You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орус тыңчысынын Бразилиядагы издери
- Author, Леандро Празерес
- Role, Би-Би-Си, Бразилия
2022-жылдын 31-мартында Виктор Муллер Феррейра Бразилиядагы Сан-Паулу эл аралык аэропортунда учакка отурду. Ал Эл аралык кылмыш сотунда стажировкадан өтүү үчүн Нидерланддарга жол тарткан эле.
Бирок учак конгондо ал өзү айткандай бразилиялык эмес экени тез эле ачыкка чыкты.
Нидерланд улуттук коопсуздук кызматы (AIVD) ал киши 36 жаштагы орус жараны Сергей Владимирович Черкасов экенин аныктаган. Мекеме аны Орусиянын аскердик чалгын кызматы ГРУ үчүн тыңчылык кылып жатат деп айыптап, кайра эле Бразилияга биринчи рейс менен жөнөтүп салган. Бразилияда аны тез эле камакка алышкан.
Учурда ал жасалма документтерди колдонгону үчүн Бразилияда беш жылдык абак мөнөтүн өтөөдө.
Бразилиянын полициясы жана АКШнын Федералдык чалгындоо бюросу (FBI) кармалган киши орус тыңчысы экенин аныкташкан. FBI билдиришкендей, ал өзүн бразилиялык кылып көрсөтүп, АКШда маалымат чогулткан. Черкасов орусиялык экенин мойнуна алып, бирок тыңчы экенин четке каккан.
Москванын дипломатиялык аракеттеринен жана экстрадициялоо өтүнүчүнөн кийин эми ал жакын арада Орусияга өткөрүлүп берилмей болуп турат.
Ошондо бизге Черкасов туурасында эмне маалым жана бул Орусиянын тыңчылык операциялары бүгүнкү күндө кандай жасалары боюнча эмнеден кабар берет?
Бразилиянын тергөөчүлөрү жана прокурорлору билдиргендей, Черкасов ал жакка 2010-жылы барып, башка мамлекеттерде чет элдик чалгын кызматтарынын көңүлүн бурбаш үчүн Бразилиянын паспортун пайдаланган.
Орусиялыктарга карата шектенүү менен мамиле кылган жерлерде такыр башка адамга айланып, жаңы жарандык алуу боюнча жашырын тыңчыларды даярдоо багытында Орусия жакшы такшалган. Мындай агенттерди даярдоого, жаңы адамга айлантууга жана чет элге толугу менен сиңирүүгө он жылдай убакыт керектелет.
Мындай адамдар "мыйзамсыз агенттер" (illegal) деген ат менен белгилүү. АКШнын Адилет министрлиги Черкасовго карата айып чыгарган өкүмүндө аны жашырын агент деп атаган. Алар "узак мөөнөттүү жана жашырын тапшырмаларды аткаруу үчүн Орусиянын сыртында жашаары" жана жасалма ысымдарды пайдаланары айтылат.
Айыптоо корутундусуна ылайык, "мыйзамсыз агенттер көздөгөн өлкөдөгү университеттерде кээде билим алышы же иштеши ыктымал... мындай иш-аракеттер алардын жаңы ысымын бекемдейт".
"Мыйзамсыз" деген түшүнүк мындай агенттерди "дипломатиялык иммунитеттен пайдаланган элчиликтердеги дээрлик мыйзамдуу тыңчылык кылгандардан" айырмалап турат, дейт Королдук бириккен кызмат институтунун Орусиянын ички иштери боюнча улук илимий изилдөөчүсү Эмили Феррис.
"Мыйзамсыздар программасы Советтик доордон калган", – деп кошмчалайт ал Орусиянын "уйкудагы" агенттерине шилтеме кылып. 2010-жылы FBI иликтөөсү ачыкка чыгарганга чейин мындай тыңчылар АКШда он жылдан ашуун убакытка чейин өтө жашыруун таризде иш алып барышкан. Алар "бардык жагынан америкалыктардай эле болуп калышкан", – дейт ал.
Орусия "аларды башка жактарда толугу менен сиңип кетиши үчүн абдан көп аракет кылган... азырга чейин ошондой кылып жатышканы кызык".
Бирок Орусиянын Украинага каршы толук кандуу басып алуу аракети башталгандан бери орустардын эл аралык тыңчылык кылуу операциялары коркунучка кептелген. Дүйнө жүзү боюнча дипломаттар ээлеген кызматтарынан алынып, Батыш чалгын маалыматтарын бөлүшө баштагандан кийин Европадагы, Түндүк Америкадагы жана Латын Америкадагы орус тыңчыларынын жүзү ачыла баштаган.
Ферристин айтымында, бул иш-аракеттер "Европадагы элчиликтер аркылуу иштеген көптөгөн чалгын тармагынын аракеттерин убактылуу үзгүлтүккө учураткан".
Бразилиялык жана эл аралык агенттиктердин иликтөөсүнө ылайык, Черкасов Бразилиянын паспортун пайдаланган орусиялык тыңчылар тобунун мүчөсү болгон. 2022-жылдан бери Норвегияда жана башка өлкөлөрдө бразилия паспорту менен жүргөн жок эле дегенде тогуз киши тыңчылыкка шектелип аныкталган.
Кармалгандардын эч бири Бразилия боюнча тыңчылык кылууга айыпталган эмес. Документтердин үстүнөн начар көзөмөл жүргүзгөнү айтылган жана эл аралык жаңжалдар боюнча ыктымал бейтарап мамилесинен улам бул өлкөнү алар калкан катары колдонгон.
Виктор Феррейранын окуясы
Азыр эми Орусия такыр башкача тыңчыларга таянып жатканын айтат Феррис. "Элчиликке байланышкан тармактар жоюлгандыктан учурда алар ортомчуларды, тагыраагы жергиликтүүлөрдү, пайдаланып жатат".
"Орустар көбүнчө коомдук желе аркылуу жергиликтүүлөрдү тартып, темир жол системаларын басып алып, Украинага жеткирүү чынжырын үзгүлтүккө учуратышат же кампаларды жардырышат".
"Алар ач көздүк же максатсыздык менен иш-аракет кылган жергиликтүү элдер болушат. Бул жерде эч кандай идеология жок... Көбүнесе алар негизги демөөрчүсү орустар экенин билишпейт".
Черкасов боюнча алардын көз карашы менен АКШнын Адилет министрлигинин айыптоочу өкүмүндөгү маалыматтардын ортосунда чоң айырма бар. Анда Черкасов 2022-жылы Бразилияда кармалганда ар кандай документтерди камтыган катуу диски бар болчу делет. Ошондой эле ал бразилиялык экенине адамдарды ишендириш үчүн жакшы ойлонулган жана жалган окуясы да болгон.
2010-жылдары Черкасов тарабынан жазылганы айтылган документте терең жашырынып иштеген орус тыңчысынын иш-аракети камтылган болушу мүмкүн.
"Мен Виктор Муллер Феррейра", – деп башталат ал.
Өз үй-бүлөсүнүн тарыхын төрт баракта баяндайт жана төмөнкүдөй маалыматтар берилет: "Апам көпөлөктөрдү коллекция кылчу, бирок дарылоого каражат керектелгендиктен коллекцияны сатууга туура келген".
Өзүнүн мектеп курагы жөнүндө мындай делет: "Мен ал күндөрдү көп эстегим келбейт, анткени классташтарым келбетимди жана акцентимди шылдыңдашчу. Мен немистердей көрүнсөм да мени алар гринго дешчү. Ошондуктан көп досум жок".
Кийинки саптарда төмөнкүчө баяндалат: "Атам абдан ак көңүл жана ачык инсандай көрүнчү, бирок таң калыштуусу апам менен эжемдин өлүмү үчүн жана жашоомдогу бардык кыйынчылыктар жана кемсинтүүлөр үчүн атамды күнөөлөгөнүм".
Бирок "мыйзамсыз" агентти убакыт жана акча жагынан даярдоо иши канчалык катуу жүрөрүн эске алганда, "орустар ушунун баарына каражат жумшаганы кызык", – дейт Феррис.
"Орусиянын чалгындоо тармагы реформаланып жатат... бирок азыр согуш жүрүп жатканда жана анын ресурстарынын көбү учурда фронтко жумшалып жаткан шартта, өлкөнүн мындай программаларды улантуу жөндөмү кыйла чектелүү".
АКШнын Адилет министрлигинин маалыматы боюнча, Черкасов 2018-жылы АКШнын борбору Вашингтонго жогорку окуу жайда окуу үчүн көчүп барган.
Ал 2020-жылдын сентябрында эле Эл аралык кылмыш сотуна тапшырганы айтылат, бирок билдирмелерди кароо коронавирус пандемиясынан улам кийинкиге жылдырылган болушу ыктымал.
Нидерланддын Чалгын кызматынын маалыматына ылайык, Черкасов Гаагадагы сотто акы төлөнбөгөн стажировкадан өтүүнү каалаган. Орусия көп убакыттан бери Гаагада чалгындоону көздөп келет.
Черкасов камалганга чейин бир нече апта мурда Орусия Украинага каршы толук кандуу согуш ачкан. Андан бери Эл аралык кылмыш соту Украинадагы согуштук кылмыштар боюнча Орусиянын үстүнөн бир нече иликтөөлөрдү жүргүзүп келет. 2023-жылы аталган уюм Украинадан Орусияга жаш балдарды мыйзамсыз түрдө депортациялоо аракетине басым жасап, Владимир Путинди камакка алуу боюнча буйрук чыгарган. Москва айыптоолорду четке кагып, буйрукту "негизсиз" деп атаган.
"Эл аралык кылмыш сотуна жашырын кирип баруу орус чалгын кызматы үчүн абдан баалуу болмок", – деген өз билдирүүсүндө Нидерланддардын чалгын кызматы.
Эгерде Черкасов сотко билгизбей кирип кеткенде, талдоочулардын айтымында, ал далилдерди бурмалап же жок кылып салышы мүмкүн болчу.
Ферристин айтымында, Орусия бутага алган уюмдар учурдун башкы кабарларынан көз каранды. "Азыр Euroclear банкы менен белгиялыктар башкы бутага айланды. Себеби алар азыр актуалдуу жана өтө кечиктирилгис маселе", – дейт ал Евробиримдиктин Орусияга тийиштүү тоңдурулган каражатты колдонуу боюнча талкууларына шилтеме жасап. Орусиянын активдеринин көпчүлүк бөлүгүнө Брюсселдеги Euroclear мекемеси ээлик кылат.
Эми эмне болот?
Азыр эми Черкасов Орусияда үйүнө кайтып барат окшойт. 2022-жылдын августунда Москва ал маңзат соодасы боюнча издөөдө жүргөнүн айтып, аны экстрадициялоону өтүнгөн. Бразилиянын Федералдык жогорку соту өтүнүчтү канааттандырып, Сан-Паулунун аймактык федералдык сотунан жана Рио-де-Жанейро прокуратурасынан кабарлашкандай, аны экстрадициялоо боюнча бардык юридикалык талаптар аткарылган жана Орусияга кетүүсүндө эч кандай "тоскоолдуктар" калган эмес.
Бул чечим боюнча президенттин же адилет министринин кол коюусу күтүлүүдө.
2023-жылы АКШ дагы Черкасовду экстрадициялоо өтүнүчүн жиберген эле. Анда Черкасовго АКШда уруксатсыз чет элдик тыңчы катары иштегени жана каржылык жана визалык көз боемочулукка барган деген айып тагылган. Бирок Бразилиянын бийлиги аны Орусия биринчилерден болуп сураганын айтып, АКШга өткөрүп берүүдөн баш тарткан.
Би-Би-Синин Бразилиядагы кызматы өлкөдөгү Орусиянын жана АКШнын элчиликтерине комментарий алуу үчүн байланышты, бирок эч кандай жооп ала алган жок. Биз дагы Черкасовдун Бразилиядагы коргоочуларына кайрылдык, бирок алар комментарий беришкен жок.
Эгерде Черкасов Орусияга кайтып барса, Ферристин оюнча, аны жакшы кабыл алышат. Ферристин айтымында, Америкадагы "мыйзамсыздардын" бири Анна Чапман 2012-жылы кайтып барганда "бир аз белгилүү" болууга жетишкен. Феррис кошумчалагандай, 2006-жылы Александр Литвиненкону ууландырууга шектелгендердин бири Андрей Луговой 2007-жылы Орусиянын Мамдумасына шайланып барган.
"Эгерде жашооңду жана эркиндигиңди ушундай жол менен тобокелге сала алсаң, анда Кремль курмандыгыңды кандайдыр бир жол менен таанышы керек", – дейт ал. "Баатырды тосуп алуу сыяктуу десек да болот".
Кошумча репортаж: Фиона Макдоналд