You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кара тизмедемин, бирок Москвадан чыгып кете элекмин". Мигранттарды кыйнаган реестр
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
Коопсуздуктан улам макаладагы каармандардын аты өзгөртүлүп, жүзү көрсөтүлгөн жок.
Акыркы учурда Орусияда миграциялык көзөмөл күчөтүлүп, кыргызстандык эмгек мигранттарына коюлган талаптар алардын жашоосуна олуттуу таасирин тийгизүүдө. Былтыркы жылдан тарта миграциялык эрежелерди бузган чет өлкөлүк жарандарды орус өкмөтү атайын реестрге киргизип келет. Ага киргендер иштөөгө уруксаттан ажырап, ал тургай өлкөдөн чыгарылуу коркунучуна туш болууда. Көпчүлүк учурда мигранттар мындай тизмеге киргенин кеч билип, маселени өз убагында чечүүгө мүмкүнчүлүк албай калганын айтышат.
Реестрге түшүүгө эмне себеп болот?
Реестрге түшүп калуунун себеби миң түркүн дейт эмгек мигранттары. Буга "Амина" тиркемесин колдонуу эрежелери, өлкөдөн кирип-чыгуу шарттары же ички мыйзамдарды бузуу фактылары же эмгек келишимин аткаруудагы өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн.
Коопсуздугунан улам аты өзгөртүлгөн Аянанын жолдошу жакында эле реестрге кирип, кайра чыккан. Ал соңку жылдары мигранттарга карата кысым кескин күчөп, өлкөдөн депорртацияланып кеткен кыргыздар арбыды дейт.
"Реестр деген түшүнүк жок болчу. Мен турмушка чыгып, жети жылдан бери ушул жактамын. Менин жолдошум реестрге түшүп калган. Расмий иштейт, документтери жайында, медициналык кароодон өтүп турат. Анан реестрге эмне себептен түштү деп сурасак, "сен Кыргызстанга көп акча которгонсуң" деп айтышыптыр. Биз күзүндө мал алып, Кыргызстанга чоңураак өлчөмдөгү акча которгонбуз. Эмгек келишиминде айлыгы 150 миң деп жазылган да, а бул Кыргызстанга бир айда эле 400–500 миң которуп жибергенде, шек жаралды окшойт. Анан реестрден чыгайын деп барсаң, "алдын ала жазылып келгиле" дейт. Жазылуу үчүн орун жок, ачылбайт. ИИМдегилер болсо ансыз кабыл албайт. Быйыл негизи кыргыздарга кыйын эле болду. Депортация болгондор аябай көп"?- деди Аяна.
Мигранттарды көзөмөлдөгөн "Амина" тиркемеси
Москвада өткөн жылдын 1-сентябрында мигранттар үчүн "Амина" тиркемеси ишке кирген. Ал тиркеме аркылуу мигранттын геолокациясы боюнча маалымат Орусиянын Ички иштер министрлигине автоматтык түрдө берилет. Кыргызстандык Нурлан Айбашев аталган тиркемеге күн сайын кирип туруу керектигин айтат.
"Бул тиркемени күндө ачып, кирип туруш керек. Ага кириш үчүн VPN'ди өчүрүш керек, күйүп турса кирбейт. Менин аялым үйдө отуруп, унутуп калып, үч күн "Аминага" кирбей калыптыр. Эми ага "кызыл" жанып, "каттоодон алынды" (снято с учета) деп чыгып калды. Биз эми ИИМге барып, арыз калтырышыбыз керек. Анан көчөдөн баратсаң эле милиция токтотуп, "Аминаны" текшеришет. 3-4 күн мурда мени ошентип токтотушту эле, телефонумду ачып, баарын карашты. "Лалафого" окшогон керексиз тиркемелер болбосун деп өчүрүп салышты", - деди Нурлан Айбашев.
"Москвадан кетип, Англияга барабыз"
"Амина" тиркемесине төрт күн кирбей калган Венера Асанова азыр реестрде турат. Ал 2016-жылдан бери Москва шаарында үй-бүлөсү менен жашап, иштеп келген. Эми ал Англияга кетүүнү көздөп жатканын айтат.
"25-ноябрдан бери реестрде жүрөм, расмий 9-декабрдан бери деп турат. ИИМге кайрылуу кылып көрдүм. Ал жакка барып, себебин сурасам, "4 күн "Амина" тиркемесинде геолокацияң иштеген эмес экен, ошол үчүн сен реестрге түшүп калыптырсың" дешти. Мындан ары эмне болорун билбейм. Бирок күзгө барып, Кудай буйруса кетебиз. Англияга кетүүгө анкета толтуруп жатабыз. Эгер чакыруу келсе, марттан баштап ошол жакка кетебиз деген ойлорубуз бар", - деди Венера Асанова.
"Кара тизмедемин", бирок Кыргызстанга кетүүгө шарт жок"
Реестрге кирген соң, убагында документтерди ырастап, Орусиянын аймагында расмий эмгектене аларын көрсөтө албаган мигрант өлкөдөн чыгарылат. Бирок ага карабай, жумушун таштап кете албай жүргөн кыргызстандыктар да көп.
Бул тууралуу Нургүл (аты өзгөртүлдү) өзүнүн мисалында Би-Би-Сиге айтып берди:
"Бизди, кыргыз жарандарын 1-2 жылдан бери реестр, "кара тизме", миграциялык картанын артына мөөр деген нерселер абдан кыйнап жатат. Июнь айында мен "кара тизмеге" түшүп калдым. Мыйзам чегинде иш алып барайын деп, юрист жалдап, акча төлөп, сотко арыз жазганым менен, декабрь айында сот болуп, бирок чечилген жок. "Кара тизмеден" чыккан жокмун. 2027-жылга чейин мени "кара тизмеге" киргизип коюшту. Бирок мен Москвадан чыгып кете элекмин. Иштешим керек, дагы эле документтерим жок иштеп жүрөмүн. Мага окшогон мигранттар бул жакта толтура. Реестрден чыга албай жүргөндөр да көп. Реестрден чыккыча убакыт өтүп кетип, кайра тизмеге түшүп калгандар да бар. Москвага учуп келип, аэропорттогу текшерүүдөн өтө албай, кайра кайтып кеткендер андан көп. Ошого бийликтегилерден суранат элем: ушул Кыргызстандын жарандарына реестр, "кара тизме", мөөр деген маселелерди чечип берип койсоңуздар Себеби, азырынча биз Кыргызстанга барып иштегенге шартыбыз жок",- деди Нургүл.
Кыргыз бийлигинин аракети
Орусиядагы мигранттардын мындай маселелерге кабылып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Ахмедова өткөн аптада парламенттик жыйында көтөрүп, көйгөйдүн чечилишине өкмөт эле эмес, эл өкүлдөрү да көмөк көрсөтүшү керек деген пикирин айтты.
"Амина" тиркемеси аркылуу катталып, ИИМдин базасына түшөт. Бирок көп учурда болбогон майда себептер менен мекендештерибиз реестрге кирип калып, мыйзамсыз жүргөн адам катары катталып жатат. Реестрге түшкөн жарандар депортацияга кабылууда. Депортацияга алынгандарды Подмосковьедеги "Сахарово" борборуна алып барып, бир айга чейин кармап, оор жумуштарга иштетип, анан гана жөнөтүп жатышат. Мындан сырткары, документ жана каттоо иштерине азыр 70 миң рублга чейин акча кетип жатат. Кээ бир балдарыбыз бир-эки айлап кезек күтүп, жумушсуз калууда. Мунун баары мекендештерибиз үчүн чоң кыйынчылыктарды жаратып жатат. Ушул маселелерди эске алып, өкмөттөн Орусиядагы кыргыз мигранттары үчүн мыйзамдуу иштөө процессин жеңилдетүүнү, миграциялык карта, каттоо жана реестр маселесин көзөмөлгө алууну жана негизсиз депортация жана узак кезектерден коргоону суранып кетет элем", - деди Ахмедова.
26-январда депутат Улан Примов да мигранттардын көйгөйлөрүнө токтолуп, Кыргызстан менен Орусия бир экономикалык биримдикте болгондуктан кыргыз жарандарына жеңилдиктер берилиши зарыл экенин билдирди.
22-январда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москвада Орусиянын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматынын өкүлү менен жолукканы кабарланды. Анда ал кыргыз жарандарынын Орусияга кирип, жүрүшү жана жумушка орношуу маселелерин көтөрүп, көзөмөл реестрине кирип калган жарандарды Орусиядан чыгып кетүүнү талап кылбай туруп, реестрден чыгаруу жол-жобосун мыйзамдуу түрдө белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну орус тараптан өтүнгөнү айтылат.
Орус бийлиги эмне дейт?
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия менен Кыргызстан миграция тармагында эки өлкөнүн тең жарандарына ылайыктуу боло тургандай аракет кылышы керектигин айткан. Ал бул тууралуу 2025-жылы Кыргызстанга болгон сапарында "Номад ТВ" телеканалына маек берип жатып билдирген.
"Биз жарандарыбыз үчүн,Орусия Федерациясынын жарандары үчүн баары жайында болушун камсыз кылгандай иш-аракет кылышыбыз керек, ошондо бул маселенин айланасында болуп жаткан окуялар нааразычылык жаратпайт. Бирок ал үчүн бул жерде иштегиси келген Кыргызстандын жарандары да орус чөйрөсүндө жашоого, социалдык кепилдиктерден пайдаланууга жана башкаларга даяр болушу керек. Мунун баары кеңири, үзгүлтүксүз биргелешкен ишти талап кылат. ",-деген Путин.
Реестрден чыгуу үчүн пара бергендер бар
Атын атагысы келбеген Москвадагы дагы бир кыргызстандык реестрге өткөн жылы күзүндө түшүп калганы тууралуу билдирүү алган. Ал ИИМге арыз менен кайрылып, реестрден чыгуу аракетинен майнап чыкпай, аргасыз Орусиянын бул маселени караган тиешелүү кызматтарына пара берүү аркылуу гана чыга алган.
"Реестрден мен октябрдын башында чыктым. Менин документтеримдин баары жайында, салык төлөйм, эмгек келишимим бар, "мүмкүн болсо, реестрден чыгарып койгула" деп барсам, "ал жакка бар, бул жакка бар" деп, улам башка адистерге жөнөтүштү. Жыйынтыгында эч кимиси маселени чечип бере алган жок. Булар анткени акча каалап жатышкан. Айла жок, ошол жердеги тааныш-билишти ортого салып, пара бергенге мажбур болдум. Анан бул реестрге бир эле өзүм эмес, жада калса менин сегиз жаштагы балам да түштү. Аны мектептен чыгарабыз деген билдирүү келип, анан аргасыз пара берип, реестрден чыктык. Орусияда жүрүү акыркы убакта аябай кооптуу болуп баратат. Ошол себептен майда баламдын окуусу бүтсө, Кыргызстанга кайтканы жатабыз"- деди мигрант.
"Маселе өзүбүздө"
Анткени менен, маселе канчалык орчундуу болбосун, эмгек мигранттарынын өзүнүн жоопкерчилигине да байланыштуу дейт башка бир кыргызстандык. Анын айтымында, документ иштерин бүтүрүп алууга абдан эле көп убакыт берилген, андан соң узартылган, бирок көртирилик менен алышып, этибар албай жүргөн жарандар үчүн эми кырдаал оор.
"Документтериңерди толук алып, жакшынакай жүрсөңүздөр силерге эч ким эч нерсе дебейт. Милиция силерди тоссо деле, документтериңер жайында болсо, жөн эле кое берет. Эч ким эч нерсе кылалбайт. Көп жерден маселе биздин өзүбүздүн жоопкерчиликсиздигибизден болуп жатат. Анан эле абалыбыз оор деп даттанып, отуруп калып жатабыз. Жетишкен адамдар жетишип эле жатат. Убагында документтерин тууралап, убагында кезек алып, бардык мөөрлөрүн койдуруп алгандар деле бар, кудайга шүгүр."
15-январда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйын берип, Орусиянын миграциялык көзөмөл реестринде Кыргызстандын 34 786 жараны катталганын билдирген. Ал былтыр ноябрда бул тизмеде 128 миңдей кыргызстандык болгонун эскерткен.
Ал жоопкерчиликтүү жарандар өздөрүн бул тизмеден текшерип, укуктук макамын мыйзамдаштырууга жетишкенин баса белгилеген.
"Мамлекет жана Тышкы иштер министрлиги зарыл болгон бардык чараларды көрдү. Бирок бир катар жарандар дагы деле көзөмөл реестринде кала берүүдө. Эми алар депортацияланат. Биз алардын баарын тиешелүү органдарга жетелеп бара албайбыз. Бирок Орусия тарап миграция саясатын жумшартуусу ыктымал, анткени көптөгөн иш орундар бош калды", - деген Кулубаев.
Министр ошол эле учурда миграциядагы кыргызстандыктардын кайтып келиши өлкө үчүн да пайдалуу экенин, көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жумушчу күчү керектигин кошумчалаган.
Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин 2025-жылдын октябрь айындагы маалыматы боюнча Орусиянын миграциялык каттоосунда 341 миң кыргызстандык жаран турат.