"Үстөк акы төлөнбөсүн". мамлекет сотторду ашыкча бапестеп жатабы?

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргыз сот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда судьяларга пенсиядан сырткары төлөнчү үстөк акыны алып салуу сунушталууда. Бул үчүн "Судьялардын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеленди. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Алишер Козуев иштеп чыккан.

Максаты мамлекеттик бюджетти үнөмдөөгө багытталат делген бул мыйзам долбоору парламенттин тиешелүү комитетинде колдоо тапты. Эми ал жалпы жыйында каралат.

Демилгечилердин бири Жеңишбек Токторбаев соттордун эмгек акысы менен пенсиясы башка мамлекеттик кызматкерлерге салыштырмалуу жогору болгондуктан, аларга үстөк акы төлөөнүн зарылдыгы жоктугун айтууда. Ал каражат башка жарандарга пенсия төлөөгө жумшалса туура болмок деген ойдо.

"2010-2022-жылдар аралыганда пенсияга чыккан 151 судья 166 млн. 701 миң пенсия алган. Ошол эле маалда аларга үстөк акы катары 257 млн. 49 миң сом төлөнгөн. Бизде орточо пенсия 5 миң сом десек, анда бул суммага 51 миң жараныбыз пенсия алмак”, - деди депутат.

Жеңишбек Токторбаев

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеңишбек Токторбаев

Токторбаевдин айтымында, судьялар иштин оордугу ден соолуктарына терс таасир тийгизерин айтып, мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришкен. Депутаттын каршы болгон фемида өкүлдөрүнө айткан сунушу бул:

“Ооба, сот болуш абдан кыйын. Ошол эле маалда юридикалык билими бар жүздөгөн адамдар сот болуп иштейм деп акчаларын көтөрүп жүрүшөт. Ден соолугубузга оорчулук жаралды деген урматтуу судьялар арызыңарды жазып кетип калсаңар туура болот”.

Жогорку Сот азырынча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна же Токторбаевдин айткандарына комментарий бере элек. Анын басма сөз кызматы мунун себебин, документтин каралуу баскычында турганы менен байланыштырды.

Соттордо баары бар, эркиндик гана жоктой

Судьяларды материалдык жактан камсыз кылуу “ КР судьяларынын статусу” жөнүндө мыйзамы менен жөнгө салынат. Мамлекет сот тармагында коррупция болбош үчүн ансыз да жогору болгон судьялардын эмгек акысын улам жогорулатып келет. Мындан сырткары, мыйзамда алар үчүн төмөнкүдөй жеңилдиктер каралган:

  • Кызматтык турак жай менен камсыз болушат. Эгер батирде жашаса акысын мамлекет төлөйт;
  • Мамлекеттин эсебинен медициналык камсыздандыруудан өтүшөт, дарыланууга кеткен акчаны мамлекет төлөйт;
  • Ооруп калган учурда орточо эмгек акысы сакталат;
  • Кызматтык милдетти аткаруу учурунда ден соолугу жабыркаса компенсация төлөнүп берилет.
Сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чара. 2019-жыл.

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чара. 2019-жыл.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Депутат Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, 20 жылдан ашык иштеп, ыйгарым укуктары токтотулган учурда судьяларга миллиондогон сом төлөнүп берилет.

"Кызмат учурунда каза болгон же 15 жылдан ашык иштеп ыйгарым укуктары токтотулган учурда алардын судья болуп иштеген учурундагы ар бир толук жылы үчүн соңку кызмат акысындагы орточо эмгек акысы боюнча бир жолу жөлөк пул берилет. Мисалы: 25 жыл иштеген судья кызматын тапшырса, анын акыркы айлыгы 80 миң болсо бир жылда 960 миң сомду түзөт экен, аны 25 жылга көбөйтсөк 24 млн. сом болот. Сот жаш курагы жеткендигине байланыштуу кызматтан кетсе, мамлекет ушунча сумманы колуна берет", - деди Токторбаев.

Бирок мындай акча канча судьяга төлөнүп берилгенин расмий органдардан тактоого мүмкүн болгон жок.

Мындан сырткары Социалдык фонд аркылуу судьялардын пенсиясына ай сайын үстөк акы да кошулуп төлөнүп турат.

Социалдык фонддун өкүлү Жылдыз Кулжанова экс-судьяларга ай сайын үстөк акы катары төлөнгөн акча Каржы министрлигинен келип түшөрүн, алар болгону пенсияга кошуп которуп турарын гана айтты.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, Кыргызстанда экс-судьялар арасындагы эң жогорку пенсия 129 миң сомду түзөт. Бул сумманын 65 миң сому кошумча үстөк болуп саналат. Ал эми эң аз пенсия 21,5 миң сом болсо, үстөк акы катары дагы 13,5 миң сом берилет.

Судьялар үчүн мындай жакшы шарттар алардын эч кимге көз каранды болбой, калыс иштеп, акыйкат чечим чыгарышы үчүн каралган.

Мыйзамсыз байыганы үчүн камалып чыккан Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевдин үйү. Ал азыр мамлекетке өткөн.

Сүрөттүн булагы, УКМК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мыйзамсыз байыганы үчүн камалып чыккан Жогорку Соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевдин үйү. Ал азыр мамлекетке өткөн.

Акыркы он жылдан бери сот тармагын реформалоо боюнча көп сөздөр айтылып, аракеттер көрүлгөнү менен жыйынтыгы дагы эле жоктой. Ал тургай сот тутумун каржылоо үчүн казнадан жыл сайын миллиарддаган сом бөлүнөт.

Ошол эле убакта коомчулукта соттордун эркин эместиги, алар коррупцияга белчесинен батканы тууралуу коомдук пикир дагы эле күчүндө.

Соттор дагы деле эркин эместин жакында эле Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков парламентте сүйлөгөн сөзүндө моюнуна алды.

"Судьяларды бийликтен же башка адамдардын алдында көз карандысыздыгын жоюу үчүн алардын маянасын көтөрүү керек деп айтып келдик. Судьялардын айлыгы көбөйдү, бул реформанын алкагындагы биздин аракетибиз болду. Бирок соттор ушуну менен толук эркин болду дегенден алысмын", - деди Базарбаев.

Замирбек Базарбеков

Сүрөттүн булагы, sot.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Замирбек Базарбеков

Үстөктөн чыккан чыр

Судьялардын песиясына кошулуп бериле турган үстөк акыны алып салуу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жаткан учурда соттордун дарегине дагы бир айыптоо жаңырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу судьялар төрт миң долларга чейин акча алып, оор кылмыш менен соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуп жатат деп фемида өкүлдөрүн айыптады:

"Жеңил кылмыштар менен кармалган, маселен, 2700 сом уурдаган жаран мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну күтүп отурат. Ар бир жылды шарттуу түрдө мөөнөтүнөн эрте чыгаруу үчүн Аламүдүн райондук сотунда эки миң доллардан төрт миң долларга чейинки ставка бар. Мына пенсия. Сотторго пенсия бербей эле койсок болот. Кадимкидей базар".

Жусупбек Коргонбай уулу

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жусупбек Коргонбай уулу

Депутаттын билдирүүсүнөн кийин парламенттик комиссия түзүлүп, курамына ар бир фракциядан бирден эл өкүлү кирген.

“Депутаттык комиссиянын алдында мурдагы сот, прокурор, милиция, адвокаттар сыяктуу эксперттерден турган дагы бир комиссия түзүлгөн. Учурда үч жолу отурум болду, иш жүрүп жатат”, - деди Коргонбай уулу.

Жогорку Сот депутат тарабынан коомчулукка бурмаланган маалымат жарыяланганын билдирип, Коргонбай уулун негизсиз айптоолордон алыс болууга чакырды.

Жогорку соттун имараты

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку соттун имараты

"Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзамдын 141-беренесине ылайык депутат этиканын нормаларды сактоого: кимдир-бирөөнүн ар-намысына, кадыр-баркына, ишмердик беделине доо кетирүүчү негизсиз айыптоолорго жол бербөөгө, билип туруп жалган маалыматтарды таратпоого милдеттүү. […]

Дегеле биз баарыбыз соттордун чечимин сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек, анткени башка нерселер менен катар сот системасына болгон ишеним ушул аркылуу дагы калыптанат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ушул тапта соттор эле эмес, прокурорлор үчүн да кенемтени кыскарткан мыйзам долбоору каралып жаткан чак. Жакында эле аны парламент комитети биринчи окууда колдоду. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө жол кырсыгынан каза болгон Чаткалдын прокуроруна 21 млн сом кенемте төлөп берилгенине коомчулукта катуу реакциясы себеп болду.