Ахмед аль-Шараа Сириянын убактылуу президенти деп жарыяланды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сириянин азыркы лидери жана "Хайат Тахрир аш-Шам" тобунун лидери Ахмед аль-Шараа өлкөнүн өткөөл мезгилиндеги президенти болуп расмий дайындалды. Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик медиалары кабарлашууда.
Көптөгөн өлкөлөрдө террордук уюм деп таанылган "Хайат Тахрир аш-Шамдын" козголоңчулары аль-Шааранын жетекчилиги алдында чабуул жасап, өткөн жылдын декабрь айында Башар Асаддын бийлигин кулаткан.
Аль-Шараа талаа командири болуп турганда Абу Мохаммед аль-Жулани каймана атын колдонуп келген. Эми ал Сириянын жаңы конституциясы түзүлгөнгө чейин убактылуу мыйзам чыгаруучу кеңеш түзүүгө ыйгарым укук алды.
Аль-Шараанын убактылуу президент болуп дайындалганы Дамаскта – козголоңчу альянстын курамындагы куралдуу топтордун башчылары катышкан жыйында жарыяланды.
Сирия жетекчилиги Асаддын режимин кулатууга кол кабыш кылган бардык куралдуу топторду, мурдагы режимдин тушунда түптөлгөн армияны, атайын кызматты толугу менен жойгонун шардана кылды.
Анын ордуна коопсуздук үчүн жооп бере турган жаңы түзүм куралат. Бирок бул боюнча азырынча кеңири маалымат жок.
Аль-Шараа: менден коркпогула
Ахмед Хусейн аль-Шараа жаш кезинде эле жихадчылардын арасында белгилүү болгон. Ал 19 жашында Иракка кетип, АКШнын баскынчылыгына каршы туруу үчүн "Аль-Каиданын" катарына кошулганын айтып жүрөт.
Америкалык күчтөр аны 2006-жылы Иракта кармап, беш жыл түрмөдө отурган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эркиндикке чыккандан кийин "Аль-Каида" ага Сирияда уюмдун чакан тобун түзүүгө тапшырма берген. Аль-Шараа аны ийгиликтүү жүзөгө ашырган.
Бара-бара жашоо философиясы өзгөргөнүн, дүйнөлүк халифат түзүүгө умтулбай, Сирияда таасирин арттырууга басым жасагысы келип жатканын айтып, бул уюмдан обочолоно баштаган.
Асаддын бийлиги кулагандан кийин Сириянын карапайым эли, өзгөчө этникалык жана диний азчылыктын өкүлдөрү, мындан тышкары Батыштын бир катар өлкөлөрүнүн лидерлери мурдагы жихадчы кантип өлкөнүн лидери болот деп тынчсызданып турушат.
Аль-Шараа болсо Батыш медиаларына курган көптөгөн маегинде Сирия жана анын жаңы бийлиги сириялыктарга да, башкаларга да коркунуч жаратпай турганына ишендиргиси келет.
Ал Сириядагы кырдаалды Батыштын коалициялык күчтөрү чыгып кеткенден кийин бийликти басып алып, шарияттын катаал мыйзамдарын киргизген ооган талибдери менен салыштырбоону сурайт.
Аль-Шараа Сириянын жаңы өкмөтү аялдардын укуктарын тебелебей, билим алуу баары үчүн жеткиликтүү болорун, исламчыл топторду куралсыздандыра турганын убада кылууда.
Козголоңчулар Дамаскты колго алгандан кийин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн өкүлдөрү аль-Шараа менен жолугушту. Шаршембиде Сирияга Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов менен орус президентинин Сириядагы атайын өкүлү Александр Лаврентьев да барды. (AA)












