Бангладештеги төңкөрүш: өкмөт башчы өлкөcүн таштап качты

Бангладеште демонстранттар өкмөттүк резиденцияны басып алышты. Өлкөнү 2009-жылдан бери башкарып келаткан премьер-министр Шейх Хасина кызматын тапшырып, бир тууган сиңдиси менен өлкөдөн чыгып кетти.

Би-Би-Синин Бенгал кызматы Хасина отурган тик учак Индиянын Агартала шаарына багыт алганын жазды. Анын кайда барары тууралуу азырынча так маалымат жок.

Айрымдар 15 жылда премьер-министр Шейх Хасина Бангладешти жакырчылыктан алып чыкты деп эсептешет. Ошол эле маалда анын бийлигин сындагандар ого эле көп. Өлкөдө болуп жаткан окуялар мунун кашкайган далили.

Бангладештин борбору Даккада кырдаал көзөмөлдөн чыкты. Би-Би-Синин Бенгал кызматындагы кабарчылардын айтымында Даккада ири талап-тоноочулук фактылары болду.

Өкмөт отурган Ганобхабан ак сарайы талкаланып, айрым адамдар андан буюм-тайымдарды ташып кетишкен.

Интернетке тараган сүрөттөрдө адамдар өкмөттүк резиденциянын ичинде диванда отуруп, селфиге түшүп жатышканын көрүүгө болот.

Дүйшөмбү күнү эртең менен миңдеген адамдар студенттик лидерлердин "Даккага узак жүрүш" чакырыгы менен өкмөттүк сарады көздөй бет алышты.

Армия көчөлөргө жайгаштырылган, бирок алар митингчилерди токтоткон жок.

Генералдын билдирүүсү

Премьер-министр Хасина өлкөдөн чыгып кеткенден кийин армиянын кол башчысы генерал Вакар Уз-Заман маалымат каражаттарына кайрылып, Бангладеште убактылуу өкмөт түзүлөрүн жар салды.

Ал митингчилерди кызматташууга чакырып, "жаркын келечектин пайдубалын бирге түптөйбүз" деди.

Генерал элди митинг учурундагы ар бир адам өлүмү акыйкат иликтенет деп ишендирди.

"Мен бардык саясий партиялардын лидерлери менен сүйлөштүм, жарандык коомдун өкүлдөрү менен сүйлөштүм. Армия өлкөдө тынчтыкты жана тартипти көзөмөлдөйт", – деди ал.

Шейх Хасина ким болгон?

Күчтүү жана кайраттуу делген Шейх Хасина өлкөнү негиздеген тунгуч президент Мужибур Рахмандын кызы. Ал башынан көптөгөн оош кыйыш окуяларды өткөрүп, ал тургай өмүрүнө жасалган кол салуулардан аман калган.

Бирде ал жетектеген өкмөт өлкөнүн чек ара коопсуздук күчтөрүнүн катуу козголоңун токтотуп калууга жетишкен. Анда 57 офицер набыт болгон.

Хасина үч жолу жалпы шайлоодо жеңишке жетишкени менен добуш берүүнүн жыйынтыгы эл аралык коомчулуктун такай сынына кабылчу.

Адам укуктарынын бузулушу жана оппозициялык партияларга болгон кысым боюнча Хасинанын дарегине көп жолу сын айтылган, бирок ал бирине да кулак салган эмс.

Студенттердин нааразылык акциялары менен башталган соңку саясий кризис анын саясаттагы көп жылдык тажырыйбасын сынады.

Демонстрациялар бүт өлкөгө жайылып, оппозициялык партиялар студенттердин артына бирикти.

Бангладештин Жогорку соту талаштуу квота системасын жокко чыгарып, студенттердин негизги талабын аткарганы менен нааразычылык токтоп калган жок.

Июль айындагы күч түзүмдөрү менен митингчилер кагылышкан башаламандыктарда 200дөн ашык студент каза болду.

Августтун башында кайрадан тутанган өкмөткө каршы массалык кыймыл зомбулуктар менен коштолуп, жекшемби күнү эле 90дой адам өлдү.

Азиядагы диктатураларды изилдеген окумуштуу Мубашар Хусейн өлкөдөгү абал бир күндө пайда боло калган жок дейт.

"Эсиңизде болсун, сөз эркиндигинин индекси Орусиядан да төмөн болгон өлкө жөнүндө сөз болуп жатат”, – деди ал Би-Би-Си Бенгалга.

"Шейх Хасина жана анын партиясы боштондук күрөшүнүн духун кескин саясатташтырып, жылдан-жылга жарандарды добуш берүү укугунан ажыратышты. Анын диктатордук башкаруусу коомчулукту кыжырдантты. Тилекке каршы, ал эч качан бүтүндөй өлкөнүн премьер-министри болгон жок, бир ууч топтун гана премьери болду”.

Студенттердин талабы

Бангладеште студенттер июль айынан бери квота саясатына каршы нааразычылык акцияларды өткөрүп келишкен.

Шейх Хасина өкмөтү студенттердин агитациясынан кийин кээ бир квоталарды кыскартканы менен студенттер зордук-зомбулуктун уланып жатканына байланыштуу августтун башында кайрадан демонстрацияга чыгышты.

Өкмөттүн демонстрацияларды күч менен басуу аракетинен эч кандай майнап чыккан жок.

Акыр аягында Шейх Хасина кызматтан чегинип, өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болду.

1971-жылы Пакистандан көз карандысыздык алуу үчүн согушка катышкан бангладештиктердин балдарына мыйзам менен көп артыкчылык берилген.

Мамлекеттик кызматтардагы жумуш орундардын үчтөн бири алардын балдарына бөлүнгөн.

Бул квота түзүмүнө каршы болгондор июль айынан бери митинг өткөрүп келишкен. Студенттер бул система дискриминация экенин айтышып, мамлекеттик кызматтарга татыктуулар келиши керектигин талап кылышкан болчу. (SA)