“Жолдошум мага ВИЧти жугузуп коюп, таштап кетти...”

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Чынара
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ВИЧ инфекцияны жолдошунан жуктуруп алган жубайлардын бири

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жыныстык жол аркылуу жуктуруу көрсөткүчү 54% жеткенин дарыгерлер билдирүүдө. Муну жыныстык катнашка чейинки текшерүү же инфекция аныкталгандан кийинки жоопкерчиликтин аз болуп жаткандыгы менен байланыштырышат. Жубайлар бири-бирине жуктурган учурлар дагы бар.

Маектешибиз ВИЧ инфекцияны жолдошунан жуктуруп алгандардын бири. Ал аты-жөнүн так атагысы келбей, жүзүн жашырып окуясын айтып берди. Биз аны Чынара деп атап койдук.

“Турмушка чыккычакты менде ВИЧ жок болчу...”

Каарман менен BBC кабарчысы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ВИЧ инфекцияны жолдошунан жуктуруп алган жубайлардын бири менен BBC кабарчысы

ВИЧ кан аркылуу үч жол менен жугат. Биринчиси - зыянсыздандырылбаган медициналык шаймандар аркылуу, экинчи жолу – жыныстык катнаш, үчүнчүсү энеден балага боюнда бар кезде же төрөт учурунда жугуу коркунучу бар.

“2019-жылы турмушка чыккандан кийин боюмда болуп, жолдошум экөөбүз анализ тапшырганы ооруканага барганбыз. Ошондо экөөбүздөн тең ВИЧ инфекциясы аныкталды. Турмушка чыккычакты бул оору менде жок болчу. Бул жолдошумдан жукту”,- деди Чынара.

Бул илдет аныкталгандан кийинки Чынаранын абалын айтпасак дагы белгилүү. Санаага батып, жолдошу менен чыр-чатак ырбай бергендиктен боюндагы баласы төрт айлык кезинде түшүп калган.

Бирок, өзүн колго алып, дарыгер, психологдор менен тынымсыз иштешип, айткан эржелерди так аткарып келет.

“Жолдошум экөөбүз эки жолго түшкөнбүз. Ал өзүнүн турмушун куруп жатат. Мен азыр өзүмдүн ишим менен эле алек болуп жүрөм”.

Бул тууралуу Чынаранын ата-энеси жана сүйлөшкөн жигитинен башка жакындары билбейт. Ата-энеси үчүн бул кабар өтө оор болгон. Дарыларды үзбөй ичип, башкаларга жуктурбоо керек деген чоң жоопкерчиликти сезерин айтты. Келечекке болгон пландарын ишке ашыргысы келет.

“Балалуу болгум келет...”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Чынара бул илдет тууралуу интернеттен тынымсыз окуп, маалымат алып, дайыма көз салып турарын айтты. Ал ВИЧ менен деле кадимкидей жашап, дени сак балалуу болсо болот деген медицинанын кортундусуна ишенип, кайрадан үй-бүлө курууну пландап жатат.

“Сүйлөшкөн жигитим бул тууралуу билет. Ага карабай мага болгон мамилеси жакшы. Үч айдан кийин үйлөнөлү деп жатабыз. Мен деле балалуу болгум келет. Балага жугушу деле мүмкүн эмес. Ал төрөлгөндө өзүнчө сироптор берилет экен. Бул тууралуу дарыгерлер менен тынымсыз кеңешип, терең изилдеп билгем. Бул оорууну кабыл алгам”.

Чынара борбордогу СПИД борборго барып, дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп келет. Ал бул илдетти толук жеңбесе дагы, күчөтүп жибербей, жашоону улантып кетсе болот деп башка замандаштарына кайрыла кетти. Эң башкысы – жашырып, чүнчүп кетпегиле дейт.

Дарыгерлер Кыргызстанда энеден балага ВИЧтин өткөнү кыйла төмөндөгөнүн айтып сүйүнүшүүдө. 10 жыл мурун бул көрсөткүч 38% болсо, азыр 2,5% төмөндөгөн.

Жылына 800гө жакын адамдан ВИЧ аныкталат

ВИЧти алдын алуу борбору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек шаардык кан аркылуу жугуучу вирустук геппатиттерди жана ВИЧти алдын алуу борборунун дарыгери

Кыргызстан боюнча жылына ВИЧ инфекциясына кабылгандардын саны 800гө чейин жетет. 2023-жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстан боюнча 13200 кишиде бул илдет аныкталган. Алардын 29% Бишкек шаарында. Бишкекте катталгандардын саны 3226.

Экспресс тестирлөө жылдан-жылга жакшырып жаткандыктан, инфекцияны эрте аныктоо мүмкүнчүлүгү кеңейгенин дарыгерлер билдирип жатышат.

ВИЧ инфекциясы - өлүм эмес. Бул кан аркылуу жугуучу оорулардын катарына кирет. Андан толук дарыланууга азырынча мүмкүн эмес болсо дагы, социалдык жоопкерчиликти эске алуу менен азыркы заманбап шартта башкаларга жуктурбай, үй-бүлө куруп жашаса болору маалым. Ал өтүшүп кетсе СПИДге айланып кетиши толук мүмкүн.

Үмүткан Чокморова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук геппатиттерди жана ВИЧ инфекциясынын көзөмөлдөө борборунун жетекчиси

“Бул илдетти эрте аныкташ үчүн биз ДССУнун сунушу менен жаңы ыкмаларды көп киргиздик. Мисалы үчүн стационар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топтомунда 25-30 мүнөттө аныктала турчу ыкчам тестирлөө, чыпалактан кан алып аныктай турчу системаны киргиздик. Ушундай жол менен бул жылы эле 67 жаңы учурду аныктадык. Андан башка аптекалардан өзүн-өзү тестирлөө системасы бар”,- дейт Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук геппатиттерди жана ВИЧ инфекциясынын көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова.

Шприц же кан аркылуу жугуу коркунучун азайтуу үчүн “метадон” программасы иштелип чыккан. Метадон – бул суюк наркозат. Аны баңгизат менен жабыркагандар стационар же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып, өзүнө тийиштүү дозаны ичип кетишет. Таасири 24 саатка жетет. Ал эми андан күчтүү героин менен жабыркагандар үчүн бул доза 6-7 саатка жетет.

Андан сырткары, бейөкмөт уюмдардын жардамы аркылуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, абактарда шприцтерди алмаштыруучу пунктар бар. Баңгизат менен жабыркагандар шприцтерди алмаштырып тура алышат жана бул пунктарда презерватив кошо берилет.

Мындай аракеттер аркылуу дарыгерлер ВИЧтин кан менен жугуу жолу 80 пайыздан 43кө төмөндөгөнүн айтышууда.

“Бир эле Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнө жүзү боюнча жыныстык жол аркылуу жуккан учур көп болуп жатта. Туш келди жыныстык катнашка баргандардын арасында катталууда. Презерватив колдонушпайт. Буларды алдын алуу үчүн катнашка чейин иче турчу атайын дарылар бар. СПИД борборуна катталгандар келип, бул дарыларды алып кетип турушат. Бул катнашка чейинки алдын алуу дегенди түшүндүрөт”.

Кыргызстанда дарылар жетиштүү

ВИЧти алдын алуу борбору
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек шаардык кан аркылуу жугуучу вирустук геппатиттерди жана ВИЧти алдын алуу борборунун директору

Кыргызстанда буга тиешелүү дары-дармек жетиштүү экенин СПИД борборунун жетекчилери билдирди. Ал инфекция аныкталган адамга, каттоого тура элек болсо дагы же Кыргызстандын жараны эмес болсо дагы, дароо дарылар акысыз түрдө, өмүр бою берилет. Дарылар төрөтканаларда дагы бар. Боюнда бар аялдар төрөгүчө эки жолу тестирлөөдөн өтүшөт.

Дарылардын 20% дүйнөлүк фонд каржылайт. Ал эми өкмөт тарабынан жылына 20 млн сомго дары-дармек үчүн бөлүнүп берилет. Жалпысынан 2023-жылы 80 млн сом бюджеттен каралган.

Ар бир облустан жер жерлерди, жайлоолорду кыдырып, ВИЧ инфекцияны аныктоо үчүн тогуз мобилдик клиника иштейт. Бул жылы мобилдик клиника аркылуу 17 учур аныкталган.

Аида Карагулова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек шаардык кан аркылуу жугуучу вирустук геппатиттерди жана АИВди алдын алуу борборунун директору

“10 жыл мурун дарылануу чоң көйгөй болчу. Дарылар бейтаптын иммунитети аябай түшүп кеткен кезде гана берилчү. Дарылардын саны дагы көп эмес болчу. Эми азыркы үндө медицина дагы ордуна турбайт. Азыр инфекция чыккандан киийн дарылануу биринчиден, адамдын ден соолугун сактап калат, бул – таптакыр айыктырат дегенден кабар бербейт. Бирок, башкаларга жугузуудан сак болушат”,- дедиБишкек шаардык кан аркылуу жугуучу вирустук геппатиттерди жана ВИЧти алдын алуу борборунун директору Аида Карагулова.

Инфекция аныкталгандан кийин СПИД борборлордо атайын психологдор бейтаптар менен иш алып барышат. Алар моралдык жактан колдоо көрсөтүп, ийгилктүү мисалдарды келтирип, адамдын өзүн таштап салбоого көмөктөшөт.

Бул инфекция менен көп секторлуу күрөш керек экенин ак халатчандар билдирип келишет. Билим берүү министрлиги, ички иштер министрлиги менен бирге өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү аларды көзөмөлдөө иштери чогуу жүрсө инфекциянын алдын алуу, азайтууга жардам берерин айтышууда.