"Чыбык менен айдап алдыңар". Шиши толгон соттор кызматынан кол жууду

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Президент Садыр Жапаров ушул айдын башында кынтыксыз жүрүү талаптарын бузуп, жаманатты болгон бир катар судьяларды кызматтан алды. Бул бир жагынан соттордун дарегине эл тараптан айтылган сындарга президенттин көңүл буруп жатканын көрсөтөт. Экинчи жагынан эмне үчүн соттордо ээнбаштык көп болууда, аларга эмне жетишпейт деген суроолор чыгууда.

Президенттин жарлыгы менен кызматтан шыпырылган судьялар кээ бир аймактарда бирден болсо, кээ бир аймактарда экиден бар.

Бишкекте Октябрь райондук сотунун судьясы Сарыбаев Бакыт, Ысык-Көл облусунда Аксуу райондук сотунун судьясы Мойдунов Абдисалам, Ош облусунда Ноокат райондук сотунун судьясы Байзаков Нурлан, Чүй областында Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов кызматынан алынды. Ал эми Баткен областтык сотунан бир эле учурда үч судья - Замир Алыбаев, Жамангулов Жыргалбек, Алгожоев Замирбек кызматынан кол жууду. Свердлов райондук сотунун судьясы Адимов Акылбекти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилди.

Булардын арасынан Кыялбек Токтомаматов мурдагы аялынын мурду менен кулагын кескен зөөкүрдү пробация менен бошотуп жибергени үчүн кызматынан кетти. Ал эми Адимов Акылбек 20-октябрда баңгизат менен соода кылган бир эргулду пробация менен жеңил жаза берип, 1200 доллар пара менен кармалган.

Мынчалык көп судья кызматынан кол жууган быйылкыдай учур боло элек.

2022-жылы Соттор кеңешине түшкөн кайрылуу, даттануулардын негизинде 17 судья тартип жоопкерчилигине тартылып, мыйзам бузгандыгы үчүн эки судья кызматтан алынган. Эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурага макулдук берилген.

Соттор корпусунда тазалоо иштери ушуну менен басаңдабайт шекилдүү, анткени Жогорку Сот төрагасы Замирбек Базарбеков Соттор кеңешине кеминде 28-30 судьяны кызматтан алуу сунушу каралып атканын айтууда.

"Эң катаал чаралар көрүлөт"

Шиши толгон судьялар кызматтан алынгандан кийин Ош областында иш сапарда болгон Жогорку Сот төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү судьялар менен кеңешме өткөрүп, процессуалдык мыйзам бузууларга токтолду.

Судьялар тарабынан процессуалдык мыйзамдардын талаптарын одоно бузуунун айрым фактыларын баса белгилеген төрага мыйзам бузууларды жоюу жана мыйзам талаптарын так сактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Замирбек Базарбеков судьяларды калыс болгула, пара албагыла, мыйзам бузбагыла деп барган жеринин баарында айтып эле жатат.

Андан мурда Жалал-Абадка барган учурда дагы мамлекет соттордун материалдык-техникалык базасын чыңдап, жаңы имарарттарды куруп, судьялардын эмгек акысын көтөрүп жатканын да баса белгилеп айтып кетти.

Жогорку Сот төрагасы бул темада сөздөн качпай, талкууларга катышып, арадай жерде чарадай коомчулукка түшүндүрмө берип жатканын айтып коюу керек.

"Соттор көз каранды болбосун деп биринчи этапта президенттин колдоосу менен эмгек акыларын көбөйтүлдү. Пара алганга кызыкпасын деп. Ошол эле учурда соттор арасында майда тыйын-тыпырга азгырылып пара алып жаткандар бар. Аны моюнга алышыбыз керек",-деди Замирбек Базарбеков Биринчи радиодо түз байланыш убагында.

"Маянасын канчалык көбөйтсөн дагы ачкөз адам баары бир болбойт экен да. Демек, биз алардан тез арада арылышыбыз керек".

Төраганын айтымында сот реформасынын экинчи этабында ротация ишке ашат: "Ротацияны эмне себептен кылып атабыз, анткени көпчүлүк сотторубуз өзүнүн туулап өскөн район-областтарында иштеп калышыптыр. Же болбосо, бир жерде он жыл, жыйырма жыл иштеп калгандар бар. Ошол себептүү туугандашып таанышып, элдин нааразылыгын туудуруп жатат. Ротация сот реформасынын чоң багыты. Ошону эске алып президентибиз жер-жерлерде турак-жайларды куруп, балдарды бакчага, мектепке орноштуруп берип жатат".

Сот реформасынын эң маанилүү болгон үчүнчү этабы - сот чечимдеринин сапатын көтөрүү. "Бул оңой-олтоң маселе эмес, бир-эки жылда боло турган иш эмес. Бул үчүн талыкпай күрөшүп иштешибиз керек".

Зөөкүрлөрдү куткарган пробация

Соттордун нааразылык туудурган чечимдеринин бир себеби зөөкүр кылмышкерлердин пробация менен кутулуп кетип жатканында болууда.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев жашы жете электерди зордуктоо боюнча соттолгон 88 адам пробация боюнча кутулуп кеткенин билдирген.

"Азыр шок болосуңар. Жогорку Соттун пробация департаментинин маалыматы боюнча 2022-жылдан бери 88 адам пробация менен бошотулган. Эки жылда "зордуктоо" беренеси боюнча жүздөн ашык адам бошотулган. Алар өспүрүмдөрдү зордуктагандар. Бошоп кеткен зөөкүрлөр жабыр тарткандарга кайра барып, кайра зордуктаган учурлар болгон. Биз зордуктоонун жазасын күчөтүшүбүз керек, пробация мындай учурларга иштебеш керек. Парламент экинчи жана үчүнчү окуудан ушул күчөтүүлөрдү кабыл алат деп үмүттөнөм",-деген Акаев.

“Соттор ушундай жылчыкчаларды таап алган. 16 жашка чыга элек балдарды зордуктаган кылмышкер, мыкаачыларга пробация иштебеши керек. Алар түрмөдө жазасын тартышы керек”, - деди депутат.

Бишкектин жанындагы Селекция айылында 36 жаштагы келинди бычактаган күйөөсүнө зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон, бирок аны сот пробация менен бошотуп жибергени коомчулукта абдан резонанстуу окуя болуп, көп нааразылык туудурду.

Жогорку Сот төрагасы өз кезегинде муну мыйзамдын кемчилиги деп атап, аны өзгөртүүгө парламентти чакырууда.

"Мыйзамдын өзүн өзгөртүш керек. Зордуктоо кылмыш иши боюнча пробацияны колдонсо болот деп мыйзам кабыл алынып калган. Жалаң эле зордуктоо эмес, мындан башка да кылмыш иштери бар, ошолордун баарына пробация колдонулат деп. Ошондуктан парламент өзү да моюнга алып атат, өзгөртүш керек. Мыйзам дайыма өзгөрүп толукталып турат. Мыйзамды өзгөртпөсө, мыйзамды бурмалаган сотторго кудай берет, жеңилдетүүчү жагдайларын көбүрөөк көрсөтүп, оорлотуучу жагдайларын көрсөтүп, ушундай мыйзамсыз иштерге барып жатышат".

Бишкек шаардык сотунда судья "Жыныстык мүнөздөгү зордук аракеттер" менен соттолгон бир зөөкүрдү "развратные дейстивия" деп которуп актап койгону тууралуу да арыз бар. Президентке да, башкы прокурорго да кайрылуу болгон экен.

"Айдап алдыңар"

Бир жыл мурда Бишкекте болгон биринчи элдик курултайда сот реформасы тескери багытка кеткенин айтып сынга алгандар болгон эле.

"Чыбык менен айдап алдыңар сот органдарын да. Мыйзам тетири жолго кетип баратат. Азыр камакта жаткан активисттердин көбү сиз түрмөдө жатканда чырылдап атып сизди чыгарткан. Азыркы күндө мыйзамды сыйлабай камап койдуңар. Күлүп отурат сиздин жан-жөкөрлөрүңүз. Алар үч президентти каякка жибергенин жакшы билесиз. Сизди да жарга такады", - деген делегаттардын бири Батырбек Исмаилов.

Азыр сот реформасы тууралуу сөз болгондо бийликтин бир колго топтолгон кырдаалын да эске алуу керек. Сотторго нааразылык күчөп жатканы алардын күң карама абалынын кейиштүү натыйжасы дейт укук боюнча адис Таттыбүбү Эргешбаева.

"Буларга биринчи буйрук берип, чечим кабыл алдыртышат. Чечимдери жакпай калса, соттор күнөөлүү деп жумуштан кетирип жиберет. Авторитаризм өнүккөн өлкөда соттордун тенденциясы ушундай болот. Сот бийлигине көз каранды эместик бергиле деп жүз жолу айттык, бирок андай болбой атпайбы. Өлкөнү президент башкарып жатат, соттор үчүн да чечимди президент кабыл алып жатат. Анан, албетте, ушундай болот".