You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Үйүм бүтсө барат элем деп ыйлашат". "Элит Стройдун" башчыларына өлкөдөн чыгууга тыюу салынды
- Author, Алмира Абидинова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
"Элит-Строй-Сити" компаниясынын жетекчилерине өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти. Буга чейин Оштогу "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын Манас турак-жай комплексинде курулуш иштери кечеңдеп жатканы боюнча социалдык тармактарда маалыматтар тараган.
Мындан соң Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги атайын комиссия түзгөн. Ага ылайык, "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын Ош облусундагы бардык курулуш объектилери текшерилери айтылган. Мындан сырткары текшерүү иштери толук жыйынтыкталмайынча компанияга жаңы долбоорлор боюнча курулуш иштерин баштоого тыюу салынары эскертилди.
"Мигрант болуп жүрүп келсем үй бүтө элек"
Азамат Орусияда иштеп, "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынан бир бөлмөлүү батир алган. Анын айтымында, ал батирдин акчасын төлөп бүткөн соң Кыргызстанга кайтып, өз үйүндө жашайм деген ойлору ойрон болгон:
"Келсем үй бүтө элек. Төлөмдөрдү май айында төлөп бүткөмүн. Эртең майда бир жыл болот. Буга чейин 100% төлөп бүткөндөр бар. Көп жакка арызданышыптыр. Мэрияга жана башка жактарга. Кароо болбоптур. Мэр деле жакшы жооп бербептир."
Азаматтын айтымында, "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын үлүшчүлөрүнүн арасында миграцияда жүргөндөр арбын. Алар атайын вотсап группа ачып баарлашып турушат.
"Кыйын жумушта иштеп жатышат. Сахалинден баштап, бул жагы Питерге чейин. Орусиянын бул четинен бул четине чейин иштегендер бар. «Үйүм бүтсө, барат элем» деген аялдар мага ыйлактайт да. Туруп-туруп жүрөгүм эзилет", - деди Азамат.
Ал эми Акмарал Жаманкулова да жолдошу менен Орусияда мигрант болуп жүрүп, "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынан батир алган. Кыргызстанга кайтып келген соң үч балалуу жубайлар өз үйүндө эмес, ижарага алынган батирде жашоого аргасыз болууда.
"2021-жылы алганбыз. Анда ушул жерпайында (котлованда) эле болчу. 2021-жылы өзүбүз эмес, кайненем келип алган. Себеби алган адам өздөрү болсун деген. Биз болсо Москвада болуп калганбыз. Кайненем келгенде келишим боюнча батир Г блокто деп айткан. Г блок 2023-жылы төртүнчү кварталда бүтөт деп келишимде баары жазылган. Алганбыз. Ошентип азыр 2026-жыл, эмдигиче бүтө элек. Офисине барсак, келишимди ката жазып коюшуптур деп жатпайбы. Келишимди макул ката жазсын. 2025-жылга деле бүтсө болмок да. Эки жылдын ичинде", - деди Акмарал Жаманкулова.
"Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын аткаруучу директору Али уулу Бекбол курулуштун кечеңдегенин рублдун куну түшүп кеткени, инфляциянын таасири менен байланыштырууда.
"Курулуштун солгундап кеткенинин себептери да бар. Биздин көпчүлүк кардарларыбыз мигранттар. Убагында рублдун куну түшүп кеткен учурда кардарларыбыз «рублдун курсу 95 тыйын болуп жатат, бир сом болуп калсын кое тур» деп жатты. Бизде үлүштүк катышуу деп жазылат. Ошонун негизинде солгундаган. Ошентип акча өз убагында төлөнүп турса, анан иш дагы өз убагында кетет да", - деди Али уулу Бекбол.
Буга чейин Оштогу "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын Манас турак-жай комплексинде курулуш иштери кечеңдеп жаткандыгы боюнча социалдык тармактарда видео кайрылуулар тараган. Мындан соң Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын өкүлү Бекжан Касымжанов менен жолугушканы белгилүү болду. Жолугушуунун жыйынтыгында атайын комиссия түзүлүп, "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын Ош облусундагы бардык курулуш обьектилерин текшере турган болгон. Мындан сырткары, текшерүү иштери толук жыйынтыкталмайынча компанияга жаңы долбоорлор боюнча курулуш иштерин баштоого тыюу салынары эскертилген.
Ошто "Элит-Строй-Сити" компаниясынын жетекчилерине өлкөдөн чыгууга чектөө коюлду
УКМК Манас турак жай комплексинин курулушун создуктурган компания жетекчилери менен жолугушуп, аларга катаал талаптарды койду.
26-январда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгында «Элит-Строй-Сити» компаниясынын жетекчилери Б.К. Касымжанов, Б. Али уулу жана У.О. Султанов менен жолугушуу өттү. Ага Мамкурулуш агенттигинин өкүлдөрү да катышты.
Жыйындын жүрүшүндө курулуш иштеринин жүрүшүнө таасир этүүчү факторлор, ошондой эле турак жайларды өз алдынча бүткөрүү үчүн жеткирүүдөгү кечигүүлөрдүн себептери тууралуу маалыматтар угулду.
"Буга байланыштуу, "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын жетекчилиги курулуш иштерин аяктап, объектилерди 2026-жылдын сентябрь айына чейин өз алдынча бүткөрүүгө өткөрүп берүүгө милдеттенди. Ошол эле учурда, "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын жетекчилигине курулуш иштери аяктаганга чейин алар үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө чектөөлөр киргизилип, турак жайларды этап-этабы менен жеткирүүнү көзөмөлдөө күчөтүлүп жатканы маалымдалды" деп айтылат УКМКнын маалыматында.