Криптобанк түзүү: пайдасы жана тобокелдиктери
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын Министрлер кабинети криптобанк түзүүнү сунуштап жатат. Муну менен алар бул тармактагы укуктук базаны чыңдоону, колдонуучулардын коопсуздугун камсыздоону көздөп жатканын айтышууда. Ошондой эле салыктык кирешелерди көбөйтүүгө жана чет элдик инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт деп дагы ишендирүүдө. Бирок айрым эксперттер криптобанксыз эле Кыргызстанда виртуалдык активдерди жүгүртүү турукташып келе жатканын айтып, муну менен салык кирешесин көбөйтөбүз дегенден күмөн санап жатышат.
Демилгечилердин айтымында, соңку жылдары жарандардын жана компаниялардын криптовалюталарга болгон кызыгуусу өсүп жаткандыгы байкалууда. Криптобанк түзүү бул багыттагы ишмердүүлүктү мыйзамдаштырууга жана тартипке келтирүүгө шарт түзөт.
Бул финансылык мекемелер тиешелүү лицензияны алуу менен виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды көрсөтүп, криптовалюталарды салттуу финансылык системага интеграциялоого мүмкүнчүлүк алышат.
"Криптобанк жарандардын жана бизнестин криптовалюталар менен коопсуз жана ыңгайлуу соода-сатык кылуусун камсыздайт, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет",- деп айтылат документте.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Эксперт Кубат Рахимовдун айтымында, криптобанкты мыкты башкаруу жана көзөмөлдөө аркылуу таасирдүү натыйжага жетсе болот.
Атүгүл Кыргызстандын коңшу Казакстан менен Өзбекстанды басып өтүп аймактагы крипто индустрияны өнүктүрүү боюнча лидерге айланууга мүмкүнчүлүгү бар.
Бирок сунушталып жаткан долбоордо керектүү маалыматтар толук камтылбаганын, суроо жараткан жагдайлар арбын экенин кошумчалады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Мындай шартта криптобанк түзүү Кыргызстан үчүн канчалык пайдалуу болоорун айтуу кыйын. Башкача айтканда, жаңы криптобанктарды ким көзөмөлдөйт? Улуттук банк, Мамлекеттик финансылык көзөмөл органы же үчүнчү бир түзүм көзөмөлдөйбү? Бул менин эксперт катары биринчи суроом. Экинчиси, криптобанкка аудит кандай ыкма менен жүргүзүлөт? Банк тутумдарында жүргүзүлүүчү аудит бизге аздыр-көптүр түшүнүктүү, бирок крипто индустриясынын аудити таптакыр түшүнүксүз. Маселе криптобанктардын жакшы же жаман экендигинде эмес. Аны ким жана кандайча көзөмөлдөйт дегенде. Алар кандай операцияларды уюштурат? Алар канчалык ачык-айкын иш алып барат?",- деди эксперт.
Рахимов белгилегендей, Кыргызстан айрым бир жактардын жеке кызыкчылыгынын курмандыгына кабылып, терс финансылык агымдардын чордонунда айланып калбашы керек.
"Мындай окуядан соң өлкөнүн аброюн калыбына келтирүү өтө кыйын. "Азия-Универсал-Банк" иштеп турганда биз муну баштан өткөргөнбүз. Бүтүндөй бир өлкөнүн аброю чакан финансисттердин тобунан көз каранды болуп калганы кандай жагымсыз экенин билебиз. Мен "дос" катары сын айтып жатам",- деди Рахимов.
Ошондой эле ал эл аралык төлөмдөрдү криптовалюта аркылуу көп жүргүзүү олуттуу тобокелчиликтерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.
"Эмне үчүн? Анткени Кыргызстандын банк системасына күмөн саноо күч алат. Кыргызстан санкцияларды айланып өттү деген доого калышы мүмкүн. Бул өлкөнүн репутациясына жана финансы системасына зыян келтирет",- деди эксперт.
Салыкка жана инвестицияга таасири

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Рахимов Кыргызстанда криптобанктын түзүлүшү салыктын жана инвестициянын олуттуу агымын камсыз кылат деп ишенбейт.
"Жогоруда айткандай көзөмөлдүн жетишсиздигинен жана мыйзамдардагы мүчүлүштүктөрдөн улам криптобанктан жакшы салык жыйналат деп айтуу кыйын. Криптобанк ар дайым салык базасын башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Тилекке каршы бул чындык. Албетте, түзүлө турган банк миллиарддаган сом салык төлөсө кубанычта болом. Сөзүмдү артка алганга даярмын. Бирок күмөнүм чоң",- деди Рахимов.
Кубат Рахимов Кыргызстанда криптобанк түзүү аркылуу инвестиция тартуунун келечеги тууралуу пикирин билдирди. Ал инвестиция тартуу так жана структуралык стратегияны талап кыларын баса белгилеп, криптобанк экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө эмес, каржылык агымдарга көбүрөөк көңүл бура турганын кошумчалады.
"Криптобанк экономиканын реалдуу секторлоруна түз инвестиция тартуунун булагы эмес, эл аралык операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулат. Муну криптовалюта менен салттуу валютанын ортосундагы эл аралык аралык хаб деп атап койсо болот. Инвестиция тартуу деген эмнени билдирет? Кантип тартуу керек? Эгерде криптобанк атайын виртуалдык активдерди, мисалы, токендерди же баалуу кагаздарды чыгарса жана бул активдер Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн колдонулса, анда мындай идеяны колдойм. Бирок долбоордон андай нерсени көрбөй турам. Бул жерде каржы агымын тейлөөгө көбүрөөк басым жасалган",- деп кошумчалады эксперт.
Ассоциация эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы Кыргызстанда криптобанк түзүүнүн кажети жок деп эсептейт.
Алардын маалыматына караганда, Кыргызстандагы коммерциялык банктарда виртуалдык активдерди алмаштыруу, сактоо жана башка операцияларды жүргүзүү үчүн бардык зарыл механизмдер бар. Эң башкысы Улуттук банктын уруксаты болушу керек. Бул уруксат коммерциялык банктарга виртуалдык активдер менен иштөөгө расмий негиз берет.
Ассоциация жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулунун айтымында, колдонуудагы мыйзам виртуалдык активдер менен иштөөгө толук жол берет.
Бирок дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам санкциялардан коркуп бир дагы банк криптовалюталар менен ачык-айкын иштей элек.
"Виртуалдык активдин тескелип, текшериле турган төмөндөгүдөй негизги субъектилери бар. Биринчиси, жөнөкөй тил менен айтканда криптовалюталарды алмаштыруучу жайлар. Экинчиси, активдерди алып же сатууга платформа түзгөн биржалар. Үчүнчүсү, майнерлер жана токендерди чыгаруу. Мунун баары колдонуудагы мыйзамда каралган. Биз банк түзбөй эле коммерциялык банктар менен иш алып бара берсек эмнеге болбойт?",- деди ал.
Адилбек уулунун маалыматына караганда, криптобактын негизделиши буга чейин түптөлүп калган виртуалдык активдерди жеткирүү кызматынын (ПУВА) же криптовалюталарды алмаштыруу жайларынын санын азайтып, аларды жоюп жибериши ыктымал.
Ошондой эле мамлекет алардын уставдык капиталын жогорулатууну дагы көздөп жаткан болушу мүмкүн.
"Майда-чүйдө ПУВАлар жок болуп, бир калыпта иштеп келе жаткан рынок солгундап кетеби деген коркунуч бар. Биз изилдеп көрсөк мыйзам талаасында криптобанк деген түшүнүк жокко эсе экен. Маселен, Европа же башка өлкөлөрдө криптовалюталар менен иштеген, аларды тейлеген мекемелерди Crypto-friendly деп атап коюшат экен",- деди Шумкарбек Адилбек уулу.
Анын айтымында, Кыргызстанда криптобанк түзүлгөн учурда анын негизги милдети финансылык агымдарды башкарууда ишенимдүү жардамчы боло алышы керек.
Бул банк, биринчи кезекте, кардарлардын каражаттарын которуу жана алмаштыруу процессинде тоскоолдуктарды жоюшу шарт.
Ошондой эле, криптобанк чет өлкөлүк банктар менен ишенимдүү кызматташтык түзүп, коопсуздук чараларын камсыз кылуусу зарыл.
"Учурда Кыргызстанда 120га жакын ПУВА лицензия алды. Алардын 2024- жылдын жети айындагы акча жүгүртүүсү 4,5 млярд доллардан ашты. Демек бул тармакта рынок калыптанып калды дегенди түшүндүрөт",- деди ал.
Адистердин айтымында, дүйнөдө криптовалютанын саны жүздөп саналат. Эң эле кеңири тараган Bitcoin, Ethereum сыяктуу саналуу гана түрү бар.
Bitcoin - дүйнөгө кеңири тараган алгачкы криптовалюта. Аны мыйзамдуу төлөм каражаты катары кабыл алган өлкөлөр дагы бар.
Bitcoin адеп негизделгенде баасы бир нече цент болсо, 2021-жылдын ноябрь айында анын долларга болгон курсу 67 миңден ашкан. 2024-жылдын декабрында Биткойн баасы биринчи жолу 100 миң доллардан ашты. Криптовалюта тармагында аны XXI кылымдын алтыны деп дагы атап келишет.
Бирок криптовалютанын баары эле Bitcoin эмес. Учурда сунушталып жаткан криптовалюталардын түрү көп. Эгер Bitcoin криптовалюталардын доллары десек, жаңыдан пайда боло калып жаткан криптовалюталардын көбүн курсу туруксуз, сатып алганга тобокелдүү, жаңы пайда болуп жаткан өлкөлөрдүн валютасы катары караса болот.












