Украина кризиси: НАТО менен Киев орус аскери кеткенин көргөн жок

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг альянс орус аскеринин Украинанын чек арасынан кеткен белгисин көрө электигин билдирди. Ушундай эле сөздү Би-Би-Сиге Украинанын президенти Владимир Зеленский да айтты.

Столтенберг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

“Биз Москванын дипломатиялык аракеттерди улантууга даяр экени жөнүндө кабар угуп жатканбыз, бирок окуялар болуп жаткан жерде эч кандай деэскалацияны көргөн жокпуз”,-деди Столтенберг шаршембиде альянстын коргоо министрлеринин жыйыны өтө алдында.

"Биз алардын аскерди көбөйтүп жатканын көрүп жатабыз, дагы көп аскер жолдо баратат", - деди альянстын башчысы.

Бүгүн НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын экинчи жана акыркы күнү. Коргоо министрлери НАТОнун “чыгыш канатын чыңдоо” маселесин талкуулашат, негизги көңүл Румыния, Болгария жана Венгрияга бурулууда. Жыйынга Украина, Грузия, Финляндия, Швеция жана Евробиримдиктин президенти да чакырылган.

Ал ортодо Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс Батыш Россиянын аскерлер казармаларга кайтып жатат деген билдирүүсүнө ишенип албаш керек деп эскертти. Анын айтымында, Россия Украинанын айланасындагы кризисти бир нече айга созо бериши мүмкүн.

Тышкы иштер министринин айтымында, Украинанын айланасындагы кризис кырдаал демократия үчүн лакмус кагазындай. Daily Telegraph жарыяланган макалада ал Кремлге каршы туруш керек деп айтууда, болбосо бүт дүйнөдөгү башка авантюристтердин чырагына май тамызып алууга мүмкүн. Ошондуктан Батыш Россиянын аскерлер казармаларга кайтууда деген билдирүүлөрүнө жок жеринен ишенип албашы керек. Анын айтымында, орустар Украинанын чек арасынан кетип атканынын эч кандай далили жок.

Британиянын аскердик чалгын кызматынын башчысы сэр Джим Хокенхалланын айтымында, Россия иш жүзүндө региондо өзүнүн аскердик потенциалын күчөтүүнүн үстүндө. Жакында Киевке бара турган Трасс айым, Россия тирешүүнү бир нече айга созо бериши мүмкүн экенин айтууда.

Бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңеши кризисти карайт. Анын алдында БУУнун башкы катчысы Антиониу Гутерреш Борис Жонсон менен сүйлөшүп, кырсыктуу аскердик эскалациянын алдын алуу зарыл деген бүтүмгө токтошту.

Москванын жообу

Россия Украинанын чек арасынан аскерлер жана согуштук техника чыгып кетип жатканын билдирген.

Сүрөттүн булагы, EPA/RUSSIAN DEFENCE MINISTRY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россия Украинанын чек арасынан аскерлер жана согуштук техника чыгып кетип жатканын билдирген.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Столтенбергдин билдирүүсүнө Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жооп берди: "Кырдаалга, иштин абалына баа берүүдө НАТОдо кандайдыр бир гандикап бар сыяктанат. Ал НАТОнун өкүлдөрүнө кырдаалды туура баалаганга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Чынын айтканда, батыштагы чырылдактын мүнөзү кульминацияга али көп бар экенин көрсөтүүдө. Ремиссия дароо келбейт, бизге сабырдуулук керек",-деди Песков.

Ошол эле убакта АКШнын жогорку кызматтагы өкүлү дагы Россиянын Украина менен чек арадан аскерлер кетип жатат деген билдирүүсүн "жалган" деп айтып, соңку күндөрү керек болсо жети миң аскер келгенин билдирди.

Анын айтымында, Россия Украинага качан болбосун басып кириш үчүн шылтоо табышы мүмкүн.

Россия Украинага басып кирүүгө эч кандай планы жок экенин кайра-кайра кайталап келатат. Ал эми Батыштын кооптонуусун "истерия" деп атоодо.

Шаршембиде коргоо министрлиги Россия 2014-жылы Украинадан аннексиялап алган Крымдан танктар чыгып кетип жатканын көрсөткөн видеону жарыялады.

Кризистин тамыры

Украина менен болгон чек арасында 100 миң аскер топтоп койгондуктан, батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ, орустар качан болбосун чабуул башташы мүмкүн деп жатышат. 2014-жылы Россия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошондон бери Украинанын чыгышында конфликт токтобой келатат, Россия колдоого алган жикчилдер бир топ аймакты ээлеп көзөмөлдөп турат, согушта кеминде 14 миң адам жоготуу болду.

Россия Батышка Европадагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өзүнүн бир катар талаптарын билдирген, анын ичинде Украина эч качан НАТОго кабыл алынбасын деп келатат. Бул талап четке кагылган, анткени батыш өлкөлөрү Украина өзүнүн коопсуздук чараларын өзү гана чечет деп эсептешет. (КС)