You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Тамеки, фонограмма, электромобилдер”. 2023-жылдан тарта кайсы мыйзамдар күчүнө кирди?
2023-жылдын башталышы менен Кыргызстанда буга чейин өзгөртүлгөн бир топ мыйзамдар күчүнө кирди. Сиз Жаңы жылдык каникулдарда жаңы мыйзамдар күчүнө киргенин байкабай калышыңыз мүмкүн: Би-Би-Си кыргызстандыктарга маанилүү жана кызык болгон өзгөрүүлөрдү тизмектеди.
Соцфондго төлөмдөр азайды, эски ККМдер жараксыз
Эми жылдык кирешеси 30 млн сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төлөмдөрү төмөндөтүлдү. Бул жеңилдик 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот. Салык кызматы бул бизнести колдоо жана аны “көмүскөдөн чыгаруу максатында” жасалганын белгиледи.
Өзгөртүүлөрдүн мамлекеттик бюджеттен каржыланган же 51%+ мамлекеттик үлүшү бар уюмдарга тиешеси жок.
Жаңы тарифтер төмөнкүдөй болуп аныкталды:
- жумушчуларынын саны 5-15 киши болсо - 27,25%дан 22%га чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 12 % жана жумушчудан 10%);
- жумушчуларынын саны 15 же андан көп болсо - 27,25%дан 14%га чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 4 % жана жумушчудан 10%);
- беш жумушчудан аз болгон чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өзгөрүүсүз калды – 27,25% (жумуш берүүчүдөн 17,25% жана жумушчудан 10%).
Мындан тышкары, чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду (0,25 %) алып салынды.
*Бул чечим 2022-жылдын ноябрь айында кабыл алынып, декабрда эле күчүнө кирген. Бирок Жаңы жылдан тарта толук кандуу ишке кирди.
Ал эми эски кассалык-көзөмөл машинасын (ККМ) колдонгон ишкерлер 1-январга чейин аларды жаңылашы керек болчу. Салык кызматынан эски (2022-жылдын 1-майына чейин катталган) ККМдерде “фискалдык модулдар жок” болгондуктан алар талапка жооп бербегенин билдирди. Жаңы ККМге өтпөгөн ишкерлерге 23 миң сом айып пул салынышы мүмкүн.
Айдоочулар жана ОСАГО полиси
Кыргызстандык айдоочулар 1-январдан тарта “автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу” (ОСАГО) полисин каттай башташы керек. Полиси жок айдоочуларга 1-апрелден тарта 3 миң сомдук айып пул салына баштайт.
Мамлекеттик финансы көзөмөл кызматы ОСАГО жол кырсыктын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында киргизилгенин белгиледи.
ОСАГО полисинин базалык өлчөмү 1680 сом, бирок ал унаанын түрү, кыймылдаткычтын көлөмү, жадагалса айдоочунун жаш курагы менен айдоо стажына карап өзгөрүшү мүмкүн.
Жол кырсыгынан каза болгон жабырлануучуга камсыздандыруучу компания тарабынан 300 миң сом каралган. Ал эми жабырлануучуга майыптуулуктун белгилениши үчүн төмөнкүдөй төлөнөт:
- I топтогу - 200 миң сом;
- II топтогу - 150 миң сом;
- III топтогу - 100 миң сом;
- эгерде жаш бала майып болуп калса - 200 миң сом; майыптуулук белгиленбестен майып болууга, жаракатка же ден соолугунун башка бузулушуна – амбулатордук жана (же) стационардык дарыланууга иш жүзүндө жумшалган чыгымдардын өлчөмүндө, бирок 100 миң сомдон ашык эмес.
Ошондой эле, жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыян үчүн – келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок ар бир жабырлануучуга 150 миң сомдон ашык эмес жана бардык жабырлануучуларга 450 миң сомдон ашык эмес кенемте каралган.
Электромобилдерге квота
2022-жылдын май айында Кыргызстандын аймагына атайын квота менен беш миң электромобилди бажы төлөмдөрүсүз киргизүүгө уруксат берилген. Бул жылы квота эки эсеге көбөйдү - эми кыргызстандыктар он миң электромобилди пошлинасыз алып кире алат.
Мындай квоталар ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө да киргизилди: Казакстан жана Беларусь 2022-жылы 10 миң, быйыл 15 миң электромобилди пошлинасыз киргизе алат. Ал эми Армения 2022-жылы 7 миң, 2023-жылы 8 миң унаа киргизсе болот.
Орусия квоталардан баш тартты, анткени орус бийлиги өздөрү электромобилдерди өндүрүүнү көздөйт. Баса, квота менен алынып келген электрокарларды Орусияга экспорттоого болбойт.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы төрт жылда Кыргызстанга болгону 239 электромобиль кирген. Ал эми ЕАЭБ атайын квоталарды киргизгенден кийин 2022-жылдын январь-октябрь айларында эле Кыргызстанга 1 094 электромобиль кирген - анын басымдуу бөлүгү (916) Кытайдан чыккан.
Кыргызстанга быйыл кирген электромобилдин орточо баасы 24,2 миң доллар - жалпысынан 26,5 млн долларлык унаа кирген.
Ишкерлерди текшерүүгө мораторий
Президент Садыр Жапаров 1-январдан тарта ишкердик субъекттерин текшерүүнү бир жылдык тыюу салган. Мындай мораторий 2018-2021-жылдары болгон, бирок 2022-жылы пландык текшерүүлөр жанданган болчу.
“Укук коргоо органдарынын, салык жана контролдоочу органдардын көп сандаган текшерүүлөрү жана ыйгарым укуктарынан аша чабуусу мындай проблемалардын бири бойдон калууда, аларга карата чакан, орто жана ири ишкердиктин өкүлдөрүнөн, анын ичинде коммерциялык банктардан көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. Көбүнчө бул негизсиз, кайталоочу же такыр мыйзамсыз текшерүүлөр, акча жыйноо фактылары кездешет”, - деп билдиришкен президенттик администрациядан.
Ошондой эле өз пайдасы үчүн негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзгөн мамлекеттик ыйгарым укуктуу кызматкерлер “ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчиликке тартылат” деп белгиленген.
Бирок айрым учурларда текшерүү жүргүзүүгө болот, алар:
- жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;
- ишкердик субъекттин арызынын негизинде;
- башка өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик органдарынын суроо-талабы боюнча;
- жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча;
- отун-энергетика комплекси жаатындагы мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча;
- бажы көзөмөлүндөгү товарлар;
- сырттан ташылган күйүүчү-майлоочу материалдардын сапатын текшерүү үчүн;
- жер казынасын изилдөөнү жана иштетүүнү жүзөгө ашыруучу мыйзамдардын ченемдерин сактоо маселелери боюнча;
- социалдык мааниси бар товарларга бааларды жөнгө салуу боюнча.
Тамеки де-юре кымбаттайт
Өкмөт тамекиге жана никотин камтыган продукцияга минималдуу чекене бааларды жогорулатты. Ага ылайык:
- чыпкалуу жана чыпкасыз сигареттердин бир пачкасы (20 даана) үчүн 100 сом. Буга чейин минималдуу чекене баа 90 сомду түзгөн;
- ысытуучу тамеки таякчасы (стик) жана тамекиси бар ысытуучу капсуланын бир пачкасы (20 даана) үчүн 100 сом;
- бир корпустагы никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолку колдонулуучу электрондук системасы (вейптин түрү) - бир даана үчүн 250 сом. Ал эми 2024-жылдын 1-январынан тарта - 300 сом;
- электрондук сигареттер жана буга окшош жеке электр буулантуучу түзүлүштөр (вейп) – бир даана үчүн 1300 сом. Ал эми 2024-жылдын 1-январынан тарта - 1400 сом.
“Минималдуу чекене баанын жогорулашы тамеки жана никотин камтыган продукцияны керектөөнү кыскартып, калктын саламаттыгына оң таасирин тийгизет”, - деп эсептейт Салык кызматы.
Кумар оюндарына лицензия
Президенттин “Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, 1-январдан тартып оюн автоматтарын мыйзамдуу казинолордо гана жайгаштырууга болот.
“Оюн автоматтарын соода борборлоруна, компьютердик клубдарга жана башка жайларга, ошондой эле жайлардан тышкары жерлерге орнотууга тыюу салынат”, - деп белгиленген жарлыкта.
Мындан сырткары, лицензиясы жок тотализаторлордун, букмекердик конторалардын ишмердүүлүгү мыйзамсыз деп табылды.
Жапаров ИИМге мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө бөгөт коюну тапшырды. Ошондой эле министрлик эки айдын ичинде жашыруун кумар оюндарын өткөрүп, аларга жашы жете электерди тарткандардын жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуусу керек.
“Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу жана өткөрүү фактылары аныкталганда оюндарга таандык буюмдар, анын ичинде оюн автоматтары, оюнда ставка жана байге болуп саналган баалуулуктар, ошондой эле мындай оюндарга катышуунун натыйжасында алынган башка кирешелер белгиленген тартипте алынууга жана мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш деп белгиленсин”, - деп айтылат жарлыкта.
2022-жылдын июнь айында узакка созулган талаштардан кийин Жогорку Кеңеш "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзам долбоорун кабыл алган. Ага ылайык, казинолор, тотализаторлор жана букмекердик конторалар мыйзамдаштырылган. Бирок, оюн-зоок жайларына жашы 21 жаштан жогору болгон чет элдик жарандар гана кире алат. Кыргызстан жарандарынын кирүүсүнө тыюу салынат.
Фонограмма менен ырдоого болбойт
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министрлиги мамлекеттик мекемелерде жана коомдук иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салды.
“Министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде (театрларда, спорт мекемелеринде, филармонияда, концерттик залдарда, кинозалдар, клуб, музей, китепканаларда), концерттик программаларда, маданий-массалык иш-чараларда өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулар 2023-жылдын 1-январынан баштап жандуу үн менен аткарылсын”, - деп көрсөтүлгөн буйрукта. Ишке ашарына ишенесизби?
Дары-дармектерге байкоо салуу
2023-жылдан тарта өлкөдө дары-дармектерди тамгалоо системасы киргизиле баштады. Көзөмөл органдары өлкөдөгү дары-дармектердин кыймылынын бардык чынжыры: өндүрүүчүдөн же импорттоочудан керектөөчүгө чейин көзөмөлдөй алат.
Бул Кыргызстанда мыйзамсыз сатылган дарыларга бөгөт коюу үчүн жасалат. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, импорттолгон жана сатылуучу дары-дармек каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүү пландаштырылууда.
“Ушул эле жылы көчөдө дарыларды саттырбоо максатында 42 жолу рейддер уюштурулган. Бул жана айтып кеткендей, негизи биздин жарандарыбыз ошол көчөдөн дарыларды албаса, бул маселе батыраак чечилмек. Себеби, дары-дармектер атайын бир шарттарда сакталыш керек. Туура сакталбаса, ал дарыдан пайда болбойт. Ушундай маселелерде биргеликте иштесек, туура болот деп эсептейбиз”,- деди Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин фармацевтикалык иштерди уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов.
Бул үчүн өлкөдө атайын маалымат системасы түзүлүүдө. Анда дары-дармек рыногунун бардык катышуучулары: өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, сатуучулар жана медициналык мекемелер катталат.
Баткендеги айылдардын аталышы өзгөрдү
Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы үч айыл аймак жана он айылдын аталышын өзгөртүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Эми 1-январдан тарта Кадамжай районунда:
- Марказ айылы - Айрыбаз (ошондой эле Марказ айыл аймагы Айрыбаз айыл аймагы болуп калды);
- Валакиш айылы - Тегирмеч;
- Халмион айылы - Жеңиш (ошондой эле Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан айыл аймагы болуп калды);
- Ноогардан айылы - Ак-Өргө;
Ал эми Лейлек районунда:
- Маргун айылы - Мурас (ошондой эле Маргун айыл аймагы Кең-Таала айыл аймагы болуп калды);
- Даргаз айылы - Кереге-Таш;
- Дархум айылы - Жети-Таш;
- Чурбек айылы - Үч-Булак;
- Мурза-Патча айылы - Ак-Босого;
- Комунна айылы - Сары-Дөбө деп өзгөртүлдү.
“Документтин максаты - айыл аймактарына жана айылдарга мурдагы жана азыркы учурда кеңири белгилүү болгон, учурда жашоочулар тарабынан колдонулуп келген, ошондой эле мамлекеттик, тарыхый жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен, аталыштарды кайтарып берүү болуп саналат”, - деп билдиришкен президенттик администрациядан. (ЕВ)