You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия Интерпол аркылуу изделгендердин тизмесин бийликти сындагандарды куугунтукташ үчүн колдонору аныкталды
- Author, Кейт Браун, Макс Хадсон жана Жулия Луфт
- Role, BBC Eye Investigations
Бул материалдын түп нускасын англисче BBC News сайтынан окуй аласыздар.
Интерполдун ичиндеги информатор бөлүшкөн миңдеген файлдар Орусия эл аралык полиция агенттигин чет жакта жүрүп аны сындагандарды куугунтукташ үчүн колдонорун биринчи жолу ачыкка чыгарды.
Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматына жана Disclose аттуу француз иликтөө долбооруна бөлүшүлгөн маалыматка ылайык, Орусия Интерполдун издөөгө алынгандардын тизмесин өзүнүн саясий оппоненттерин, ишкерлерди жана журналисттерди, алар кылмыш кылган деп, кармап камоого сураныч келтирип келген.
Ал маалыматтардын анализи соңку он жылда Интерполдун арыздарды кароо көз карандысыз бөлүмүнө Орусияга карата, башка өлкөлөргө салыштырмалуу, үч эсе көп арыз келип түшкөнүн көрсөтүп жатат, андан кийин эле арыздар көп түшкөн өлкө бул - Түркия.
Мындан тышкары, Москванын суранычтарынын үстүнөн келип түшкөн арыздардардын көптүгүнөн улам көп иштер боюнча чечимдер жокко чыккан. Мындай көрүнүш башка бир да өлкөгө мүнөздүү болгон эмес.
Орусия Украинага бастырып киргени Интерпол Москванын "Интерпол каналдарын Украианадагы конфликт алкагында жана андан башка себептер менен деле адамдарга кыянат колдоонуу мүмкүнчүлүгүнүн алдын алуу үчүн" кошумча текшерүүлөр киргизген.
Бирок документтердин ачыкка чыгып кетиши бул чара Орусияга системаны кыянат колдонууга жолтоо болбогонун айгинелеп жатат, информатор бизге 2025-жылы айрым катаал чаралар акырын эле жокко чыгарылганын айтып берди.
Интерпол ал жүргүзгөн операциялардын аркасында жыл сайын дүйнөдө эң коркунучтуу делген миңдеген кылмышкерлер кармалып жатканын, кыянатчылыктын алдын алуу үчүн бир катар системалары бар экенин, алар соңку бир нече жылда жакшыртылганын айтып келет.
Уюм ошондой эле кармоо жөнүндө сурамдардын айрым адамдарга потенциалдуу таасирин аңдап түшүнөрүн айтат.
"Сизге кызыл белги коюлганда, жашооңуз түп-тамыры менен өзгөрөт", - дейт орус ишкери Игорь Пестриков, анын ысымы ачыкка чыгып кеткен маалыматтарда аталат.
Интерпол дүйнөлүк глобалдык полиция күчү эмес, бирок ал дүйнөд жүзүндөгү өлкөлөрдүн полицияларына көмөк көрсөтөт, анын кызыл белгиси (Red Notice) - 196 мүчө өлкөгө кайсы бир адамды издеп таап, камакка алууга белги бергендик. Кызыл таратма (Red Diffusion) - өлкөлөргө өзүнчө жөнөтүлчү аналогиялык сурам.
Пестриков Орусия Украинага бастырып киргенден төрт айдан кийин 2022-жылы июнда Орусиядан качып чыгып, Франциядан баш паанек сурагандан кийин анын ысымы таратмада бар экенин байкап калган.
Ал анда эки вариант бар экенин түшүнгөн, полицияга барып "Мен Интерполдун системасындамын" (ред.камалып кетүү тобокелчилиги бар эле) дейт алат эле. Же бөгүп жатышы керек болчу. Бирок бул "батирди ижарага ала албайсың, банкттык эсебиң блоктолот" дегенди билдирет эле", - айтымында аны менен так ушундай болду.
"Бул деген дайым нервдик чыңалууда болосуң дегенди билдирет - дейт Пестриков. Ал дайым алды-артын карап жашаганын айтып берди. Коопсуздук тууралуу кооптонууларынан улам анын кызы жана апасы башка өлкөгө чыгып кетишкен. "Полиция сенин үйүңө кайсы убакта болбосун кирип келиши мүмкүн эле...Андыктан сен бурчка кептелген келемиштей абалда болосуң" - дейт ал.
"Бул сага таңууланган стресс, нерв, басым, мыйзамсыздык жана ал үй-бүлөлөрдү ажыратат" - деп кошумчалайт Пестриков.
Пестриков Орусиядагы 1990-жылдары менчиктештирилген ири металлургиялык компаниялардын ири акционери эле, анын Соликам магний заводунда акциялары бар эле.
Анын айтымында, 2022-жылдагы Украинага бастырып кирүүнүн алдындагы бир нече айларда өкмөттүн министрлери ага ал өзүнүн продукцияларын сыртка сатуусун токтотууну, бир гана орусиялык рынокко сатуусун басым менен талап кылган. Пестриков ал өндүрүп жаткан продукция истребитель, танк өңдүү аскердик техникалардын компоненттерин өндүрүүгө пайдаланышы мүмкүн болчу деп эсептейт.
Анын айтымында, ал "министрликтер көрсөтмө берген адамдарга кичине арзаныраак сатууга эле" каршы чыккан эмес, бул ал үчүн "моралдык да суроо болгон", себеби "эч ким адамдардын өлтүрүү үчүн колдонулчу бир нерсенин өндүрүшүнө кыйыр да катышуунун каалабайт".
Пестриковдун пикиринде, анын баш ийбей койгону жана аялында украин жарандыгы болгон үчүн анын компаниясы улутташтырылып, ал Орусияда каржылык кылмыштарга шектелип, ага каршы иликтөөлөр башталган.
Францияга качып баргандан кийин ал Кремль аны куугунтуктайт деген коркуулардан улам Интерпол менен байланышып, ага карата сурам тууралуу өзү сурап билген.
Пестриков Интерполдун ички көз карандысыз көзөмөл органы, Интерполдун файлдарын көзөмөлдөө боюнча комиссиясы (CCF) аркылуу өзү тууралуу чечимди жокко чыгарууга бел байлап, буга Орусиянын сурамынын саясий мүнөзү бар экенин жүйө келтирген.
Интерполдун уставында уюм "саясий, аскердик, диний же расалык кийлигишүү же аракеттерди ишке ашырууга" колдонулбашы айтылат.
Пестриков издөөгө алынгандан кийин эки жылдан соң CCF орус ишкеринин ишинин саясий мүнөзү бар экенин токтом кылган. Ал Орусия келтирген документтер "жалпы жана шаблондуу" болуп, кылмыш болду деген нерсе "жетиштүү негизделген эмес" деген документтерди бизге көрсөттү.
Интерпол Пестриковду кармоо тууралуу сурамды жокко чыгарган.
Интерпол мыйзамсыз сурамдар тууралуу жалпы мүнөздөгү эле маалыматтарды жарыялайт жана 2018-жылдан бери кайсы өлкөлөргө арыз көп түшөт ачыктабай келет. Мындай ачыксыздык көйгөйдүн масштабын так аңдап-билүүнү кыйындатат. Бирок биринчи жолу ачыкка чыгып кеткен маалыматтар абалды жакшыраак көрүүгө мүмкүндүк берип жатат.
Би-Би-Сиге берилген файлдардын бир партиясы CCF дарегине жазылган арыздарды камтыйт.
Маалыматтар жетишсиз болсо да, бирок алар өлкөлөрдүн кеңири спектрин камтыйт. Камоо тууралуу сурам кылган өлкө көрсөтүлгөн жерде Орусияга каршы арыз, башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп экени көрсөтүлгөн. Мындай абал 11 жылдан бери уланып келет.
Соңку он жылдыкта Орусия тарабынан издөөгө алынган 700 адам CCF-ге арыз менен кайрылып, кеминде 400ү аларга карата коюлган кызыл белгини алдырышкан. Бизге келип түшкөн маалыматтар боюнча мынчалык көп санда бир да өлкөгө каршы арыздар түшкөн эмес.
"Тарыхый жактан ушинтип шартталып калган, Орусия кызыл белгилерди кыянат менен пайдалануу боюнча эң башка күнөөкөрлөрдүн бири",- дейт британиялык адвокат Бен Кит. Ал Интерполдун издөөгө алынгандар тизмесине ушундай жол менен түшүп калып, кызыл белгиден арылууну каалагандардын кызыкчылыгын көп коргогон.
Жактоочу Интерполдун Орусияга байланыштуу курч маселеси бар экенин, агенттик кыянаттыкка жол бербөө үчүн аракет кылганын, бирок ал ийгиликке алып келбегенин айтат.
Адвокаттын айтымында, анын жоон тооп кардарлары бар, алар "саясий негизде издөөгө алынгандар же көбүнчөсү Украинаны колдогондор, болбосо корпоративдик рейдерликтин курмандыктары, Орусия аларга кызыл белги койдурган".
Эл аралык юрист Юрий Немец - Интерпол жана экстрадиция маселелери боюнча адис. Ал Украинада согуш башталганы Интерпол Орусиянын кармап-камоолор тууралуу сурамдарын кошумча текшерүүгө ала баштаганын, бирок ал натыйжа бербеди дегенге кошуларын айтат.
Ал согушка каршы чыкканы үчүн эле "бутага алынып", каржылык же "башка кадыресе кылмыштарга айыпталып, маалыматтык базага" кирип калган бир нече учурларды билерин айтып берди.
"Системаны алдап коюш оор эмес", - деп кошумчалады ал.
Интерполдогу инсайдер Би-Би-Сиге кызыл белги жана арыздардан тышкары, Интерпол аркылуу өлкө аралык маалымат алмашуу системасы менен сыртта жүргөн адамдардын изине түшүүнүн башка бейрасмий ыкмасын ачыктап берди.
Москванын Абу-Дабидеги тартип коргоо органдарына жолдогон маалыматынан, Интерпол кызыл белгини коюу тууралуу сурамды четке какканы анык болот, бирок Москва баары бир шектүүнүн кайсы жерде экенин билүүгө жардам алгысы келгени билинет.
Бул - Интерполдун уюмга мүчө өлкөлөр, анын каналдарын ушундай жол менен колдоонусуна жол берилбеши керек деген сунуштамасына каршы келет.
Ачыкка чыгып кеткен маалыматтарда журналист Армен Арамян тууралуу да айтылат. Ал 2021-жылдын январында оппозициялык лидер Алексей Навальныйды колдогон студенттердин каршылык акцияларын чагылдырганы үчүн "жашы жете электерди мыйзамсыз аракеттерге аралаштырганы үчүн" абакка кесилгенден кийин Орусиядан качып чыккан.
Арамян алгач Арменияга кетип, андан соң Германиягы чыгып кеткен. Орусия, кызыл белги кулактандыруу формалдуу процессин кыйгап өтүп, бул эки өлкөнүн тартипти коргоо органдарына кат жолдоп, анда Арамян тууралуу "кандай болсо да керектүү маалымат менен" бөлүшүүнү жана анын кайсы жерде экени тууралуу маалымат сураган.
Бул кабар 2023-жылдын февралында жөнөтүлгөн, ал кезде Орусияга карата чектөөлөр иштеп, маалыматтарды жөнөтүүдө алар текшерүүдөн өтүп калган убак эле.
Биз азыр анда ал маалыматтар тийиштүү дарекке жеткенби ишенимдүү айта албайбыз, бирок информаторубуз маалыматтардын булагына таянып, ошондой болгон деп эсептейт.
Би-Би-Си Арамянга ал маалыматтардын көчүрмөсүн көрсөткөндө ал шок болгонун, бирок буга таң калбаганын айтты.
"Алар Германия менин адресим, телефон номерим тууралуу маалымат жөнөтөт, мени экстрадициялайт деп күтүшпөсө керек. Бирок алар кичине да болсо маалымат ала алышса, алар үчүн бул баалуу болмок", - деген журналист.
Ачыкка чыгып кеткен маалыматтарда Интерпол Москванын маалымат сурап кайрылгандарына жооп бергени тууралуу да билсе болот. Агенттик Навальныйдын тарапкери Любовь Собольдун жана Глеб Каракуловдун кыймылдары тууралуу кенен маалымат менен бөлүшкөн.
Каракулов тууралуу маалымат алмашуу Интерпол Москванын сурамдары кошумча текшерүүдөн өтөрү тууралуу жарыялагандан кийин орун алган.
Би-Би-Си Интерполдун 2024-2025-жылдардагы ички почтасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алды, андагы маалыматтардан уюмдун жогорку жетекчилиги Орусиянын ишмердиги тууралуу дайым тынчсызданганын билүүгө болот.
Отчеттордун биринде жогорку даражалуу бир аткаминер орус делегаттарына Орусия Интерпол системасын "билип туруп кыянаттык" менен колдонуп жатышына "катуу тынчсыздануусун" билдирип, Интерполдун эрежелери "одоно бузулуп жатканын" айткан.
Орусияга карата кошумча чектөөлөргө карабай, отчеттор 2024 жылы Орусиянын сурамдарынын 90% мурункудай эле алгачкы текшерүүдөн өтүп келгенин көрсөтүүдө. Ошол эле маалда CCF орусиялык сурамдардын устүнөн жазылган арыздардын жарымын четке кагып келген. Бул киргизилген чаралар жетиштүү түрдө катаал болгонбу деген суроолорду да жаратат.
Ошондой эле файлдарда Орусия эл аралык соттун судьяларын издөөгө салуу үчүн кызыл белги сураганы бар, бул сот Владимир Путин жана Орусиянын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львов-Белованын камоого ордер бергенден кийин орун алган. Орусиянын бул сурамы четке кагылган.
Уюм ичинде Орусия тарабынан Интерполдун мыйзамсыз колдонулуп жатышы тууралуу кабатырлануулар айылганы менен 2024 жана 2025-жылдары Орусиянын ишмердигинин үстүнөн киргизилген кошумча чектөөлөрдү алып салуу керектиги тууралуу талаш-талкуулар болгон.
Бул маселе акыры Москванын пайдасына чечилген өңдүү.
Информатор Би-Би-Сиге билдиргендей, 2025-жылы Интерпол Орусияга карата кошумча чараларын акырын жокко чыгарып койгон, бирок дагы кандай жеңилдиктер болгону азырынча белгисиз. Бир нече жолку кайрылууларга карабай, Интерпол "маалыматтарды иштеп чыгуудагы катаар эрежелерден улам" кырдаалга комментарий бере албасын билдирди.
Би-Би-Си Интерполдун ачыкка чыгып кеткен маалыматтарын деталдуу түрдө ачыктай алган жок. Себеби, анда маалыматтардын булагы ачыкталып калмак. Бирок Интерполго иликтөөнүн чоо-жайы боюнча суроо берилгенде ал "Айыптоолордун бир канчасы Интерпол менен CCF системалары кантип иштейт туура эмес түшүнүккө негизделгенин" айткан.
"Биз, полициялык кызматташууну, кыянат пайдалануучулуктун алдын алуудан жогору коебуз деп айтуу туура эмес. Интерпол өз уставынын алкагында иш алып барат, ага ылайык биздин системаларды саясий, аскердик, диний жана расалык мүнөздөгү маалымат үчүн колдонууга тыюу салынат", - делет бул тууралуу уюмдун билдирүүсүндө.
Былтыр Интерпол байланыш каналдарынын ачыктыгын камсыздоо менен кылмыштардын алдын алуу үчүн көбүрөөк иш кыла аларын айтып чыккан эле.
Биз Орусиянын ИИМине комментарий үчүн кайрылып, жооп ала албадык.
Юристтер Юрий Немец менен Бен Кит Интерпол өз системаларын кыянатчылык менен колдонууга жол бербеш үчүн көбүрөөк аракет кылышы керек деп эсептейт. "Эгер айрым өлкөлөр кызыл белги жана повесткалар менен дайыма кыянат колдонуп жаткандыгы аныкталса, алар убактылуу системадан четтетилиши керек", -дейт Кит.
Болбосо, Игорь Пестриков айткандай Орусия "кнопканы бир эле басып туруп каалаган маалыматты киргизип, силерге каалаган кылмышты илип, дүйнө жүзү боюнча издөөгө ала алат".
Андрей Житару жана Нед Дэвистин жардамы менен.