"Убакыт бүтүп баратат". Трамп Иранды жаңы соккулар менен коркутууда

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-би-си

АКШ президенти Дональд Трамп эгер Иран өзөктүк макулдашууга барбаса, Тегеренга жаңы соккулар уруларын эскертти. Иран бийлиги сүйлөшүүлөргө ачык экенин, бирок агрессияга жооп бере алышарын жооп кылды.

Трамп Иранды биринчи жолу коркутуп жаткан жери жок, ММКлар жазгандай ал ушу тапта Иран боюнча акыркы чечимге келе элек, бирок ага кандай сокку урса болот варианттарды изилдеп жатат.

"Иран бардык тарапка тең жакшы боло турган ӨЗӨКТҮК КУРАЛГА ЖОЛ ЖОК деген адилет жана тең укуктуу макулдашуу боюнча "сүйлөшүүгө барат" деп үмүттөнөм", - деп жазды Трамп Truth Social баракчасына.

2018-жылы Трамп өзүнүн биринчи президенттик мөөнөтүнүн тушунда Ирандын өзөктүк программасы тууралуу макулдашуудан чыгарын жар салып, өлкөгө санкцияларды киргизген.

Шаршемби күнү Трамп Иранга "чоң армада" жакындап келе жатканын айтып: "Бул Венесуэлага жөнөтүлгөндөн чоңураак "Авраам Линкольн" учак конуучу кемеси жетектеген флот"- деп кошумчалаган.

Ирандын жээктерине жакын Персид булуңуна чын эле америкалык учак ташыган топ жакындап келди. Азырынча, Трамптын коркутуулары ишке ашабы же жокпу белгисиз, бирок аскерий эксперттердин баамында сокку уруу үчүн керектүү күч топтолду.

АКШ былтыр июнда Иран менен Израилдин 12 күнгө созулган согушу маалында Ирандын өзөктүк объектилерине соккулар урган. Трамп анда Ирандын өзөктүк программасы жок кылынганын айткан эле.

Иранды январда өкмөткө каршы нааразылык акциялары катуу чайпады. Трамп демонстранттарды күч менен басууга каршы аскердик күчтү колдонорун эскертип, бирок ага барган жок. Азыр ал нааразылык акциялары тууралуу эчтеке дебеди, үч жума мурун эле демонстранттарды күрөштү улантууга чакырып, "жардам жолдо келе жатканын" айтып жаткан эле.

Анын айтымында, эгер Иран келишимге баруудан баш тартса, ага карата жаңы сокку АКШ былтыр израил-иран 12 күндүк согуш маалында жасалган сокуудан "алда канча жаман" болот.

ММКлар жазгандай, Трамп Иранга кантип сокку урса болору тууралуу ар кандай варинттарды изилдеп жаткан кези.

CNN менен Reuters каралып жаткан опциялардын арасында - демонстранттардын өлүмүнө жоопкер делип жаткан Ислам республикасынын жетекчилигин жана коопсуздук күчтөрүн бутага алуу жана өзөктүк объектилер менен өкмөттүк мекемелерге сокку уруу каралып жатат.

Өздүк булактарына таянып ММКлар жазгандай, Трамп мурункуга караганда азыр анда Иранга сокку урганга мүмкүнчүлүк кенен деп эсептеп жатат, бул жакынкы чыгыш регионуна жылып келген учак ташуучу кеменин эсебинен мүмкүн болчудай болуп турат.

Америкалык соккуга Иран жооп болорун убадалады. Ирандын жогорку лидеринин кеңешчиси Али Шамханинин айтымында, жооп АКШ менен Израилге эле жолдонбой, алардын агрессиясын колдогон баарына берилет.

2015-жылдагы өзөктүк келишим

Ирандын ядердик программасы боюнча келишими бул - Бирдиктүү комплекстүү аракеттердин планы, ал 2015-жылы кабыл алынып, ага ылайык Ирандан БУУнун санкцияларын алуу каралат, бул үчүн Иран өзөктүк программасын чектемек. Анда Иран менен дээрлик үч жыл бою БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги туруктуу беш өкүл - Британия, Франция, Германия, АКШ, Кытай жана Орусия сүйлөшүүлөр өткөрүп отуруп макулдашуу жетишилген.

2019-жылы Иран ал келишимден, АКШнын ага чейин бир жыл мурун чыгып кеткенине жооп кылып, чыгып кеткен.

Иран андан кийин өзөктүк программасын бир топ кеңейтип, бул эл аралык коомчулуктун тынчын ала баштаган. Иран МАГАТЭ инспекторлорун өлкөдөн чыгарып, 440 килограммдык байытылган урандын кайдан келгенин түшүндүрүүдөн баш тарткан. Мынча көлөмдө уран менен кеминде 10 өзөктүк аскердик дүрмөт жасоого болот.