Бир тонна жардыргыч зат менен 3 миң чакырымга учат. Украинанын жаңы ракетасы жөнүндө эмне белгилүү?

Володимир Зеленский Вашингтонго аттанар алдында Украина өзүнүн жаңы канаттуу ракетаcы "Фламингону" коомчулукка көрсөттү. Расмий маалыматка караганда, бул ракета үч миң чакырымга чейин уча алат жана бир тоннага чейинки жардыргыч затты көтөрүүгө кудурети жетет.

Эгер бул маалыматтар чындыкка дал келсе, жана ракета чын эле сериялык өндүрүшкө киргизилген болсо, анда "Фламинго" Орусиянын аскердик өнөр жайына олуттуу кыйынчылыктарды жаратат. Айрыкча Европа бөлүгүндө гана эмес, Украинадан алыс жайгашкан региондорго да коркунуч туудура алат.

Коргоо министри Денис Шмыгаль дүйшөмбү күнү Украинада азыр алыс аралыкка жетчү жана "өтө күчтүү" курал бар экенин айтты. Бирок ал курал тууралуу толук маалымат "убагы келгенде" гана ачыкталарын белгиледи.

Ошол эле күнү, 18-августта, "Зеркало недели" басылмасы бир нече ай мурун өткөн сыноолордун видеосун жарыялады. Авторлордун айтымында, бул кадрларда дал ошол "Фламинго" ракетасы учурулган учур тартылган.

Белгисиз ракета

Буга чейин белгисиз болгон "Фламинго" ракетасынын сүрөтүн жекшемби күнү кечинде Associated Press агенттигинин украиналык фотожурналисти Ефрем Лукацкий жарыялаган.

Сүрөттөн транспорттук трейлерлерге жүктөлгөн эки канаттуу ракетаны көрүүгө болот.

Журналист Ефрем Лукацкийдин маалыматына ылайык, бул ракеталар үч миң чакырымдан ашык аралыкка чейин уча алат жана алар украиналык Fire Point компаниясында сериялык түрдө чыгарылууда.

Ошондой эле украиналык Мiлiтарний сайты Fire Point буга чейин 1600 чакырымга чейин уча турган, сокку урууга багытталган FP-1 дрондорун чыгарып жатканын белгилейт.

Буга чейин VB140 аттуу башка дрондору жок кылууга багытталган учкучсуз аппарат тууралуу гана айтылып келген.

Алардын өндүрүшүн Германия каржылап берүүгө убада кылган болчу. Бирок дал ушул канаттуу ракета тууралуу маалымат азыр биринчи жолу жарыяланып отурат. Балким, бул кабар өндүрүүчү компания менен Украинадагы аскерий-саясий жетекчиликтин макулдугу менен коомчулукка жарыяланды. Айрыкча бул Володимир Зеленскийдин Дональд Трамп жана европалык лидерлер менен Орусия –Украина согушунун келечеги боюнча маанилүү сүйлөшүүлөрүнүн алдында болгону көңүлдү бурат.

Лукацкий кошумчалагандай, ракетанын сүрөтү 14-августта Украинадагы "белгисиз жайда" тартылган.

Жаңы украиналык ракетанын пайда болушу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Тышкы көрүнүшүнө карап, аны айрымдар Экинчи дүйнөлүк согуштагы немистердин "Фау-1" ракетасына же советтик Ту-1 учкучсуз учагына салыштыра баштады.

Ошентсе да айрым аскерий байкоочулар ракетанын мүнөздөмөсү менен учуу аралыгын эске алып, бул чындыгында Бириккен Араб Эмираты менен Улуу Британияда иш алып барган Milanion Group компаниясы иштеп чыккан FP-5 ракетасынын украин варианты болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышууда.

FP-5 жана анын мүнөздөмөсү

Курал-жарак жана учкучсуз аппараттарды чыгарган Milanion Group компаниясы Украина менен 2021-жылы эле кызматташкан. Анда "Украиналык бронетехника" компаниясы алардан сегиз дөңгөлөктүү, роботтоштурулган жер үстүндө жүрө турган AGEMA UGV 8×8 транспортун сатып алган.

Кийинчерээк бул платформаларды фронтто "Кракен" атайын аскердик бөлүгү да колдонуп, ок-дарыларды жеткирүү жана эвакуация иштеринде пайдаланган.

Ошондой эле Milanion Group компаниясынын Британиядагы бөлүмү Milanion NTGS азыр Украинанын Куралдуу күчтөрүнө брондолгон VAMTAC машинесинин шассисине орнотулган 120 миллиметрлүү, өзү жүрүүчү Alakran миномётторун жеткирип жатканы белгилүү.

Быйыл февралда өткөн IDEX-2025 аскердик форумунда Milanion Group өзүнүн жаңы FP-5 канаттуу ракетасын коомчулукка биринчи жолу көрсөткөн.

Маалыматтарга ылайык, FP-5тин учуу аралыгы 3000 чакырымга чейин, бийиктиги 5 чакырымга чейин, крейсердик ылдамдыгы саатына 850–900 чакырым, максималдуу ылдамдыгы саатына 950 чакырым. Ал эми абада 4 саатка чейин кармалып тура алат.

Компаниянын мүнөздөмөсүндө:

"Жерден учурулуучу Milanion FP-5 канаттуу ракетасы — бул учкучсуз авиациялык система. Ал 1000 килограммга чейин жүк көтөрүп, белгиленген топографиялык координаталары бар жердеги буталарды жок кылуу үчүн колдонулат. Ракета күндүз да, түнкүсүн да, радио сигналдарды кабыл алууга тоскоолдук жаралган шартта да колдонууга ылайыкташтырылган", — деп айтылат.

Ал эми бельгиялык Army Recognition порталы кошумчалагандай, FP-5 системасынын топтомуна ракетанын өзүнөн тышкары катуу отундуу кыймылдаткыч, жерден башкаруучу станция, транспортировка үчүн комплект, учуруучу система жана запастагы тетиктер кирет.

Ошол эле учурда бул ракетаны учуруу үчүн салыштырмалуу көп убакыт — 20 мүнөттөн 40 мүнөткө чейин талап кылынат.

Украиналык Defense Express порталынын байкоочуларынын түшүндүрмөсүнө ылайык, бул Milanion Group компаниясынын атайын тандоосу болгон. Себеби мындай ыкма өндүрүштүн наркын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

"FP-5 мүмкүн болушунча жөнөкөй жасалган. Канаты бүктөлбөйт, учуруу үчүн транспорттук контейнер эмес жөн гана багыттоочу жабдыктан колдонулат. Башка канаттуу ракеталарга салыштырганда стартка даярдык өтө узак — 20–40 мүнөт. Бирок бул баасына, жөнөкөйлүгүнө жана өндүрүш темпине шайкеш келет".

Орусиянын аскердик өнөр жайына коркунуч туудурган жөнөкөй ракета

Украина айына элүүгө жакын "Фламинго" чыгарууга чама-чаркы жетеби же жокпу, азырынча белгисиз.

Бирок 10–15 ракета чыгара алса да, ар биринде бир тоннага чейин жардыргыч зат болсо, Орусиянын ири аскердик заводдору үчүн чоң коркунуч жарата алат.

Эгер ракета чын эле 3000 чакырымга чейин уча ала турган болсо, анда Украина Орусиянын чек арага жакын райондорун гана эмес, бүтүндөй Европа бөлүгүн, ал тургай Урал менен Татарстандагы объектилерди да бутага алууга кудуреттүү болот.

Мисалы, Киев менен Москванын аралыгы 750 чакырым. Харьков облусунан Татарстандагы "Шахеддер" чыгарылган Елабуга шаарына чейинки аралык болжол менен 1400 чакырым, ал эми ошол эле Харьковдон Ижевскидеги "Купол" заводунa ("Шахед" чыгарган дагы бир ишкана) чейинки аралык 1300 чакырым.

Азыр деле Украина алыскы аралыктагы айрым объектилерге дрондор аркылуу сокку урууга чамасы жетет. Бирок "Фламингонун" 1000 килограммдык жардыргыч жүгү кадимки дрондордун мүмкүнчүлүгүнөн алда канча күчтүү.

Демек, Орусиянын абадан коргонуу системасы бул жаңы украиналык канаттуу ракеталарга канчалык туруштук бере алат деген суроо жаралат. Себеби бул аппараттар көлөмү чоң, канатынын узундугу 6 метр, ал эми учуруу маалындагы максималдуу салмагы 6 тонна.

Орусиянын аймагы абдан чоң болгондуктан, "Фламингонун" чабуулуна толук каршылык көрсөтө турган абадан коргонуу системасын куруу дээрлик мүмкүн эмес. Эгер ракета айына ондоп чыгарылса, Орусия маанилүү объекттерин түгөлү менен коргоого жетишпейт.

"Бул жөнөкөй ракета, аны Storm Shadow же SCALP менен салыштырууга болбойт. Бирок бул жерде өтө татаал башкаруу системаларынын деле кереги жок… Анткени негизги максат — Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексин талкалоо. Ал болсо абдан чоң", — дейт "Реактивдүү почта" фондунун аскер ыктыярчысы Павел Нарожный.

Ал: "Заводдордун көбүн биз азыр деле арзан дрондор менен бутага ала алабыз. Алар миң чакырымдык ылдамдыкта эмес, болгону саатына 200–250 чакырым менен учат", — деп кошумчалады.

"Фламингонун" украиналык өндүрүүчүсү деп аталып жаткан Fire Point компаниясынын өкүлү ракеталар америкалык "Томагавк" менен салыштырганда алардан артык экенин билдирди.

"Биринчиден, "Томагавктар" эскирген. Экинчиден, техникалык мүнөздөмөлөрү азыркы "Фламингодон" кыйла начар. Бардык жагынан артта калышат. Үчүнчүдөн, жеткирүү жана ташуу чыгымдарын эсепке албаганда да болжол менен беш эсе кымбат", — деп түшүндүрдү компания өкүлү.

Компания өкүлү мындан тышкары бул ракеталар прототип эместигин, толугу менен Украинада өндүрүлгөнүн жана сериялык чыгарууга киргенин баса белгиледи.

Бирок "Фламинголор" реалдуу согуштук кырдаалда Орусиянын күчтүү абадан коргонуу системаларына каршы кандай натыйжа көрсөтөт деген негизги суроо ачык бойдон калууда.

Кылдат мамилени талап кылган саясий аргумент

Павел Аксенов, Би-Би-Си орус кызматынын аскердик баяндамачысы:

Жаңы ракета сыноодон өткөнүн жарыялоо маанилүү сүйлөшүүлөрдүн алдында саясий мааниге ээ. Бул Володимир Зеленскийдин бир аргументи болушу мүмкүн: Украина жөн гана коргонбостон, ал олуттуу сокку урганга да жөндөмдүү.

Украина прессасы ракетага согуштук шартта сыноо жүргүзүлгөнүн билдирсе да, чындыгында анын жөндөмдүүлүгү тууралуу көп маалымат жок. Ал 1000 килограммдык жардыргыч менен 3 миң чакырымга уча алабы же жокпу, чындыгында эч ким билбейт.

Бирок буга олуттуу кароо керек. Биринчиден, эгер чындап эле уча алса, мындай сокку абдан чоң зыян келтирет. Себеби 1000 килограммдык жардыргыч зат "Калибр" же Tomahawk ракеталарына салыштырмалуу дээрлик эки эсе чоң. Экинчиден, сүрөттөргө караганда, бул ракета салыштырмалуу жөнөкөй согуштук курал.

Ал, балким, эч кандай татаал навигациялык системаларга ээ эмес. Ракета көпчүлүк учурда спутник, автопилот, жана GSM-модуль менен, орусиялык SIM-карта аркылуу жөндөлөт.

Балким, ал бир нече метрдик тактык менен сокку урганга мүмкүндүк берген кымбат жана татаал багыттоо системасына ээ эмес. Бирок эгер бута завод болсо, мындай тактыктын кереги жок.

Мындай ракета радиолокацияда чоңураак көрүнүп турат. Реактивдүү кыймылдаткыч, металл конструкциясы менен радарда учак сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Аны кандай гана зениттик ракеталык комплекс болбосун атып түшүрө алат.

Бирок ракета 3 миң чакырым алыстан учса, анда ар бир чоң заводду же маанилүү объектти коргоо үчүн абадан коргонуу системаларын дайыма даярдыкта кармап туруу керек болот. Ошондой эле бул ракетанын баасы аны атып түшүрүү үчүн колдонулган эки зениттик ракетаныкынан да арзан болуп калышы мүмкүн.

Украина реактивдүү кыймылдаткычтарды чыгарган өлкө. Мисалы, Р95-300 "Мотор-Сич" заводунда курулган. Мындай кыймылдаткычтардын запасы сакталган-сакталбаганы белгисиз, бирок Украинада мындай куралды жасай алган адистер бар.

Украина учактарды чыгарган өлкө. Азыр сериялык өндүрүш токтоп калган, бирок авиациялык инженерлер бар. Ошондуктан саясий аргумент катары көрүнгөн маалыматты көңүл сыртында калтырууга болбойт.