Букер сыйлыгы: кыргыз адабиятына ачылган жаңы каалга

Сүрөттүн булагы, Jazuuchu.сom
Кыргызстанда биринчи жолу заманбап кыргыз жазуучуларынын эл аралык сынагы болуп өттү.
Уюштуручулар белгилегендей, Jazuuchu.сom аталышындагы бул сынак бир жылдан бери уланып келген. Долбоор кыргыз жазуучуларын дүйнөгө таанытуу, алардын чыгармаларын жайылтуу жана башка тилдерге которуу максатын көздөйт.
24-август күнү Бишкекте сынактын финалисттерин сыйлоо аземи болду. Ага адабият жана маданияттын өкүлдөрү, калыстар тобунун мүчөлөрү, финалисттер жана окурмандар катышты.
Сынактын уюштуруучусу – белгилүү тилчи, филолог жана котормочу, Москва мамлекеттик университетинин профессору Марклен Коңурбаев. Ал башка мамлекетте жашап иштесе да кыргыз адабиятын жаңы чектерге көтөрүүгө бел байлаганын айтты:

"Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкар жазуучу чыккан кыргыз элинин ичинен талантуу жазуучуларды табуу үчүн бул сынакты уюштурганбыз. Биз таланттуу жазуучуларды таап эле тим болбой, кыргыз адабияты дүйнөлүк адабияттын бир бөлүгү экендигин бүтүндөй дүйнөгө көрсөткүбүз келет",- деди Марклен Коңурбаев.
Сынак жарыяланган бир жыл ичинде көптөгөн авторлордон кыргыз жана орус тилдеринде чыгармалар келип түшкөн. Көрүнүктүү адабият жана маданият ишмерлеринен турган калыстар тобу жеңүүчү катары сегиз жазуучунун эмгектерин тандап алган. Эми алардын чыгармалары Лондондо өтө турган кадырлуу Букер эл аралык адабий сынагына жөнөтүлөт.
Сынактын кийинки этабында авторлордун чыгармалары англис тилине которулат.
Финалисттерди сыйлоо аземине маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев да катышты. Ал долбоорду ишке ашыргандыгы үчүн сынактын уюштуручуларына ыраазычылык билдирип, дүйнөлүк адабий аренага аттанган авторлорду куттуктады.
"Бул сынактын келечеги чоң. Жыл сайын катышуучулардын саны артып, сапаты жакшыра берет деп ишенем. Бизде таланттуу жазуучулар көп. Ушундай долбоорлордун арты менен алардын таланты жана жөндөмү дагы да ачылып, өнүгө берет", - деди Иманалиев.

Калыстар тобунун баасы менен тандалган сегиз автор жана алардын чыгармалары:
- Анвар Амангулов – "Скалистый обрыв" аңгемеси
- Арслан Койчиев – “Добул-Таштык “Заратустранын аңгемеси” повести
- Бекен Назаралиев – "Баткен туткуну" повести
- Дилмара Тилепберген – "Мерез доор" романы
- Султан Раев – "Топон" романы
- Талип Ибраимов – "Чал жана периште" повести
- Элмира Карыбекова – "Наваждение" повести
- Эркин Салиев – "Тонский стрелок" романы
Жазуучу Арслан Койчиев бул сынакка “Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси" чыгармасы менен катышкан. Автор аталган чыгармасы үчүн “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүсү да болгон. (2021).
Чыгармада репрессия темасы тарыхый глобалдык деңгээлде козголот. Анда Кыргызстанда 90-жылдардын башында Кыргызстанда сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгү табылган окуялар тарыхый контекстте көркөм баяндалат.
Жазуучу Би-Би-Сиге кыскача маек куруп, Jazuuchu.сom сынагы тууралуу буларды айтты:

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Бул абдан мыкты демилге деп эсептейм. Долбоорду өкмөт эмес, же бир уюм эмес жеке адам демилгеледи. Бул долбоор улуттук духту көтөрүүгө, улуттук маданиятты бийиктетүүгө багытталган. Мындан ары жалпы улут бул долбоорду колдошубуз керек. Анткени адабий процесс токтогон жок. Дүйнө эли да, анын ичинде кыргыз жазуучулары да жазып жатат. Эми ошол кыргыз жазуучуларынын жазганы кыргыз жеринде эле калып калбай, дүйнө элинин “кыргыздар эмне деп жазып жатат, эмнени жазып жатат, кантип жазып жатат?” деген кызыгуусун арттыруу керек”.
Кинорежиссер жана жазуучу Дилмара Тилепберген кыргыз адабияты жаңы доордун босогосунда турганын айтты.
"Биздин адабиятыбыздын жаңы барагы ачылып, өзгөчө бир убакыт келе жатат деп айтсам болот. Жаңы ысымдар чыгып жатат. Бардык финалисттердин чыгармаларын окуй элекмин, окугандарымда терең ой, глобалдуу темалар камтылыптыр. Мурда биздин адабият Айтматовдун чыгармалары баш болуп соцреализм болчу да. Азыр модернизм, андан өтүп постмодернизм, мета постмодернизм деген агымдар биздин адабиятта пайда болуп жатканын айтып жатышат. Анан ошол чоң агымдарга менин да чыгармаларым кирип жатканына абдан кубанычтамын”, – деди Дилмара Тилепберген.
Букер сыйлыгы тууралуу
Эл аралык Букер сыйлыгы азыркы дүйнөлүк адабияттын мыктылыгын тааныган абройлуу адабий сыйлык. Ал түрдүү элдердин адабияттын колдоого жана мыкты чыгармалардын котормолорун дүйнөгө жайылтууга багытталат.
Бул сыйлык 1969-жылдан 2015-жылга Man Booker Prize Fiction деп аталып, англис тилинде жазылган эң мыкты романдарга гана ыйгарылып келген. Улуу Британия менен Ирландиянын улуттук адабий сыйлыктарынын бири болгон.
2016-жылы олуттуу өзгөрүү болуп, эл аралык Букер сыйлыгы катары белгилүү болуп калды. Ошол учурдан тартып англис тилине которулган эң мыкты чыгармаларга дагы ыйгарыла баштады. (SA)







