You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бангладеш индуисттери: кол салуулардан кийинки коркунучтагы жашоо
Көптөгөн индуисттердей эле Бонолата Дас храмды коопсуз жана ыйык деп эсептечү.
Ал 21 жаштагы студент уулун Бангладештин түштүк-чыгышындагы Ноакхали районундагы храмда калып калууга уруксат берип жатып, эч сарсанаа болгон эмес эле.
Бирок бөөдө кырсык болду. Анын уулу бул храмда жүздөгөн диний фундаменталистттердин, өлкөдөгү көпчүлүктү түзгөн мусулмандардын, ур-токмогунан каза тапты.
"Менин кенжем мага аябай жакын эле. Анын өлүмүнөн кийин жүрөгүм сыздап жатат, баарынан айрылдым", - дейт Дас көз жашын тыя албай.
Комилла шаарында жыл сайын өтүүчү индуисттердин Дурга Пужа диний фестивалында атайын павильондо Куранга шек келтирилген деген айың кеп өлкөдө массалык зомбулукка алып келди. Дастын уулу анын курмандыгы болуп калды.
Бул ушак бир нече саатта эле коомдук сайттарда тарап, жүздөгөн мусулмандар Комилла шаарындагы диний павильондорду талкалап киришти.
Зомбулук андан кийин бат эле Бангладештин башка аймактарына жайылып кетти. Храмдар талкаланып, индуисттердин жүздөгөн турак жайлары жана мекемелери өрттөлдү.
Ал күндөрү жети адам каза тапты, алардын экөө - индуисттер. Полиция жаалданган сүрмө топту басуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана ок ачканга туура келди.
Эл аралык Кришна аң-сезими коомуна (ISKCON) тийиштүү храмга кол салуу болгонун угары менен Дас үй-бүлөсү менен баласын издеп жатты. Уулунун жансыз денесин ал бир күндөн кийин жакын эле жердеги көлмөдөн тапкан. Айтымында, маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери болгон.
"Биз үйүбүздөн кайткандан, дагы кол салуудан коркуп жатабыз", -дейт Дас Би-Би-Сиге. "Ушул тапта мен ошол храмдамын".
Бангладеште 165 миллион калк жашаса, анын 9% индустар. Буга чейин деле диний азчылыктарга карата кол салуулар болуп келген, бирок коомчулуктун лидерлери соңку окуяларды өлкө тарыхындагы эң масштабдуу кол салуу болду дешти.
"Бул алдын ала пландалган индуист коомчулугуна кол салуу болду", - деди Комилла шаарындагы индуисттик фестивалдардын комитет жетекчиси Ачинта Дас.
Ал индуисттер Куранга шек келтирди деген сөздү четке какты.
Храмга болгон кол салуунун эртеси эле премьер-министр Шейх Хасин зомбулукту айыптап, кылмышкерлер "жазасын алышы керек" деди.
"Биз буга чейин андайды жасаганбыз, аны дагы ишке ашырабыз. Алар тийиштүү жазасын алышы керек", - деди ал.
Мындай эскертүүлөргө карабай, зомбулук Бангладеште кулачын жайып, азчылык өкүлдөрү коркуп жана паникада күн кечирүүдө. Өкмөт ал тургай баш аламандыкка жол бербөө үчүн 22 округга коопсуздук күчтөрүн киргизүүгө мажбур болду.
Бир жумадан кийин Бангладештин түндүгүндө индуисттердин ондогон турак жайлары өрттөлдү. Бул коомдук сайттарда индуисттер исламдын ыйык жерин мазактап жатат деген маалыматтан кийин орун алды.
"Сүрмө топ бери жылганы угулуп, мен эки балам менен жан сактаганы качып чыктым, биз күрүч талаасында жашынып калдык", - деди Би-Би-Сиге Рангпур районундагы Биргунжа деген жердин тургуну Нанда Рани.
"Ал жерде жашынып отуруп үйүбүздү кантип өрттөп жатышканын карап турдук. Үйүбүз толугу менен тыйпыл болду, азыр эми чатырда күн кечирип жатабыз".
Бангладештин ички иштер министри Асадуззаман Хан жүздөгөн адамдар кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты. Ал журналисттерге адамдар атайылап эле "пропаганданы" таратып, өлкөдө мурда болгон ырайымсыз окуялардын видеосун таратып, элди козутуп жатканын айтты.
Ислам кыймылынын лидерлери, алар диний азчылыктарга карата бардык зомбулукка каршы экенин жар салышты.
"Храмга кол салып жаткандар жазаланышы керек. Биз баарыбыз ынтымак, ырашкерликте жашашыбыз керек", - дейт Маулана Мужибур Рахман Амиди. Ал Бангладештеги Ислам саясий партиясынын төрага орун басары.
Бирок Амиди, башка мусулман лидерлери дагы исламды мазактагандарды катаал жазалоого чакырышкан.
Бангладеш Пакистандан бөлүнүп, 1971-жылы эгемендикке ээ болгондон бери светтик өлкө болгонуна сыймыктанып келет. Өлкөнүн Баш мыйзамында ислам мамлекеттик дин экени айтылат, ал ошондой эле секулярдуулукту да колдойт.
Бирок талдоочулар соңку кезде радикал ислам топтору кенен жайылып, ал эми 2008-жылдан бери бийликте келе жаткан Лига Аваминин күндөн күнгө өсүп жаткан диний сабырсыздык жана фундаментализмге алы келбей барат.
"Өкмөт чектелген демократиялык түзүлүш фонунда жана саясий ой-толгоолордон улам фундаменталисттик күчтөр менен мунасага барды", - дейт белгилүү экономист Дебаприя Бхаттачарья.
"Жыйынтыгында фундаменталисттер атак-даңкка жана таасирге ээ болду", - дейт ал.
1947-жылы Британ Индиясына эгемендик берилип, өлкө Индия жана мусулмандар көпчүлүктү түзгөн Пакистанга бөлүнгөнү субконтинетте диний негизде зомбулук уланып келет.
1971-жылы кан төгүүлөрдөн кийин Бангладеш, андан кийин Чыгыш Пакистан Пакистандан көз карандысыздык алды. Индия эгемендик үчүн күрөштө Бангладешти колдоп, өз аскерлерин жөнөтөт.
Түштүк Азияда азыр деле бул бөлүнүүнүн көлөкөсү тургансыйт.
"Бангладеште индуист коомчулугуна кол салуу он жылдап системалуу түрдө созулуп келет. Уюшуп алып Бангладеште индуисттик үй, жер тилкелерин басып алуу аракеттери бар. Бул себептүү алар өлкөнү таштап кетүүгө мажбур”, - дейт Рана Дасгупта. Ал индуисттик, буддисттик жана христиан бирдиктүү кеңешинин баш катчысы.
Индуисттик коомчулуктун лидерлери 1947-жылы калктын саны 30%, ал эми ушул күндөру 9% кыскарганын айтып жатышат. Көпчүлүгү коңшу Индияга качып кирген.
Укук коргоо уюмдары өкмөттөр алмашып, бирок диний азчылыктарга болгон кол салууларга карата ыкчам чаралар болгон эмес деп жатышат.
"Азчылыкты коргоо маселесинде тийиштүү иликтөө болбогону мыйзам ченемдүү эле көрүнүш болбостон, өзүн сооротуу да болгонун көрсөтөт", - дейт Саад Хаммади, Amnesty International уюмунун чыгыш азиялык активисти.
"Коомчулукка карата зомбулук ал үчүн жаза жоктугунан жана укукук жакта коргоо жоктугунан кайталанып атат".
Бангладештин Юстиция министри Анисул Хук диний азчылыктарга карата кол салуулар боюнча иликтөөлөр ордунан жылбай жатат деген дооматтарды четке кагат.
"Бардык инцидиенттер териштирилип жатат. Мындай учурларда иликтөөгө көбүрөөк убакыт кетет. Биз иликтөөлөрдү болушунча тездетип жатабыз", - деди Хук Би-Би-Сиге.
Министр ошондой эле өкмөт өкмөт исламчыларга тартып жатат деген сөздөрдү четке какты. "Мындай ойдун болушу туура эмес. Биз ар бир диндин өкүлдөрү гармонияда жашашын каалайбыз", - деди ал.
Ал арада чек арадан ары Индияда мусулмандарга каршы маанайлар өсүүдө. BJP индуисттик-улуттук партиясы Бангладештеги консервативдик мусулмандардын кыжырынын келүүсүнө жарым-жартылай жоопкерчиликтүү.
BJP Бангладештен иммиграцияга келгендерди сестентип, ал Даккада кыжырланууга алып келип, Индиядагы консервативдүү көз караштагылар Бангладештен келгендерди депортициялоого чакырып жатышат.
"Индияда болуп жаткан окуялар – диний азчылыктарга карата мындай мамиле – абдан кейиштүү. Айрымдар муну Бангладештеги азчылыктарды куугунтуктоого шылтоо кылып жатат", - деди экономист Бхаттачарья.
"Ар бир өкмөттүн милдети – өз жарандарына туура мамиле кылып, алардын укугун жана коопсуздугун коргоо", - деди ал. (EK)
Даккадагы Салман Саид бул макаланын жазылышына салымын кошту.