Дары-дармектер эми атайын система аркылуу тейленет

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жаңы жылга чейин Кыргызстанда дары-дармек соодасына байкоо жүргүзө турган автоматташтырылган тутум ишке кирет. Бул тууралуу тиешелүү департаментти экспертиза бөлүмүнүн башчысы Айнура Абалиева билдирди.

Бөлүм башчы мындай өзгөрүү сапатка, иреттүүлүккө алып келет деп эсептейт.

Би-Би-Си учурдагы дары-дармек системасынан кабар алып көрдү.

Бул биз барган Бишкектеги чоң базарлардын бири. Арзан, бирок лицензиясы жок, эч кандай эреже сакталбай эле дары-дармектер сатылып жатат. Адистер мындай шартта сатылган дарылар пайдасын бермек турсун зыянын тийгизет деп келишет.

“Эгер бир дарыны дарыгердин көзөмөлүсүз ала турган болсо, анын организмге болгон зыяны, кесепети аябай чоң. Анткени ошол антибиотиктерге организм көнүп алган соң туруктуу болуп, чындап керек болгон учурда эч кандай таасир бере албай калат. Экинчиден, кээ бир антибиотиктердин группасы түз эле бөйрөктүн функциясын бузат. Кээ бирлери керектүү эле учурда зыяндуу да таасирлерин таштайт. Ошондуктан мен айткым келет, ар бир дары-дармек, керектүү болсо деле врачтардын көзөмөлү менен рецепт аркылуу, мамлекеттик 24 саат онлайн контроль болгон бир система менен сатылышы керек”,- деди мурдагы министр Талантбек Батыралиев.

Айтмакчы, Батыралиев министр кезинде фармацевтика тармагын толук реформалайм деп киришкени менен аягына чыгара алган эмес. Ал муну убакыттын аздыгы жана чырмалышкан оор иш менен тоскоолдуктарга кабылдым деп түшүндүргөн.

Базарлардан, жөн эле жол боюнан дары сатып алгандар кадимки дарыканага каражаты жок экенин жүйө келтиришет. Бирок тобокели өтө чоң экени эстен чыккандай. Мамлекеттик органдар да бул маселени жөндөй албай келет. Ал тургай атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы кезинде бул тармактагы коррупция күч экенин айткан жайы бар.

“Ушул эле жылы көчөдө дарыларды саттырбоо максатында 42 жолу рейддер уюштурулган. Бул жана айтып кеткендей, негизи биздин жарандарыбыз ошол көчөдөн дарыларды албаса, бул маселе батыраак чечилмек. Себеби, дары-дармектер атайын бир шарттарда сакталыш керек. Туура сакталбаса, ал дарыдан пайда болбойт. Ушундай маселелерде биргеликте иштесек, туура болот деп эсептейбиз”,- деди Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин фармацевтикалык иштерди уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов.

Сапатсыз дарылар, дары соодасындагы баш аламандыктан канча киши жапа чеккени тууралуу так маалымат жок. Ал тургай окуучулар түрдүү дарыларды оңой эле сатып алып, алардын аралашмасын синтетикалык маңзат катары колдонуп жатышат деп коңгуроо каккандар бар. Чечүүнүн жолу барбы?

“Улуттук система болушу керек. Биринчиден, сыркоолуу контрафакт эмес, сапаттуу дары алганына ынанышы керек. Экинчиден, биздин дарыгерлер мамлекетке контрафакт эмес, сапаттуу дарылар кирди-чыкты болуп жатат деп күмөн санабагандай деңгээлге жетиши зарыл. Үчүнчүдөн, мамлекет дагы бул системанын алкагында керектүү салыктарды алуудан сырткары өз жарандарын 100 пайыз сапаттуу дары менен камсыз кылдым деген ою болуш керек. Бул эмне болот, жарандардын мамлекетке болгон ишеними артып, жакшы сапаттуу иштегенге аракет кылыш керек”,- деди медицина илимдеринин доктору Талантбек Батыралиев.

Батыралиев айтып жаткан система каражаттын жоктугунан 2015-жылдан бери ишке ашырылбай келет. Дары-дармек департаментинин дагы бир өкүлү Айнура Абалиеванын айтуусунда, системаны ишке киргизүүнүн биринчи этабы 2019-жылы аяктап, токтоп калган.

Эмне болгон система?

«Бул система Түркияда 16 жылдан бери ийгиликтүү колдонулуп келе жатат. Үч этапка бөлүнүп, биринчи этабынан кийин каражат маселесинин айынан токтоп турган. Былтыр Түркиянын дары-дармек агенствосу тарабынан Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине беш млн долларлык система-сертификат берилген. Ал түркчө болгондуктан, кыргызчага которулушу керек эле. Ал да бир топ акчаны чапчыйт. Былтыр өкмөт тарабынан бул үчүн 60 млн сом бөлүнгөн. Ошентип, экинчи этабы бир жылдан бери жасалып жатат. Март айында түрк компаниясы менен контракт түзгөнбүз. Азыр система даяр, ишке ашырып жатабыз.

Бул система дарынын өлкөгө киргенинен тарта бейтапка жетишине чейин көзөмөлдөйт. Ар бир дарынын таңгагына «кьюар код» (QR код) коюлат. Анда дары-дармек жөнүндө маалымат камтылат. Андан ары дары кайсы жакка барса, ошол жактан окулат: дистрибьюторлордун кампалары, ооруканалар, дарыканалар. Аны менен өлкөдө, анын ичинде кайсы жеринде, кайсы дарыкана же ооруканада кандай дарылар бар экендиги, алардын баалары көрө алабыз. Мындан сырткары, жарандар үчүн атайын мобилдик тиркеме болот. Ал аркылуу жарандар алар каалаган дары тууралуу кошумча маалыматтарды – кайдан келген(мыйзамдуу келгенби же контрафакпы), канча турат, мурда тажрыйбада кандай колдонулган, эффект/деффекттери жана башка тийиштүү информация ала алат.

Системанын өзгөчөлүгү катары, эгер башка өлкөлөрдө бул система үчүн бир эле код болсо, мисалы Европа үчүн, Америка үчүн деген сыяктуу, биздин өлкөдө мындай коддордун баары окулат. Ошондуктан дары-дармектин жетишсиздиги болбойт. Анткени биз бир эле код менен белгилүү бир талап менен дарыны бул системага киргизе турган болсок, өлкө кичинекей болгондуктан, дарылар жетпей калышы ыктымал. Анан дагы бир маанилүү жагы, дарыгердин көрсөтмөсү жок берилген жана рецепти жок дарылар сатылбай калат. Тагыраагы, оорулуу келип, бир дарыны сурады дейли, дарыканадагы фармацевт ал дарыны алат дагы, кьюар кодун окуйт. Эгер анда врачтын көрсөтмөсү жок сатылбашы керек деген талап болсо, анда сатылбайт. Бул ошентип автоматташтырылат»,-деди Абалиева.

Жогоруда сөз болуп жаткан система жаңы жылга чейин ишке кириши күтүлүүдө.

Сентябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган тутумду ишке киргизүүнү тездетүүнү тапшырган.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев дары-дармектин баасына, фармацевттик бизнестин көйгөйлөрүнө, медикамент аткезчилигине көңүл буруп, атайын жыйын өткөргөнү маалым. Анда Ташиев дары-дармектердин рыноктук наркын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, анын катарында калк үчүн өтө маанилүү дары-дармектин баасын төмөндөтүү чечимин кабыл алып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине чайкоочулукка жол бербөө үчүн натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын берген.

Анын негизинде текшерүү иштери жүргүзүлүп, дарыканаларда рейддер жүргөн. Дары дармек менен камсыздоо департаментинин маалыматы боюнча, буга чейинки текшерүүлөрдүн жыйынтыгында акыркы тогуз айда 84 дарыкана жабылып, 336 миң сом айыппул салынган.