You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бангладеш: өкмөт башчы өмүрү коркунучка кептелгенде гана өлкөдөн качты
Акбар Хусейн, Би-Би-Си Бенгал кызматы
Шейх Хасинанын Индияга качканга чейинки Бангладештеги акыркы сааттары кандай өткөн?
Бангладеште он жылдан ашык убакыттан бери көпчүлүк Шейх Хасинаны "темир айым" деп атап келген.
Дээрлик 16 жыл бийликте отурган премьер-министрдин минтип өлкөсүн таштай качышы көпчүлүктүн оюна да келген эмес. Бийликтен кеткен адамдын өлкөдөн качышы өлкө тарыхында биринчи жолу болуп жатат.
Дүйшөмбү күнү демонстранттардын "Даккага чейин узак жүрүш" акциясы учурунда Шейх Хасина жана анын сиңдиси Шейх Рехана өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болушту.
Анын кызматтан чегинүү чечимине жекшембиге караган түнкү кандуу кагылышуулар жана дүйшөмбү эртең мененки өкмөт үйүнө карай жүрүш себеп болду десе болот.
Жекшембиде өлкө боюнча “Авами лигасынын” (Хасина жетектеген партия) тарапташтары менен демонстранттардын ортосундагы катуу кагылышта жүзгө жакын адам набыт болду.
Жаракат алгандардын арасында көптөгөн полиция кызматкери да бар эле. Демонстранттардын катуу каршылыгынан улам “Авами лигасы” көп жерде чегинүүгө мажбур болушту.
Жекшемби күнү кечинде “Авами лигасынын” бир нече лидери жана кеңешчилери Шейх Хасинага кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат беришти. Шейх Хасина бул учурда жеңилүүгө даяр эмес эле.
Өкмөт башчы кырдаалды күч колдонуу жолу менен басууга үмүттөндү. Бирок коопсуздук күчтөрүнүн башчылары муну аткаруу мүмкүн болбой калганын айтышкан.
Ошондон кийин гана Хасина кызматтан чегинүү жөнүндө ойлоно баштаган. Муну Шейх Хасинанын Америкада жашаган уулу Саджиб Важид Би-Би-Си Бенгал кызматына курган маегинде ырастады.
Армиянын атын атагысы келбеген жогорку офицеринин айтымында, өкмөт башчынын чечими адегенде купуя сакталган.
"Шейх Хасина кызматтан кетүү тууралуу арызына кол коюп, тик учакка отурганга чейин бул маалыматты армиянын башчысынан башка эч ким билген эмес".
Армиядагы булактардын Би-Би-Сиге билдиришинче, Хасина резиденциядан дүйшөмбү күнү саат он бирде чыгып, тик учак менен Индиянын Агартала шаарына учуп барган. Андан кийин Хасина менен сиңдиси Шейх Рехана атайын учак менен Делиге сапар алышкан.
Би-Би-Си Бенгалга маек курган жогорку даражалуу чиновниктердин айтымында, Шейх Хасина соңку мүнөттөргө чейин эки тандоонун ортосунда калган.
Бир жагынан өлкөдөн чыгып кетүүнү ойлосо, экинчи жагынан күч колдонуу менен бийлигин сактап калгысы келген.
Бирок күч түзүмдөрүнүн башчылары адам өлүмүнүн дагы да көбөйүшүн каалашкан эмес.
Жекшембиде өлкөнүн ар кайсы аймактарында армиянын төмөнкү чиндеги офицерлери менен жоокерлер демонстранттардын катарына кошулган.
Ошол учурда куралдуу күчтөрдүн генералы кырдаал башкаруучу партиянын көзөмөлүнөн чыгып кеткенин түшүнгөн.
Дүйшөмбү күнү эртең менен полиция жана армия кызматкерлери Гана Бхаванга (Шейх Хасинанын резиденциясы) баруучу бардык жолду туш тараптан жабууга аракет кылышкан.
Жогорку армия жетекчилеринен алынган маалыматка караганда, бул Шейх Хасинанын Тежгаон аэропортуна аман-эсен жетип алышы үчүн жасалган чара болчу.
Ал эми эртең мененки саат тогуздар чамасында бүтүндөй өлкөдө интернет бир жарым саатка өчүрүлдү. Бул Шейх Хасинанын өлкөдөн кетип жатканы тууралуу маалыматтын коомдук медиага тарап кетпеши үчүн жасалган аракет эле. Шейх Хасина отурган тик учак абага көтөрүлгөндөн кийин гана интернет калыбына келтирилди.
Хасина кызматын тапшырууга араң денгенде көнгөн
Dainik Pratham Aalo гезити жазгандай, дүйшөмбү күнү эртең менен Шейх Хасина армиянын үч жогорку лидери жана полиция башчысы менен резиденцияда сүйлөшүү өткөргөн.
Кырдаалды көзөмөлдөй албаганы үчүн коопсуздук күчтөрүнүн башчыларына Шейх Хасина сөөмөй кезегенин басылма өз булактарына таянып жазды.
Ошол маалда митингчилер өкмөт үйүнө жакындап калышкан. Генералдар элди күч менен токтотуп калууга мүмкүн болбой калганын, жаалданган топ аз убакыттан кийин Хасинанын резиденциясына басып киришин эскертишкен. Мындай кырдаалда Шейх Хасинанын өмүрү коркунучта эле.
Би-Би-Сиге маек курган офицердин айтымында, Шейх Хасина ошол маалда дагы коопсуздук күчтөрү "Даккага чейин узак жүрүштү" токтотуп калса кызматын сактап калам деген ойдо турган.
Эгер бул ишке ашпай калса, өлкөдөн чыгып кетүү планын тандоого аргасыз болмок.
Армия башчылары Шейх Хасинанын сиңдиси Шейх Рехана менен сүйлөшүп, аны кызматтан кетүүгө көндүр дешкен.
"Алар Шейх Рехана менен өзүнчө бөлмөдө сүйлөшүп, бардык кырдаал тууралуу маалымат беришкен. Генералдар Шейх Хасинанын сиңдисине эжеңди кызматтан кетүүгө көндүрүшүн суранышкан".
Андан кийин Рехана эжеси Хасина менен сүйлөшкөн, бирок өкмөт башчы бийликте калуу оюнан кайткан эмес.
Ошол кезде генералдардын бири Шейх Хасинанын Америкадагы уулу Сажиб Важидге телефон чалган. Ошондон кийин Сажиб апасын кызматтан кетүүгө көндүргөн.
Шейх Хасинанын уулу Сажиб Важид Би-Би-Сиге апасы акыркы сааттарга чейин өлкөдөн кеткиси келбегенин айтты. Бирок үй-бүлө мүчөлөрү анын коопсуздугунан чочулашкан. Ошондуктан баары аны кызматын таштап кетүүгө чакырышкан.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, өкмөт башчы өлкөнү таштап качканга чейин эле Индия менен сүйлөшүү өткөргөн.
Хасина Бангладештен тик учак аркылуу Индиянын Агартала шаарына жетсе, ал жерден атайын учак менен Делиге жеткирилерин Индия тарап убадалаган.
Азыр абал кандай?
Бангладештин президенти Мохаммад Шахабуддин шейшемби күнү парламентти таркатты.
Учурда демонстрациялардын лидерлери менен армиянын ортосунда сүйлөшүүлөр өтүүдө. Армиянын жетекчилиги убактылуу өкмөт куралып, жаңы шайлоо өтөрүн буга чейин кабарлаган.
Студенттердин лидерлери, армия башкарган өкмөттү тааныбай турганын айтышууда.
Алар Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мухаммед Жунусту убактылуу өкмөттүн башчылыгына көрсөтүшүүдө. 84 жаштагы Мухаммед демонстранттардын өтүнүчүнө макул болуп, Парижден Бангладешке кайтууда. Шейх Хасина аны саясий атаандаш катары көрчү.
Учурда Бангладештеги мекеме-ишканалар менен завод-фабрикалар акырындан ачыла баштады.
Даккадагы Би-Би-Си Бенгал кызматынын кабарчысы Акбар Хуссейн, алдыдагы бир нече күн кандай болору дале белгисиз дейт.
Бир нече аптага созулган башаламандык учурунда 300дөн ашык адамдын өмүрү кыйылды. (SA)