Орусия-Израиль мамилелери бузулду: Гитлердин тиешеси кандай?

Сергей Лавров

Сүрөттүн булагы, Mediaset

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров италиялык Mediaset телекомпаниясына берген маеги дипломатиялык чууга айланды. Украинанын президенти өзү еврей болсо, анын өлкөсүн кантип “нацификациялоого” айыптоого болот деген суроого Лавров жооп берип жатып, Адольф Гитлерде да “еврейдин каны” болгонун, жадагалса адатта “эң каардуу антисемиттер” еврейлер экенин айткан.

Лавровдун билдирүүсү Израилдин өкмөтүн жана дүйнөдөгү еврей уюмдарын кыжырдантты.

Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет, орус ТИМинин башчысын калп айтканга айыптап, Холокост трагедиясын саясий максаттарда колдонууга жол берилбестигин эскертти.

Ал эми Израилдин ТИМинин башчысы Яир Лапид, Лавровдун билдирүүсүн “кечирилгис” деп атап, Орусиянын элчисин министирликке чакыртты.

Өз кезегинде Орусиянын ТИМи, Израилди Киевдеги "неонацисттик режимди" кубаттоого айыптады.

Би-Би-Синин Иерусалимдеги кабарчысы, орусиялык министрдин сөздөрү Израиль жана Орусиянын ортосундагы мамилелердин бекемдигинин сыноосу болуп калышы мүмкүн деп белгиледи.

Лавров эмне деген?

Сергей Лавров Mediaset’ге (Сильвио Берлускони негиздеген Италиянын эң ири жеке медиаконгломерат) берген маеги 1-май кечинде жарык көргөн - анын чечмелөөсү Орусиянын ТИМинин сайтында жайгашкан.

Ага ылайык, суроолордун бирине министр Украинада “милитарист жана нацисттер” “өнүп-өсүп” кеткен деген жооп берген.

Мындай риторика орус бийлиги үчүн жаңы эмес. Орусиянын президенти Владимир Путин, орус аскерлеринин Украинанага бастырып киргендин себептеринин бири - өлкөнү “денацификациялоо” деп атаган.

Лавровдон маек алган Mediaset’тин журналисти, мындай көз караш менен тартышты. “Бул сиздин көз карашыңыз, Владимир Зеленский болсо такыр башка нерселерди айтууда. Ал денацификациялоону маанисиз деп эсептейт. Ал еврей да. Нацисттер, “Азов” - алар азчылык”, - деген ал Лавровго.

Орус ТИМинин башчысы буга эмне деп жооп берди?

Биринчиден, анын пикиринде, туткунга түшкөн “Азов” жана “Айдар” бөлүктөрдүн аскерлеринде свастика жана нацисттик батальондордун белгилери сыяктуу татуировкалары бар болгону, ошондой эле алар “Майн Кампфты” (Адольф Гитлердин автобиографиялык “Менин күрөшүм” китеби) үгүттөгөнү, Украинада нацизм бар болгонун далилдейт.

Лавров, Зеленский еврей деген аргументти ишенердик жүйө катары эсепке албады.

“Адашпасам, Адольф Гитлерде да еврейдин каны болгон. Бул эч нерсени билдирбейт. Даанышман еврей эли адатта эң каардуу антисемиттер - бул еврейлер деп айтат. Бизде айткандай “бир үйдөн бир жаман чыгат””, - деди Лавров.

Лавровдун сөздөрүнө кандай реакция болду?

Лавровдун Гитлер дагы еврей болушу мүмкүн деген билдирүүсү чууга айланды. Анын сөздөрүнө эң курч реакция Израилде болду.

“Мен Орусиянын тышкы иштер министринин билдирүүсүнө өтө олуттуу мамиле жасадым, - деди Израиль өкмөтүнүн башчысы Нафтали Беннет. - Анын сөздөрү чындыкка дал келбейт, мааниси туура эмес. Бул калптын максаты - еврейлерди аларга карата жасалган тарыхтагы эң катаал кылмыштарга айыптап, Израилдин душмандарынан жоопкерчиликти алып салуу”.

“Еврей элине жасалган Холокостту саясий максаттарда колдонууга жол берилбелбеши керек”, - деп белгиледи премьер-министр.

“Орусиянын тышкы иштер министри Лавродун билдирүүсү кечирилгис жана кыжырды келтире турган гана эмес, бул өтө коркунучтуу тарыхый ката, - деди 2-май эртең менен Израилдин ТИМинин башчысы Яир Лапид. - Еврейлер Холокост маалында өздөрүн өздөрү өлтүргөн эмес. Еврейлерди антисемитизмге айыптоо - бул еврейлерге карата расизмдин эң төмөн деңгээли”.

Израиль ТИМ башчысынын орун басары Идан Ролл “Твиттер” баракчасында Лавровдун сөздөрүн “кыжырды келтирген жана адекватсыз” деп атады. “Бул согуш башталгандан тарта, орус бийлигинин тынчсыздандырган, тоотпогондук мамилесинин тенденциясынын бөлүгү”, - деп кошумчалады ал.

Лавровдун сөздөрдүн адекватсыз деп Израилдин байланыш министри Йоаз Хендель дагы улуттук Израиль коргоонуу армиясынын радиостанциясына берген маегинде атады: “Тарыхый тактык үчүн: Гитлерде еврей каны болгон эмес, ал эми Украинада болгон окуялар - бул кыжырды келтире турган нерсе”.

Хендель өткөн апта Израилде Холокост курмандыктардын эскерүү күнү өткөнүн эске салды. Холокост маалында нацисттер жана алардын көмөкчүлөрү көзөмөлгө алынган аймактарда 6 млнго чукул еврейди өлтүргөн.

Нафтали Беннет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нафтали Беннет 27-апрелде Иерусалимдеги Яд Вашем музейинде

Диаспора иштери боюнча министр Нахман Шай, Лавровду сөздөрүнөн токтоосуз баш тартууга чакырды. “Гитлерден еврейдин каны болгон эмес, бул жийиркенерлик жалганды кайталоо менен тарыхтагы эң жаман антисемиттик кылмыштар еврейлерге жүктөлүп жатат, - деди ал. - Еврейлерди еврейлерге каршы кылмыштарга айыптоо - бул өзү антисемитизм болуп эсептелет”.

Коомдук коопсуздук министринин орун басары Яир Голан, Орусия ТИМинин башчысынын билдирүүсү орус өкмөтүнүн маңызын көрсөттү деп эсептейт - “өзүнүн атаандаштарын [Орусиянын] ичинде жок кылган жана башка өлкөгө кол салган режим…”

Лавровдун маегине, Иерусалимдеги Холокост тарыхына арналган Яд Вашем мемориалдык комплексинде да комментарий беришти. Мемориалдын төрагасы Дани Даян, орус министринин сөздөрүн “ката, адекватсыз, кооптуу жана айыптоо”, - деп сыпаттады.

Израиль-Орусия мамилесинин бекемдигинин сыноосу

Яд Вашем, акыркы эки айда Орусиянын аракеттерин биринчи жолу сынга алып жаткан жери жок. Марттын башында, мемориалдын жетекчилиги Орусиянын Киевдеги Бабий Ярды аткылаганын айыптаган - анда аткылоонун бутасы анын аймагындагы телемунара болгону айтылган.

Экинчи дүйнөлүк согушта, нацисттер Бабий Ярда жай тургундарды массалык түрдө атып салган - алардын көбүнчөсү еврей улутунда болгон. 1941-жылдын август айынын акыркы эки күнүндө гана ал жерде 33 миңден ашуун киши өлтүрүлгөн.

Би-Би-Си буга чейин айтып келгендей, белгилүү тарыхчылар жана Холокосттун негизги мемориалдары, Орусиянын Украинага кол салуусун айыптаган. Алар Москванын өлкөнү “денацификациялоо” керек деген риторикасын нацизмдин курмандыгы болгондордун жана аны менен күрөшкөндөрдүн, анын ичинде Кызыл армиянын аскерлеринин элесин кордоо деп атаган.

Дробитский Яр

Сүрөттүн булагы, SERGEY BOBOK/AFP VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орус аскерлердин аткылоосунан жабыркаган Харьковдогу Холокост курмандыктардын эстелиги Дробитский Яр. 2022-жылдын 27-марты

Ошол эле учурда Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет, аскердик чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн ортомчулугун сунуштаган. Украин бийлиги Израилди Украинанын коопсуздугунун потенциалдуу кепили деп атаган - мындай кепилдиктерге кол коюу, орус жана украин тараптын Стамбулдагы жолугушуусунан кийин да талкууланып жатат.

Мындан сырткары, Украинанын президенти Владимир Зеленский, марттын ортосунда Иерусалимди анын Владимир Путин менен жолугушуусу өтө турчу жай деп айткан.

Би-Би-Синин Иерусалимдеги кабарчысы Жон Доннисон белгилегендей, буга чейин Израилдин өкмөтү Владимир Путинге карата жетиштүү каттуу позиция карманбаганы үчүн сынга кабылып жүргөн. Сергей Лавровдун билдирүүсү Израиль жана Орусиянын ортосундагы мамилелердин бекемдигинин сыноосу болуп калышы мүмкүн.

Орусиянын жообу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

3-май Орусиянын ТИМи телеграм-каналында “Антисемитизм жөнүндө” билдирүү таратты. Ал “Израиль ТИМинин башчысы Яир Лапиддин тарыхка каршы келчү билдирүүлөрүнө көңүл бурдук, бул Израиль өкмөтүнүн Киевдеги неонацисттик режимди колдоо курсун түшүндүрөт” деген сөздөр менен башталат.

Орус ТИМи шейшембиде жасаган билдирүүсүндө Украинанын президенти Владимир Зеленский еврей болгондуктан “Украинанын нацификациялоосу” тууралуу билдирүүнүн маанисиздиги боюнча аргументке кайрылды (“атайын аскердик операциянын” негизги максаты өлкөнү “денацификациялоо” деп айтылган). Бул аргументти Mediaset’тин журналисти Сергей Лавровго эскерткенден кийин орус министри еврейлердин антисемитизми тууралуу сүйлөп баштаган.

“Аргумент алсыз гана эмес, бул амалкөй, - деп берилет Орусия ТИМинин билдирүүсүндө. - Тилекке каршы тарыхта еврейлер нацисттер менен кызматташкан кайгылуу мисалдар бар”.

Ошол эле учурда тышкы саясий мекеме еврейлер нацисттерге көмөк көрсөткөнү “маргиналдык феномен” болгонун моюндап, бирок бул темага тыюу салынганын жана “аны изилдөө керектигин” талап кылды.

Мисал катары израилдик Haaretz басылмасындагы: “Польшалык премьер Матеуш Моравецкий еврейлер поляк, орус, украин жана немистер менен бирге Холокост жасагандардын арасында болгонун айтты. Израилдик тарыхчылар бул киши өлтүргүч жана алардын курмандыгы болгондордун ортосундагы чекти жок кылуу боюнча өнөктөштүктүн бөлүгү деп билдиришүүдө”, - деп макалага шилтеме берилген.

Орус ТИМи муну менен чектелген жок. “Эгерде еврейлер Экинчи дүйнөлүк согушта кылмыштарга катышууга аргасыз болсо, Зеленский тегин билип туруп жана өз ыктыяры менен өз мүдөөсү үчүн пайдаланып жатат”, - деп берилет телеграм-каналдагы билдирүүдө. Мекеменин пикиринде, Украинанын президенти теги менен өзүнү да, “натуралдык неонацисттер, өз элинин руханий жана тууган баш кесерлеринин мураскорлорун” жамынууда.

Ошондой эле Орус Федерациясынын ТИМи, израил бийлигин алар “көрүнө антисемитизмди” байкабаганына айыптады.

Ал эми Орусия марттын башында Бабий Ярдын аймагындагы киевдик телемунарага сокку урганы боюнча ТИМ токтолгон жок - ал жерде нацисстер Экинчи дүйнөлүк согушта жай тургундарды, көбүнчө еврейлерди атып өлтүргөн. Бул аткылоо көптөгөн уюмдардын нааразы кылган, анын ичинде “Яд Вашем” музейи - Иерусалимдеги Холокост тарыхына арналган мемориалдык комплекси бар.

Ошондой эле ТИМдин билдирүүсүндө, Сергей Лавров италиялык журналисттерге Адольф Гитлердин теги тууралуу айткан сөздөрү да камтылган эмес.

Израилдин бийлиги бул билдирүү боюнча комментарий бере элек. Бирок израил прессасы шейшембиде Лавровдун маеги боюнча көп жазды. Айрыкча ТИМ шилтеме берген Haaretz гезити, Лавровдун Гитлер тууралуу орус агрессиянын актоого жасалган “гротесктик билдирүүлөрү” дүйнөдө антисемизмди козутуп жатканын белгиледи. Гезит Америкалык еврей комитетинин: “Биз Киевди эмес, Москваны денацификациялоо керектигин бир нече жолу айтып келгенбиз” деген комментарийин алып келди.

Эмнеге Лавров Гитлер еврей болушу мүмкүн деп айтты?

Нацисттик партиянын лидери Адольф Гитлер еврей аралаш болушу мүмкүндүгү ондогон жыл бою талкууланып келет. Алардын негизги булагы - Гитлердин чоң атасы (бул киши ким болгону так белгисиз) еврей тектүү болушу ыктымал деген тастыкталбаган маалыматтар.

Мындай маалыматтар биринчи жолу Ганс Франктын мемуарларында пайда болгон - ал Гитлердин ишеничтүү адамдарынын бири, Экинчи дүйнөлүк согушта оккупацияланган Польшанын генерал-губернатору. Франктын эскерүүлөрү ал Нюрнберг трибуналынын өкүмү менен өлүм жазасына тартылгандан сегиз жыл өткөндөн кийин, 1953-жылы жарык көргөн.

Франк өзүнүн мемуарларында, ал 1930-жылы Гитлердин чоң атасы Австриянын Грац шаарында жашаган еврей экенин аныктаганын жазган. Буга Гитлердин чоң апасы Мария Анна Шикльгрубер еврей тектүү Франкенбергер аттуу киши менен кат жазышуусу негиз болгон. Шикльгрубер ал кишинин үйүндө иштеп, каттарда үй ээсинин 19 жаштагы баласынан кошбойлуу болуп калышы мүмкүндүгү айтылган.

Мындан сырткары, Франк Гитлердин жээни фюрерди шантаждап, анда еврей каны болгонун ачыктоо менен коркутканын жазган.

Сергей Лавров

Сүрөттүн булагы, VALERY SHARIFULIN/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лавровдун комментарийи нацисттер өлтүргөндөрдүн эсине шек келтирет деп эсептешет Израилде.

Focus журналы жазгандай, Гитлердин биографиясын изилдеген тарыхчылар, Франктын билдирүүлөрүн күмөндүү деп эсептешкен. Биринчиден, Франк таянган кат алышуулар ахивдерде табылган эмес. Экинчиден, анын мемуарларында башка көптөгөн дал келбестиктер болгон, мындан улам анын жалпы чыгармасынын ишенимдүүлүгү шек жараткан. Үчүнчүдөн, 1836-жылдары, Гитлердин чоң апасы кат жазышкан делген убакыт аралыгында, Грацта жогорку ыктымалдык менен еврейлер жашаган эмес.

Акыркы тезисти америкалык окумуштуу, психиатр Леонард Сакс күмөндүү деп тапкан, анткени Грацта 1850-жылы гана еврейлердин кичинекей жамааты пайда болгон.

Ошондой болсо да, нацизмдин белгилүү изилдөөчүсү, британ тарыхчысы Ричард Эванс, The Times of Israel’ге курган маегинде түшүндүргөндөй, Грацта 1830-жылдары еврей жамааты болгону менен Гитлер алар менен тууганчылыгы бар болгону боюнча далилдер жок.

Тарыхчынын айтымында, Грацта Франкенбергер аттуу еврей үй-бүлөсү жашаганы боюнча да далилдер жок. “Гитлердин атасы же чоң апасынын кат алышуусунун эч кандай бөлүкчөлөрү табылган эмес. Ошондой эле Гитлердин жээни анын тегин билип, шантаждаганы боюнча да далилдер жок”, - деп түшүндүргөн Эванс. (EB)