You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жеке менчикпи же мамлекеттикпи? Автомектептердин арасат абалы
Кыргызстанда жеке менчик автомектептердин жабылуусуна байланышкан маселенин тегерегиндеги талаш күчөдү. Бул маселени 28-январда парламентте бир канча депутат көтөрдү. Бийлик айдоочулук күбөлүк алууга окуткан жеке менчик автомектептерди жаап, ордуна мамлекеттик мекемелерди ачуу жана окуу мөөнөтүн 10-12 айга узартуу чечимин кабыл алган. Автомектептердин ээлери бул туура эмес чечим болгонун айтып жатышат.
Президент Садыр Жапаров 28-январда "Кабар" улуттук агенттигине маек куруп, бул тармакта реформа жасоого өзү тапшырма бергенин айтты. Реформанын максаты жеке менчик автомектептердин мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечимин коррупциялык схемаларды токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу деп түшүндүрдү.
Садыр Жапаров жеке автомектептер буга чейин айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыктар болбогондуктан, билим сапаты начар болуп келгенин белгиледи.
"Алды 10-15 жолудан тапшырып, кайра кулаган фактылар бар. Эмне себептен? Себеби жетиштүү билим берип үйрөткөн эмес, кызыкдар дагы эмес болушкан. Жеке автомектептерге кардарлардын көп болушу гана маанилүү болгон", - деди президент.
Мамлекет башчы менчик автомектептерге буга чейин алдын ала эскертүү берилгенин, лицензиялар токтотулары айтылганын кошумчалады.
"Биз аларга алдын ала эле эскерткенбиз. 2026-жылдан кийин жеке мектептерге лицензиялар токтотуларын, бул тармакты реформа кылыш керектигин айтканбыз. Бирок көпчүлүгү баягы эле жол менен иштей берди. Алар үчүн керек болсо 10 күн окутуп, сертификат бере калуу пайдалуу. Анткени чөнтөктөрүнө акча түшүп турат, ал эми айдоочуну даярдоо жоопкерчилиги экинчи планда калган. Мындай жоопкерчиликсиз мамиле менен бул тармакты калтырууга болбойт. Бирок жеке автомектептерде иштеген адистерди жумушсуз калтырбайбыз, аларды мамлекеттик автомектептерге жумушка кабыл алабыз",-деди Жапаров.
Президент мамлекеттик автомектептерде керектүү шарттар түзүлүп, заманбап окуу базасы, жаңыланган техника, квалификациялуу адистер болорун билдирди. Ошондой эле окутуунун баасы азыр эсептелип жатканын, "Жүз миң экен, жүз элүү миң" деген маалыматтар так эмес экенин айтты.
Ал арада президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн фейсбук баракчасына жеке автомектептин ээлери интернетте жалган маалымат таратып келгенин, окутуунун баасы 19 000 сом болорун жазды.
"Азыр эле окутуунун баасы боюнча 19 миң сом болуп расмий чечим кабыл алынды, ал эми практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрөт. Бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан. Жеке автомектептерде окуунун жана практикалардын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу экен", - деди Орунбеков.
Кыргызстандагы жеке автомектердин ээлери 23-январда айдоочуларды кабыл алган бирдиктүү электрондук база жабылып калып, иши толугу менен токтоп калганына байланыштуу нааразылыктарын айтып чыгышкан. Алар 26-27-январь күндөрү Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун борбордук аппаратына барып, түшүндүрмө талап кылышкан. Айрымдары шейшембиде кечке маал депутаттар менен жолугуу үчүн Жогорку Кеңешке да барганы белгилүү болду.
"Он айлык окуу боюнча эч кандай жооп ала алган жокпуз. Он айлык окуу элдин талабына, мүмкүнчүлүгүнө туура келбеген нерсе экени, эмне үчүн мындай реформа чыгарганы тууралуу дагы эле жооп ала албай жатабыз", - деп билдирди 27-январдын кечинде жеке менчик автомектептердин биринин башчысы Медербек Тагайбек уулу.
Бул маселе 28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. Депутат Болот Ибрагимов сунушталып жаткан реформаларды сынга алып, айдоочулардын сапатына жеке автомектептер эмес, буга чейин аларга күбөлүк берип келген мекеме жооп бериши керек деген пикирин айтты.
"Ички иштер министрлиги 10–12 айлык окууну колдогондун ордуна, көп жылдар бою айдоочулук күбөлүктөр иш жүзүндө сатылып келгендиги үчүн элден кечирим сурашы керек", - деди ал.
Ибрагимов менен жолугууга бир күн мурун Бишкек шаарына өлкөнүн бардык аймактарынан автомектептердин өкүлдөрү - 100дөн ашык адам келишкен. Депутат алар менен болгон жолугушууга өзү катышканын, бирок тиешелүү органдын директору такыр эле келбей койгонун билдирди.
Ибрагимов ошондой эле жеке автомектептерди жабууга жана айдоочуларды окутууну, күбөлүк берүүнү толугу менен мамлекеттин монополиясына өткөрүүгө каршы экенин билдирди. Анын айтымында, мындай кадам коомдогу нааразычылыкты күчөтүп, мамлекеттик органдарга болгон терс мамилени жаратат.
Депутат Кундузбек Сулайманов да окуу мөөнөттөрүн узартууга каршы чыгып, бул маселени парламентте шашылыш түрдө кароо зарылдыгын билдирди.
Анын айтымында, мурда парламент 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүү чечимин кабыл алган жана мындай өзгөрүүлөр президенттин катышуусу менен Жогорку Кеңеш аркылуу өткөн.
"Айдоочуларды окутуу маселесинде окуу мөөнөтү 10 айга, айрым сунуштарда 14 айга чейин узартылганы кайсы негизде жасалганы түшүнүксүз. Бул туура эмес иштерге президентти да аралаштырып коюшту", — деп белгиледи ал.
Сулаймановдун пикиринде, мындай чаралар жарандардын укуктарына доо кетирип, коомдук чыңалууну жаратат.
Ошондой эле эл өкүлдөрү Дастан Бекешев жана Улукбек Карыбек уулу дагы он айлык окуу системасына каршы экенин билдирип, бул боюнча парламенттик угуу болушу керектигин айтышты.