Индия: пайгамбар тууралуу чагымчыл билдирүү башаламандыкка алып келди

Индиянын Бангалор шаарындагы тополоңдон үч киши каза тапты. Жаңжалга коомдук сайттарга жарыяланган чагымчыл билдирүү себеп болгон деп айтылды.

Маалыматтарга караганда билдирүүнү жергиликтүү саясатчынын жакын тууганы жазган. Ал Facebook баракчасына жазган билдирүүсү менен "Мухаммед пайгамбарга акаарат келтирди" дейт жергиликтүү мусулмандар. Нааразылык ушундан тутанып, көптөр саясатчынын үйүнүн жанына топтоло баштаган. Алар саясатчыны камакка алууну талап кылышты. Анын үйүнө кол салуу аракети болуп, полиция жаалданган топту таратуу үчүн кулак тундуруучу гранаталар менен көз ачыштырган газды колдонду. Кийин ок атылганы айтылып жатат. Аймакта түндөсү башаламандыктар болду.

Окуя болгон Карнатака штатынын бийлиги каза тапкандар бар экенин расмий ырастады. Жаңжалга себеп болгон билдирүү Facebook баракчасынан өчүрүлгөн. Штаттын ички иштер министри Аханда Мурти мусулмандарга кайрылып, мыйзамды бузбоого чакырып, "күнөөкөр жазасын ала турганын" убадалады.

Индия светтик өлкө деп саналып, кайсыл бир динге артыкчылык бербейт. Бирок ошол маалда калктын чоң бөлүгүн түзгөн мусулмандарга карата өлкөдө тескери пикирлер күчөгөнү айтылып келет. Бир жыл мурун мусулмандар көп жашаган Кашмир автономия укугунан ажыратылган.

Февралдын соңунда Делиде катарынан үч түн мусулмандар жашаган райондорго кол салуу болуп, 27 киши каза тапкан эле. Февралдагы кагылышууларга башкаруучу «Бхаратия Жаната» партиясынын лидерлеринин бири Капила Мишранын кайрылуусу себеп болгону айтылган. Ал тарапташтарынын алдында митингде сөз сүйлөп, жарандык боюнча мыйзамга каршы чыгып жаткандарга тоскоолдук жаратуу үчүн Делинин негизинен мусулмандар көп жашаган районунда чогулууга чакырган экен.

Өткөн жыл соңунда Индия бийлиги Бангладеш, Пакистан, Ооганстандан качып келген мусулман эмес адамдарга жеңилдетилген шартта жарандык берүү боюнча жаңы мыйзамды сунуштаган. Ошол эле маалда көптөгөн штаттарда жергиликтүү мусулмандарга Индия жараны экенин далилдөөнү сунуштап чыгышкан. Эгерде алар далилдей албаса, анда депортация болорун эскертишкен. Бул мыйзам долбоору мусулман коомчулугун ачууланткан эле. Индиялык мусулмандар жарандык жөнүндөгү жаңы мыйзам диний жагынан мусулмандарды басмырлап жатканын, анын теңчиликти кепилдеген Баш мыйзамга каршы келерин билдирип, дискриминацияга каршы акцияларды өткөрүшкөн. (AbA)