Түркия-Израиль тиреши: Эрдогандын билдирүүсүнөн кийинки реакциялар

Сүрөттүн булагы, @TCBESTEPE
Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларына жана басып алууларына байланыштуу катуу билдирүү менен чыкты. Ал “Карабах жана Ливияга кандай кирсек, аларга да ошондой кылабыз, колубуздан келбей турган эч нерсе жок” деп айтты.
Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац Эрдогандын сөзүн Ирактын бийликтен кулатылган мурдагы лидери Саддам Хусейндин сөзүнө салыштырды.
"Эрдоган Саддам Хусейндин жолун жолдоп, Израилге кол салам деп коркутууда. Иракта эмне болгонун жана анын кандай аяктаганын эстеп жүрүшү керек", - деди Катц.
Кац өзүнүн X баракчасына Эрдоган менен Саддам Хусейндин жанаша түшкөн сүрөттөрүн да бөлүштү.
АКШ баштаган коалициялык күчтөр 2003-жылы Иракка басып киргенден кийин 2006-жылы Саддам Хусейн өлүм жазасына тартылган.
Тышкы иштер министрлигинин Катцга жообу
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Катцтын айткан сөздөрүн кескин сынга алды.
Министрликтин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:
“Гитлердин геноциди бүткөндөй эле Нетаньяхунун да геноциди соңуна чыгат”.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан X коомдук медиасына жазган билдирүүсүндө президент Режеп Таййип Эрдогандын сөзү адамзаттын абийиринин үнү деп билдирди.
Израил Газадагы операцияларын ХАМАСтын 2023-жылдын 7-октябрында жасаган кол салууларынан кийин баштаган. Израилдин расмий өкүлдөрү бул операциялар коргонуу максатында жасалып жатканын жүйөө келтирүүдө.
Эрдоган: Махмут Аббас кечирим сурашы керек
Президент Эрдоган соңку билдирүүсүндө Палестин аймагынын башчысы Махмут Аббас жөнүндө да айтып өттү.
“Аббас мырзаны чакырсак да келбей койгону үчүн эми капа болбосун. Алгач бизден өзүнчө кечирим сурашы керек. Биз кийинки процессти ошого жараша чечебиз”. (RE)












