№13 шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктады: 31 киши арыз берди

Бүгүн, 29-январда №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү жараяны аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) берген маалыматына ылайык, №13 шайлоо округу боюнча бул жолку шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин жалпы саны 31 адамды түздү. Алардын 21и эркек, 10 талапкер аял. Ушул күнгө карата 11 талапкер расмий катталды, 4 талапкер өз каалоосу менен кайра баш тарткан, ал эми БШК бир талапкерди каттаган эмес.

Былтыр 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №13 округдун 35 добушканасында талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз түрдө байкоочу камералар орнотулганы аныкталган. БШК бул аракеттерди "добуш берүүнүн купуялуулук принцибин одоно бузуу" деп таап, 3-декабрдагы жыйынында округдагы жыйынтыктарды толугу менен жокко чыгарган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул округдан Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдыга чыгышкан. Мыйзам бузуулар боюнча негизги айыптоолор Бактыбек Сыдыковго багытталган. Бирок ал бул дооматтарды "атаандаштарынын каралоосу" деп четке каккан.

Бир катар талапкерлер БШКнын жыйынтыктарды жокко чыгаруу боюнча чечимине нааразы болуп сотко кайрылышкан. Бирок соттук инстанциялар БШКнын позициясын колдоп, талапкерлердин өтүнүчүн канааттандырган эмес.

30-ноябрдагы шайлоого катышкан талапкерлер бул жолку кайра шайлоого катыша алышпайт.

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган 87 депутаты 17-декабрда ант берип, өз иштерине киришкен. Кыргызстандагы жалпы 30 шайлоо округ бар жана ар биринен үчтөн депутат шайланат.