"Гимн эркин, тойлордо да ырдай тургандай болушу керек". Жаңы гимн жазууга кайра сынак уюштурулат

Кыргызстанда мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча сынак уланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбек уулу айтты. Бир күн мурда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети тандалган үч гимнди угуп чыгып, талкуусуз артка кайтарышкан. Эл арасында мамлекеттик символдорду өзгөртүүгө каршылар да бар.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбек уулу 28-январда парламенттеги жыйында буга чейинки сынакта тандалган гимндин варианттары профилдик комитетте четке кагылганынын себебин түшүндүрдү.

"Кечээ биздин парламенттин комитетинде мамлекеттик гимн боюнча маселе каралып, артка кайтарылды. Анткени, биз, ошол комитеттин мүчөлөрү менен бирге гимндин тексттин окуп, музыкасын да уктук. Бирок, тилекке каршы, биз ойлогондой татыктуу гимн жазылган эмес. Андыктан биз комитетте эле артка кайтаруу боюнча чечим кабыл алдык. Биздин максат эптеп эле бүгүнкү ырдалып жаткан гимнди өзгөртүү эмес. Жети жашар баладан 70-80деги карыга чейин баары гимнди эркин ырдай алышы керек жана текст дагы ошого ылайыктуу жазылышы зарыл деген максаттабыз. Мен гимн жаза турган жана кийинки сынакка катыша тургандарга айтып койот элем: Баары марш түрүндө жазылып калган, а маршты баары ырдай албайт, ошон үчүн эркин болушу керек. Жанагы "Кыргыз жерине" окшогон, "Мекеним мейкинге" окшогон, музыкасы дагы эркин жазылышы керек. Биз баягы советтик стилден кетишибиз керек. Өзүңүздөрдү убара кылбай, эркин жазсаңыздар. Жеке эле мамлекеттик, саясий иш-чараларда эмес, ар кандай мааракелерде, тойлордо да ырдай тургандай гимн болушу керек. Биздин максатыбыз ошол", - деген Нурлан Тургунбек уулу сынак уланарын кошумчалады.

Электен өтпөгөн сунуштар

Узак убакытка созулган сынактын жыйынтыгында гимндин эң мыкты делген үч варианты 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин сынына коюлду. Бирок эл өкүлдөрү гимндерди угуп чыгып, талкуусуз артка кайтарышкан.

Мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү Сыртбай Мусаев дагы элдин духун ойготкудай сунуштар түшпөй калганын, купулуна толук толбой калганын билдирди.

"Гимнди угуп жатканда денең дүркүрөп туруш керек. Мурдагы гимн өзүнүн кызматын кылып бүттү. Бүгүн биздин мамлекет башка деңгээлде. Бет алган жагы бийик. Ошого жараша музыка болушу керек. Мага көптөгөн текст жаккан жок. Бизде акын калбай калдыбы деп дагы сурадым. Гимн жазганга өзгөчө талант керек".

Жаш акын Улукбек Омокеев жакшы гимн жазылбаса, анын өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт. Ал бул тууралуу Фейсбук баракчасына жазган:

"Гимн тагдырды айтыш керек, Гимн ички сезимдериңди козгоп, керек болсо көзгө жаш алдырат. Гимн акын менен композитордун жүрөгүнөн сызылып чыгып, жүрөктөрдү аралап кетсе гана гимн болот. Паланча миллион сомго жазылган гимн гимн эмес. Түркиянын "Эгемендик маршын" жазган акын Мехмет Акив Эрсой калем акы алган эмес, акчасын кайрымдуулукка өткөрүп салган. Гимн доор алмашса, эл тагдыры таразага коюлса, тарыхый бурулуш болсо, өзү эле алмашат, өзү жаралат. Ага чейин азыркы гимнди ырдап туруубуз керек деп эсептейм".

Былтыр февралдан бери жалпысынан жаңы гимнди жазуу учүн эки жолу сынак жарыяланган. Биринчисинде 703 сунуш түшкөн. Кийинки отурумда тексттер каралып чыгып, баары жараксыз деп табылган. Кийин кайра конкурс жарыяланган, жалпысынан 132 текст келип түшкөн.

Комитет отурумунда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдиргендей, былтыр 25-июлда гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссия бул тексттердин ичинен беш вариантты тандап алган. Ал тексттердин музыкасы үчүн кайра сынак жарыяланган. Андан соң аларга музыка жазуу боюнча өзүнчө конкурс жарыяланган. 25-сентябрда беш мыкты долбоор аныкталган. Эрежеге ылайык, эң көп добуш топтогон үч үлгү Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна таандык. Ал 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди баары оңой ырдагандай денгээлде болушу керектигин айткан.

Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдогон.

Эл арасында мамлекеттик символдорду өзгөртүүгө каршы чыккандар да арбын.

Кыргыз элинин мамлекеттик гимни 1992-жылдын 18-декабрында бекитилген. Бул символдун текстинин авторлору — Жалил Садыков жана Шабданбек Кулуев, ал эми музыкалык композициясын Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов иштеп чыгышкан.

Учурдагы бийлик 2023-жылы мамлекеттик туунун айрым элементтерине да өзгөртүү киргизген. Анда да бул чечимди сындагандар болгон.