Би-Би-Си Кыргыз кызматында вакансия

Би-Би-Синин Лондондогу кеңсеси

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Би-Би-Си Кыргыз кызматы Лондондогу командасына мультимедиалык журналист издейт.

Кыргыз жана англис тилдеринде телепрограмма, сайт жана социалдык тармактар үчүн журналисттик материалдарды даярдоо, түз эфирлерди алып баруу, санарип платформалардагы баракчалардын ишин тескөө, мобилографиянын ыкмалары менен контент жаратуу, дата-журналистиканын инструменттери менен аналитикалык макалаларды жазуу Лондондогу журналисттин милдеттерине кирет.

Журналист кыргыз жана англис тилдеринде эркин сүйлөп, жаза алышы керек. Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү окуялар менен тенденцияларды мыкты билиши кажет. Мындан сырткары санарип платформалар жана инструменттер менен иштөө чеберчилигин көрсөтүп, көп кырдуу аудитория үчүн, анын ичинде аялдар менен жаштар үчүн журналисттик материалдарды даярдай алышы зарыл.

Документтерди кабыл алуу 2-декабрда аяктайт.

Сынак үчүн документтерди тапшыруу жана толук маалымат алуу үчүн бул шилтеме менен кириңиз.