. Трамп бул кадамы үчүн аларга ыраазычылык билдирип кеткен.

Кечөө күнү Трамп мунайдын баасына, америкалык медианын реакциясына жана Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевдин Иранга өзөктүк курал берүүнү сунуш кылган билдирүүсүнө көбүрөөк көңүл бурган.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Трамп өзүнөн мурунку айрым президенттерден айырмаланып, убадалаган коркутууларын ишке ашырып жаткандай.

Эгер Иран дагы бир жолу сокку уруп, америкалыктар олуттуу зыянга учураса, Трамп жооп кайтаруу үчүн кысымга кабылат.

Бирок, азырынча ал мындан ары согуш болбоштун жолун издеп жаткандай жана эки тарап тең мындай вариантты карап чыгууга даяр. (КВ)