You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Байдын баласы бошоп, кедей баласы кесилген заман"
Кыргызстанда сот акыйкаттыгынын тажрыйбасына жарандык коомдун мониторингин күчөтүүнү максат кылган долбоор ишин баштады. Жарандык мониторинг сот системасын адилеттүү жана гумандуу кылууга маанилүү курал экени Бишкекте болгон конференцияда айтылды.
Долбоордун максаты сот акыйкаттыгына жарандык коомдун мониторинг жүргүзүү потенциалын күчөтүү. Мониторинг маалыматтарды чогултуу, салыштыруу, талдоо жана сунуш берүү стадиялары менен өтөт.
“Мониторинг адам укуктарынын кандай сакталып жатканын же кандай бузулуп атканын көрсөтөт”,-деди "Юристтер адам укуктары үчүн" коомдук фондусунун башчысы Асель Койлубаева.
Кыргызстандагы прокуратура жана сот органдарынын ишине Акыйкатчынын кызматкерлери мүмкүнчүлүгү жетишинче мониторинг жүргүзүп келатат. Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын айтымында, сот жана укук коргоо органдарынын ишинде ээнбаштык көп жылдардан бери көбөйбөсө, азая элек.
“Мамлекет жыл сайын канча реформа жүргүзүп келатат, бирок жыйынтык болбой атпайбы, элге пайдалуу реформа жүргөн жок. Элдин укугу чектелип, адилетсиз чечимдер чыгып атат. Коррупция күчөп атат. Байдын баласы бошосо, кедейдин баласын камап атышат. Кичинекей балдарды зордуктагандар эркиндикте жүрөт, ал эми өз оюн айтып койгон активисттер камакта”, - дейт акыйкатчы Атыр Абдрахматова.
Кыргызстанда эгемендиктин отуз жылдан ашуун мезгили ичинде соттордун реформасы тынбай жүрүп келатат, бирок оңолгон түрү жок. Кимде бийлик болсо, кимде байлык болсо, сот ошонун сөзүн аткарат, оң таанышы жоктордун укугун карабайт дешет. Коррупцияга баткан соттор, акыйкаттыктын эмес, өкүмзордуктун камчысына айлангандыктан өлкөдө үч жолу бийлик алмашып революция болду, бирок соттор кайсы бийлик келсе, ошонун кол баласына айланып кетүүдө.
Башкасын айтпаганда да, тергөө соттору практикада өзүн актаган жок деген доомат көп. Алар прокурордун айтканынан чыкпай, баарын эле камакка чечим чыгарып жатканы көп нааразылыктын башы. Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өзү дагы тергөө сотторунун ишиндеги кемчиликтерди моюнга алды.
Президент Садыр Жапаров жакында эле Кыргызстандагы мурдагы экс-президенттерин элдештирип, улуттук жарашуу, биримдик жөнүндө айтып жаткан чакта камактагы саясатчылар менен активисттердин окуясы үчүн бийликке катуу сын айтылууда.
"Кемпир-Абад" суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы болгон саясатчылар менен жарандык активисттер 23-октябрда массалык тополоң чыгаруу аракетине айыпталып кармалган. Кармалгандар баардыгы 26 адам. Арасында бешөө аял, анын ичинде жашы жетимиштен ашып калганы да бар.
Алар ээнбаштык менен камоолор болду деп бийликти "саясий репрессияларга" айыптап, бир топ күн бою ачкачылык жарыялашты. Ачкачылыктан алсыраган экөөнүн ден соолугу бузулуп, үй камагына чыгарылды.
Андан бери сот калгандарынын абактагы мөөнөтүн улам узартып жатат. Ошол эле убакта алар эч кандай тергөө иштери жүрбөгөнүн, бийлик тараптан жөн гана ээнбаштык менен камоолор жүрүп жатканын айтып, коомчулукка жана эл аралык уюмдарга арызданышууда.
Укук коргоочулар бийлик активисттерди камоого эч кандай мыйзамдык негиз болгон эмес деп, эми камап алгандан кийин алардын кылмышына далил чогултуу менен убара болуп, тергөө иштери создугуп кеткенин айтууда.
"Тилекке каршы, ушундай көп болуп жатат. Укук коргоо органдары жапырт баарын камакка алуу деген тажрыйбасынан баш тартыш керек деп жатабыз",-деди Атыр Абдрахматова.
Жактоочулары бул активисттерди камакта кармоого эч кандай мыйзамдык негиз жок деп кайрылып, ошондуктан аларды кыйнабай үй камагына чыгарууну кайра-кайра өтүнүп жатышат. Бирок алардын жүйөсүнө бийлик кулак салган жок.
Ошондуктан, "Кемпир-Абад" окуясында массалык тополоң чыгарып бийликти күч менен алууга айыпталган бул саясатчылардын иши акыйкат каралып бүтмөйүнчө, кечиримдүүлүк, саясий ынтымак жөнүндө президенттин кайрылуусундагы сөздөрүнүн мааниси суу кечпей калат деген билдирүүлөр болууда.
"Стабилдүүлүк, мыйзамдуулук - негизги милдетим"
Укук коргоо органдары өз кезегинде баары мыйзам чегинде экенин айтууда. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде аша чапкан аракеттерге мыйзамдуу чаралар болуп жатканын билдирген:
"Туура ишти дагы бүлдүрөбүз, бар ишти дагы жок кылабыз деп туура жолду дагы бузуп салгысы келген аракеттерге, провокаторлорго биз мыйзамдын чегинде чечимдерди кабыл алабыз, чараларды көрөбүз. Мурда эмне үчүн тополоң болуп келген? Эмне үчүн үч-төрт жолу бийликти басып алуу аракети болду? Себеби, убагында чаралар көрүлгөн эмес. Чара көрө турган адамдар мамлекеттин тынчтыгын, эркиндигин, стабилдүүлүгүн сактай турган адамдардын өздөрү туура эмес жолго түшүп алып, мамлекеттин стабилдүүлүгү сакталбай келген. Эми андай болбойт. Менин кызматым өлкөнүн стабилдүүлүгүн сактоо, мамлекетте тынчтыкты орнотуу, мыйзамдуулукту сактоо негизги милдетим болот. Президентибиздин тапшырмасын так жана эл үчүн аткарабыз".
World Justice Project эл аралык уюму Кыргызстанды мыйзам үстөмдүгү боюнча рейтингде жүзүнчү орунга коюлуп, аябай эле артка кетти. Аталган рейтинг сегиз категория боюнча түзүлөт - анын ичинде "адамдардын негизги укуктарынын сакталышы" деген критерий да бар. Мындан жети жыл мурун Кыргызстан 74-орунда болчу. (КС)