You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Мугалимдер 30 миң алса, Курулуш министрлиги 500 миң сом айлыгына мактанууда". Депутат түшүндүрмө талап кылды
Жогорку Кеңештин депутаты, "Элдик" депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев 28-январда Мамлекеттик курулуш агенттигиндеги айлык акылардын тегерегиндеги талкууну парламенттин күн тартибине чыгарууну талап кылды. Ал бул маселени кийинки жумада тармактык комитетте жана жалпы жыйында кароону сунуштады.
Парламенттин жыйынында депутат Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин кызматкерлердин 500 миң сомдук айлыгы тууралуу билдирүүсүн тактоо зарыл деген маселени көтөрдү. Түмөнбаевдин айтымында, мындай жогорку айлыктар коомчулукта суроолорду жаратууда.
"Урматтуу төрага, кийинки жумада комитетте карап, андан кийин ушул залда кантип 500 миң айлык алып жатат, ал кантип көтөрүлүп жатат суроолорду берсек. Бүгүнкү күндө мугалимдер, медиктер 30-40 миң айлык алып жатса, алар 500 миң айлык алабыз деп мактанып жатат", — деди эл өкүлү.
Мындан сырткары, депутат курулуш тармагындагы кошумча төлөмдөр курулуш компанияларга жана карапайым элге оорчулук келтирип жатканын белгиледи.
Анын сөзүн спикер Нурлан Тургунбек уулу да колдоп, бул маселени кийинки жумада профилдик комитетте кароо тапшырмасын берди.
"Акылбек Түмөнбаев маселени кабыргасынан коюп жатат. Себеп дегенде бизге өлкөдөгү бир топ курулуш компанияларынын жетекчилери кайрылып жатат. Министрлик өзү каалагандай тарифтерди коюп алган. Тарифтерди эң куру дегенде Министрлер кабинети, болбосо Жогорку Кеңеш тарабынан да каралышы керек да. Ошонун негизинде үйлөрдүн чарчы метри кымбаттап, элдин сатып алуусу чоң түйшүк жаратып жатат", - деди спикер.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Ала-Тоо 24" телеканалына 31-декабрда чыккан интервьюсунда Курулуш министрлигинин кызматкерлеринин маянасы 500 миң сомго чейин жете турганын айткан. Анын бул сөзү коомдо талкуу жараткан. Кийин министр Фейсбуктагы баракчасында атайын түшүндүрмө да берген. Ал жогорку маянанын себебин адистердин тар профили жана жоопкерчилиги менен байланыштырган.
"Биздин бардык департаменттерибиз өзүн-өзү камсыздоо механизми менен иштеп келет. Бизде орточо айлык маяна 150 миң сом, ал эми кээ бир департаменттерде 500 миң сомго чейин айлык маяна алат… Тагыраак айтканда ким кандай иштесе, ошончо айлык алат. Биздин кызматкерлер - иш издеген кызматкерлер. Айтайын дегеним, биздин кызматкерлер тар профилдүү кызматкерлер. Көпчүлүгү архитектор, куруучу, конструктор, инженерлер жана алардын эмгеги ЭМГЕК-базарында талаштуу. Бул кызматкерлер көп кабаттуу, оор инженердик объектилердин курулушунун тийиштүү документтерин жана проектилерин текшерип, ошол объектилерге жооп берүүчү кызматкерлер. Ошол себептен алар ушундай айлык маяна алат", - деген Орунтаев тийиштүү билими бар жана иштөөгө даяр жарандарды жумушка чакырган.
Бишкек шаарында учурда орточо айлык 44 миң сомдун тегерегинде.
Мурдагы милиция кызматкери Нурдан Орунтаев 2023-жылдын ноябрында Мамкурулуш агенттигине жетекчи болуп дайындалган. 2025-жылдын башында агенттик министрлик болуп кайра түзүлүп, Орунтаев министрлик кызматка келген. Кыргызстанда курулуш тармагы акыркы жылдары тез өсүп жаткан тармактардын бири болууда. Орунтаев бул тармакта бир катар реформаларды сунуштаган.