Генералдардын кызматтан алынышы: Кытай согушка канчалык даяр?

    • Author, Стивен МакДонелл
    • Role, Кытай кабарчысы

Элдик-боштондук армиясындагы жогорку даражалуу кызматкерлердин арасы тынч эмес.

Дем алыш күндөрү Кытайдын алдыңкы генералы Чжаң Юксиянын жана дагы бир жогорку мансаптуу аскердик офицер Лу Чженлинин кызматтан алынышы менен өлкө ичиндеги элитанын бийлик үчүн күрөшүнө эмне түрткү бергени боюнча олуттуу суроолорду жаратты. Бул Кытайдын согуштук жөндөмүнө кандай таасир этет жана ал Тайванды күч менен тартып алабы же аймактагы ири жаңжалга аралашып калышы мүмкүнбү?

75 жаштагы Чжаң Борбордук аскердик кеңештин (БАК) төрага орун басары болгон. Аталган кеңешти өлкө башчысы Си Цзинпин жетекчилик кылган Коммунисттик партия көзөмөлдөйт.

Көбүнесе болжолдуу жети кишиден турган БАКта учурда эки эле мүчө калды. Алар: Си Цзинпин менен Чжаң Шеңмин.

Калгандары мурдагы кармоолордун толкунунан кийинки "антикоррупциялык" кысым учурунда камакка алынган.

БАК миллиондогон аскердик кызматкерди көзөмөлдөйт. Ал ушунчалык кудуреттүү болгондуктан Кытайды толугу менен башкарган Дэн Сяопин мекеменин төрагалыгын өзү жалгыз ээлеп турган.

Азия коомдук саясат институтунун өкүлү Лайл Морристин айтымында, Си Цзинпин менен БАКтын бир эле генералы калган учур мурда болгон эмес.

"Элдик боштондук армиясында дүрбөлөң түштү", – деди ал Би-Би-Сиге Кытай армиясында азыр "терең жетекчилик боштугу" жаралганын кошумчалап.

Көп генералдын кыскарышына эмне себеп болгону туурасында суроого ал төмөнкүчө жооп берди: "Азыр көп сөздөр жүрүп жатат. Учурда кайсы бири чын, кайсынысы калп экенин билбейбиз... бирок бул Си Цзинпин, анын жетекчилиги жана Элдик боштондук армиясын көзөмөлү үчүн жаман".

Сингапур улуттук университетинин профессору Чоң Жа Аян дагы генерал Чжаңдын кызматтан түшүшү жөнүндө так билбесин, бирок көптөгөн жоромолдор болуп жатканын айтат.

"АКШга өзөктүк сырларды жашырын айтуудан тартып мамлекеттик төңкөрүш жана ич ара тирештерге чейин сөздөр жүрүүдө. Ал тургай Бээжинде ок атышуу болгонун да айтып жатышат", – деди ал.

"Бирок Чжаң менен Лунун кызматтан алынышы менен катар башка одоно жоромолдор эки нерсеге ишарат кылат: Синин бийлиги бекем жана Бээжинде маалымат ашыкча чектелгендиктен аныксыздык өкүм сүрүп, мындай жоромолдорго май тамызууда".

Генералдар Чжаң менен Лу туурасындагы расмий билдирүүдө аларды "териштирип" жатканы жана "тартипти жана мыйзамды олуттуу түрдө бузуу" боюнча айып тагылганы айтылган. Бул эвфемизм коррупция үчүн колдонулат.

PLA Daily гезити өзүнүн редакциялык макаласында бул жөнүндө ачык жазып чыкты. Анда бул кадам "ким болбосун же кызматы канчалык бийик болбосун... коррупцияны жазалоо" боюнча Коммунисттик партиянын "көз жумбаган" мамилесин көрсөтөрү айтылат.

Бул генералдардын баарына каршы так кандай айыптар тагылганы ачыкка чыгарылган эмес, балким эч качан чыгарылбашы да ыктымал. Бирок иликтөөнүн фигуранттары катары алардын ысымы аталганы, бери эле дегенде, алар түрмөгө камалары жөнүндө кабар берет.

PLA Daily гезити Чжаң Юксия менен Лу Чженли жөнүндө кылмышкер катары сөз кыла баштаган болчу. Анда алар "Коммунисттик партиянын Борбордук комитенин ишенимине олуттуу түрдө доо кетиргени" жана ошондой эле "Борбордук аскердик кеңештин аброюна шек келтиргени" айтылган.

Генералдардын артынан түшүү коррупцияга байланыштуу болушу ыктымал, бирок мурдагы тазалоолордун кантип бүткөнүн эске алганда бул бийлик саясатына тийиштүү да болушу мүмкүн.

Си Цзинпин бийликке келгенде Кытайда ачык эле коррупция маселеси бар болчу. Бирок аны антикоррупциялык саясатты пайдалануу менен, саясий атаандаштарын же өкмөттөгү лоялдуу болбогондорду жок кылууга айыпташкан.

Бул башкатчы Си Цзинпинге болуп көрбөгөндөй бийликке ээ болуусуна алып келди. Мындай бийлик Маонун доорунан бери эч кимде болгон эмес.

Жетекчиликтин мындай формасы жакшы натыйжа бербеши мүмкүн. Мисалы, аскердеги күмөндүү кырдаал этияттык менен чечим кабыл алууга, ал тургай чечим кабыл алуунун алсыздашына алып келиши ыктымал.

Чжаң Юксиянын атасы Си Цзинпиндин атасы менен революцияда бирге үзөңгүлөш болгон. Генерал менен Си Цзинпинди көптөн берки мамилелери байланыштырып турат. Соңку убактардагы башаламандыктар башталганга чейин алар жакын үзөңгүлөш деп эсептелчү. Бул окуялар эч ким коопсуз эмес экенин көрсөтүп, кырдаалды курчутуп жиберди окшойт.

Ошондой эле ал Элдик-боштондук армиясынын саналуу улук офицерлеринин бири болчу. Согуштук тажрыйбасы бар генералдын кызматтан алынышы армия үчүн олуттуу жоготуу болуп калды.

Морристин айтымында, анын кетиши Си Цзинпин үчүн узак мөөнөттүү маселе жаратат.

Си Цзинпин өз бийлигин дагы бир жолу бекемдеген болушу мүмкүн, бирок төңкөрүш тирештин уланып жатканын билдирет, дейт ал.

"Бул Си Цзинпинге сөзсүз түрдө терс таасирин тийгизет. Менин оюмча, Си жана анын жетекчилерине байланыштуу Элдик-боштондук армиясында тиреш күчөйт. Айрыкча, алдыңкы жылдары Элдик-боштондук армиясында болот".

Улук генералдарды кызматтан алуу кийинки катмардагы офицерлердин үстүнөн көзөмөлдүн күчөшүнө да жол ачат. Аларда кийинки кезек кимде деген суроолор жаралып жатканы болушу мүмкүн. Жогорку кызматтагылардын тагдырын эске алганда, алар кызматтык тепкичтен көтөрүлүүнү көп деле эңсебеши ыктымал. Мындай кооптуу аймакта Синин антикоррупциялык саясатынын бутасына каалаган убакта түшүп калууң мүмкүн.

Мунун баары Бээжин Тайванга басымды күчөтүп жаткан шартта болуп жатат. Кытай өз алдынча башкарууга ээ аралды кайсы бир убакта толук кандуу кол салуу аркылуу тартып аларын айтып коркутуп келет.

Азыркы кызматтан алуулар мындай акыбалдын жаралышына канчалык деңгээлде жолтоо болуп-болбосуна талдоочулар баа беришет. Бирок айрымдардын оюнча, бул Бээжиндин дымагын ооздуктоого көп таасир этпейт.

"Тазалоолор Кытайдын Тайванды көзөмөлдөө дымагына таасир этпейт. Бул жалпысынан Кытай Коммунисттик партиясына жана айрыкча Си Цзинпинге тийиштүү", – деди профессор Чоң.

"Тазалоолор оперативдик чечимдер кабыл алынган тармакка таасир этиши мүмкүн. Алдыңкы аскердик адистерсиз же коркутууга кабылган аскердик адистерсиз Тайванга каршы кырдаалды курчутуу же агрессия жасоо чечимдери Сиден, анын тандоосунан жана ынтасынан көз каранды боло баштайт".

Би-Би-Синин журналисти Иветт Тандын кошумча репортажы