"Бизге деген лыжа база коңшу өлкөгө курулганда ардандым"
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Саналуу күндөн кийин Кытайда кышкы олимпиада оюндары башталат. Чыныгы спорт катары алсак бул өтө зор иш-чара. Дегенибиз миңдеген чакырым ыраакта өтө турган мелдешти Нарындын кенедей айылындагы лыжа чебери Мурат Искенов күн санап күтүүдө.

Мурат Искенов адегенде лыжа жарыштарын, биатлонду андан соң хоккейди көрөрүн айтты. Ал бала кезинен Казан-Куйган айылында лыжа тээп чоңойгон. Убагында республикалык сынактарды жеңгени менен эл аралык сынактарга ар кандай бут тосуулардан, кээде нормативи жетсе да жашы жетпей барбай калган учурларын эскерди. Ал тургай мындан көп жыл мурун өзү сыяктуу спортчулар бара турган мелдешке башкалар турист катары кеткенин угуп, көңүлү чөккөнүн да кошумчалады.

Машыктыруучу: Айылда туруп олимпиаданы кыялданабыз...
Ушунун баарын эске алып жаш балдар азыртан машыгып, спортко бышып, эл аралык деңгээлге чыкса дейт. Олимпиадага жолдомого чейинки жол – жөнөкөй дене тарбиядан башталат. Адегенде спорттун тигил же бул түрү массалык спорт катары жайылып, ага каалочулар тартылат. Каалоочулардын арасынан ышкыбоздору кийинки баскычка, андан чыдамкайлары, мыктылары улам кийинки баскычка эленип олтуруп курама командага, анан олимпиадага жол ачылат эмеспи. Кышкы спортто дал ошондой баскычтардын жокко эсе экени эле, эмне себептен олимпиадага жолдомобуз дагы жокко эсе экенин дароо түшүндүрчүдөй. Мурат Искенов мамлекет лыжа спортун эбак эле унутуп койгон, болбосо улуттун саламаттыгына өтө чоң салым кошо турган багыт дейт. Эмнегедир спорттун бул түрүнө көңүл бурган меценаттар дагы өтө сейрек.

"Көбү кышкы спортту кымбат дегени менен чындап келгенде андай деле кымбат эмес. Жаш балдарды камдоо үчүн 5-6000 миң сом лыжа, кийимине жетет. Башка жерлерге каттап кала турган болсо дагы бир аз чыгымдары кошулат. Бирок, залга акча төлөйм дебеген соң талаа бекер. Этияттап кийип, этияттап тепсе ошол эле кийим менен лыжа эки эки кышка жөн эле чыдап берет. Албетте, сапаттуусун, мыктысын алам десе баа кымбаттай берээри турган иш. Лыжа жарышы жеңил атлетчилер үчүн дагы өтө мыкты болмок. Жайкысын чуркап, кышкысын лыжа тебүү дасыккан спортчуга дагы экинчи дем берет. Эң башкысы таза аба",- дейт Мурат Искенов.

“Кар кендерин” качан пайдаланабыз?
Кыргызстанда кен казыла турган болду дегенде эле көп учурда чуру-чуу кошо чыгат. Адегенде эле "кен казгандардын басымдуусу кытайлар, алар экологияга башын да оорутпайт, суусун булгайт, тоону томкоруп салып кете берет" деген ишенбөөчүлүк күч. Ошентип аларды табиятты талкалады, коррупция менен иш бүтүрөт деп кубалап чыккан фактылар дагы бар. Ошол эле учурда туризм тармагында иш алып баргандар экологияны бузбай турган өтө кирешелүү булак бар дешет. Алардын жүйөсүнө караганда, кышкы туризмди жолго койсо рельефтин ыңгайлуугу, кардын калыңдыгы, аба-ырайы чоң кирешеге өзү эле өбөлгө түзмөк. Экономикалык жагынан сырткары дал ошондой жайлар кышкы спорттун массалык жайылышына шарт түзүп, чоң мелдештерге жол ачмак.

Сүрөттүн булагы, Марат Данилов тарткан сүрөт
Марат Данилов бир топ жылдан бери жайы, кышы дебей турист тосот. Анын иши аларды коштоп ой-кырды кыдырмай. Жол баштайм деп жүрүп Кыргызстандын төрт бурчун кычыгына чейин кыдыраганын айтып берди. Ошондон улам “кар кенибиздин” миллиондору пайдаланылбай жатат дейт.

Сүрөттүн булагы, Марат Данилов тарткан сүрөт
Каракол лыжа базасы Кыргызстандыктар мактанган жайлардын бири. Бирок, чу дегенде эле баасы кымбат, ошого карабай кишинин көптүгүнөн акыйып кезек күтөсүң, кары бат тапталат дегендер бар. Марат дал ошол эле капчыгайга жанаша дагы үч капчыгайда укмуш сонун базаларды курса болорун айтууда. Анын пикиринде Каракол базасынан ашып түшчү ыңгайы бар жерлер пайдаланылбай турат. Эгер аларды курса бир жагынан баа арзандап, атаандаштыктан улам мыкты шарт жаралмак. Ошонун аркасы менен кышкы спорт дагы жанданмак.

Сүрөттүн булагы, Марат Данилов тарткан сүрөт
Марат өз ишмердигинде туризмге инвестиция салам деген чет өлкөлүктөрдү дагы көргөнүн, айрымдарынан кабары бар экенин айтып берди.
"Чет өлкөлүк инвесторлор келип, кайсы жерге база курса болот деп түрө кыдырып, жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү өткөргөн экен. Дал ошол базалар үчүн жер чалгындайбыз деген инвесторлорду достор, тааныштар коштоп, кыдыртып анан узаткан. Бирок алардын аракеттеринен майнап чыкпай, дал ошол инвестор кышкы сезонунун кыскалыгына карабай эс алуучу жайды Өзбекстанга курганы белгилүү болду. Кийин өзүм Өзбекстанга барып, дал ошол жерде лыжа тээп, өз көзүм менен көрүп келгем. Көрүп алып аябай ардандым. Ошол каражат бизге келсе кандай болмок? Ал жерден биздикинин кооздугун, муз тебе турган мөөнөттүн узактыгын айт. Аларда болсо болгону эки айга созулат. Бизде бул тармаккка инвестиция тартуу, шарт түзүү, инвесторго кепилдик берүү жагынан баары ачык-айкын, мыйзамдуу жүрсө",- дейт Марат Данилов.

Сүрөттүн булагы, Марат Даниловдун сүрөтү
Быйыл кар көздөн учту...
Кээ бир божомолдорго карганда бир нече жылдан соң Борбордук Азиянын көп аймагы кургап, чөлгө, жарым чөлгө айланат. Кардын аздыгы, мөңгүлөрдүн эрип, кемип бара жатканы кыргыз коомун канчалык ойго салат? Экологиясын сактап, бар табиятын бүлдүрбөй туризмге төп келтире алабы? Кирешени мындан ары деле кен казуудан издей береби же тез калбына келе турган, зыян алып келбегидей багыттарына дагы өтөбү деген суроолор күндөн күнгө актуалдуу болуп баратат. Сиз кандай ойдосуз? Пикир калтырыңыз...












