"Темпи жарабайт, салмактуу болуш керек". Гимндин үч варианты тең четке кагылды

Ак шумкар өңдүү канатчан,

Асманда сызып бараткан,

Азаттык сүйгөн элиме,

Асыл жер берген Жараткан.

Ардагым, ыйык мекеним,

Аманат сенсиң Манастан!

Узак убакытка созулган сынактын жыйынтыгында гимндин эң мыкты делген үч варианты Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин сынына коюлду. Эл өкүлдөрү гимндерди угуп чыгышты. Андан соң дээрлик талкуусуз артка кайтарышты.

"Акын калбай калдыбы деп сурадым"

Гимндин текстин жана музыкасын тандоо дагы узакка созулат көрүнөт. Тандалып алынган үч вариант депутаттар гана эмес музыка таануучулардын көңүлүнө да толбой калгандай. Музыка таануучу Чынар Үмөталиева гимндин музыкасын тажырыйбалуу компазиторлор жазышы керектигин, эмне үчүн эл арасында сынак жарыяланганын түшүнбөй калганын айтты:

"Насыр Давлесов, Калый Молдобасановдор гимндин музыкасын жазган. Азыр биз колдонуп жаткан гимн абдан сонун. Тексти да, обону да сонун. Эми мына бир жыл отурдук. Үч вариантты тартуулап жатабыз. Себеби башкалар такыр эле жакындаган жок. Жөн эле бир жеңил-желпи ырлар болду. Үч варианттын ичинен эң жакшысы Мураделинин обону болду. Ал 40-50 жылдары жазылган. Ошол бизге жакын болуп жатат. Бирок темпи жарабайт, темпи салмактуу болуш керек. Маршка жакындаш керек. Ал эми биринчи жана экинчи вариант такыр эле жарабайт. Бул бул массалык-патриоттук хор үчүн жазылган ырлар".

Мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү Сыртбай Мусаев дагы элдин духун ойготкудай сунуштар түшпөй калганын, купулуна толук толбой калганын билдирди.

"Гимнди угуп жатканда денең дүркүрөп туруш керек. Мурдагы гимн өзүнүн кызматын кылып бүттү. Бүгүн биздин мамлекет башка деңгээлде. Бет алган жагы бийик. Ошого жараша музыка болушу керек. Мага көптөгөн текст жаккан жок. Бизде акын калбай калдыбы деп дагы сурадым. Гимн жазганга өзгөчө талант керек. Эми үч варианттын ичинен "Жүрөгүм сенсиң, Кыргызстан" деген аталыштагы акыркы вариантты жактырдым".

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы Курманкул Зулушев адистердин пикирин уккан соң бул маселени талкуулабай эле кайра артка кайтаруу сунушун жактырып, аны добушка койду:

"Урматтуу кесиптештер, академик агайыбыз да тандалган долбоорлор толук купулуна толбогонун билдирип жатат. Сиздерге күч кубат берсин. Биз жүрөктү жылыта турган, укканда ар кандай ой келбей бир жакшы сезим кала турган гимнди жаратышыбыз керек. Эгер өзгөртө турган болсок".

"Жүрөгүм сенсиң, Кыргызстан", "Мекеним", "Кыргызстан". Гимндин тандалган варианттары

ЖҮРӨГҮМ СЕНСИҢ, КЫРГЫЗСТАН!

Ак шумкар өңдүү канатчан,

Асманда сызып бараткан,

Азаттык сүйгөн элиме,

Асыл жер берген Жараткан.

Ардагым, ыйык мекеним,

Аманат сенсиң Манастан!

Кайырма:

Кыргызстаным, Кыргызстаным,

Уча бер алыска!

Эскирбеген мезгил менен,

Аттандың улуу жарышка!

Дүңгүрөтүп дүйнөнү бүт,

Даңкыбыз калсын тарыхта!

Жалпы журт бийик тургузган,

Жарык нур тарайт туубуздан.

Тарыхы терең кең Мекен,

Такшалдың татаал турмуштан.

Жүгүрткөн канды мендеги,

Жүрөгүм сенсин, Кыргызстан!

Кайырма:

Ата Журт алтын бешигим,

Алоолойт сендик сезимим.

Кубаттуу түндүк алдына,

Курдуң сен достук сепилин.

Керемет алтын доордун,

Кең ачып кирдиң эшигин!

МЕКЕНИМ

Кылымдарда айкөл атын жоготпой,

Кыйын жолду басып өткөн тоготпой,

Мекенимдин атак-даңкын чыгарган,

Менин элим эрки бекем болоттой!

Кайырма:

Бийиктикке желбиретип тургузган,

Биримдиктин нуру тарайт туубуздан!

Сени менен ажырагыс бүтүнмүн,

Согуп турган жүрөгүмсүң, Кыргызстан!

Намыс менен сактап келген мурасты,

Наркым улуу бабаларым сыяктуу.

Мезгил менен тен жарышып өнүккөн,

Менин өлкөм эгемендүү, кубаттуу!

Кайырма:

Басып өттүң карт тарыхтын неченин,

Байлык-бактым өзүңдө деп сеземин.

Медеримсин, ыйыгымсың, даңкымсың,

Менин асыл, кут даарыган Мекеним!

Кыргызстан

Абалтадан көктө шаңшып канатчан,

Аба жиреп алга сызып бараткан,

Ак шумкардай менин эркин элиме,

Ажайып кооз жерди берген Жараткан!

Кайырма:

Бийиктикке желбиретип тургузган,

Биримдиктин нуру тарайт туубуздан!

Сени менен ажырагыс бүтүнмүн,

Согуп турган жүрөгүмсүн, Кыргызстан!

Куттуу өлкөм, ыйык журтум, бешигим,

Курдуң достук, ынтымактын сепилин.

Ала-Тоодой зор максатты артынып,

Алтын доордун ачып кирдин эшигин!

Кайырма:

Өмүр жолу "Манасына" камтылган,

Өз уңгусун сактап келген калкымдан,

Кыргызстаным, аманатсын урпакка,

Кең уядан келечекке талпынган!

Гимн үчүн жарыяланган сынакка 900дөй текст түшкөн

Былтыр февралдан бери жалпысынан жаңы гимнди жазуу учүн эки жолу сынак жарыяланган. Биринчисинде 703 сунуш түшкөн. Кийинки отурумда тексттер каралып чыгып, баары жараксыз деп табылган. Кийин кайра конкурс жарыяланган, жалпысынан 132 текст келип түшкөн.

Комитет отурумунда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдиргендей, былтыр 25-июлда гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссия бул тексттердин ичинен беш вариантты тандап алган. Ал тексттердин музыкасы үчүн кайра сынак жарыяланган. Андан соң аларга музыка жазуу боюнча өзүнчө конкурс жарыяланган. 25-сентябрда беш мыкты долбоор аныкталган. Эрежеге ылайык, эң көп добуш топтогон үч үлгү Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.

"Сынакты акыйкат жана таза өткөрүу үчүн автордун аты-жөнү көрсөтүлгөн жок. Ар бир долбоор шифрленген. Комиссиянын отуруму ачык-айкын өттү", -деди Мирбек Мамбеталиев.

Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна таандык. Ал 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди баары оңой ырдагандай денгээлде болушу керектигин айткан.

Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдогон.

Эл арасында мамлекеттик символдорду өзгөртүүгө каршы чыккандар да арбын.