Тоолуу Бадахшанда кырдаал курчуду

Тажикстандын күч органдары Тоолуу-Бадахшан автономдук областы менен байланыштырган Дүйшөмбү-Кульма эл аралык автожолун тосуп алгандарга каршы антитеррордук операция жүргүзүп жатканын "Ховар" мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди. Операция учурунда УКМКнын бир офицери каза таап, 13 аскер оор жаракат алган. Сегиз террорчу жок кылынып, жетимиштен ашыгы кармалды деп кабарлады Ички иштер министрлиги.

16-майда Тоолуу Бадахшандын административдик борбору Хорогдо нааразылык митингисине эл чогулган. Аны кууп таркатуу үчүн күч органдары атайын каражаттарды колдонгон. Натыйжада кеминде алты адам жарадар болгон. Нааразылык жергиликтүү оппозициянын ишмерлерин кармоодон келип чыкканын «Бомдод» басылмасы кабарлаган.

Тажикстандын ИИМ өз кезегинде Хорогдо жаш адамдардын тобу жергиликтүү кылмыштуу топтун башчысы Мамадбокир Мамадбокирдин көрсөтмөсү менен мыйзамсыз митинг уюштуруп, андан кийин кол гранатасын жардырып, ИИМдин областтык башкармалыгынын кызматкерлерине кол салышты деп билдирген.

Натыйжада ИИМдин башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары жана милициянын эки кызматкери жаракат алып, ооруканага түшкөн. Кол салгандардын бирөө жарадар болуп, ооруканадан каза болгон.

Ошондон кийин Хорогдун борборуна аскердик күчтөр жана полициянын бронтехникасы тартылган. Күч кызматкерлери шаардын борбордук аянтына кеткен жолдун баарын тосуп алышкан.

Тоолуу Бадахшанда кырдаал сот жергиликтүу активист Амриддин Аловатшоевди 18 жылга жана мушкер, блогер Чоршанбе Чоршанбиевди сегиз жарым жылга эркинен ажыраткандан кийин кырдаал курчуп кетти. Аловатшоевди адамдарды барымтага алып, эркинен мыйзамсыз ажыраткан жана башка кылмыштуу аракеттерди жасаган деп айыпташкан. Блогер Чоршанбиев Россиядан депортация болуп келгенден кийин кармалган. Аны башында улуттук жана диний касташууга, өкмөттү кулатууга чакырды деп күнөө коюшкан, кийин айыптоолор алынып салынган.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги эл аралык маанидеги жолду тосуп алгандарды уюшкан кылмыштуу топ деп атап, аларга сырттан эл аралык террордук күчтөр курал-жарактан жана ок-дарыдан жардам көрсөтүп жатат деп билдирүүдө.

Укук коргоо органдарынын куралдарды өткөрүп берүү талабына куралдуу каршылык болуп жатканы айтылат.

«Жарандардын коопсуздугун, коомдук тартипти камсыз кылуу жана Дүйшөмбү-Кульма эл аралык автожолунда транспорт каражаттарынын кыймылын калыбына келтирүү максатында жолдун Рушан районундагы тилкесинде укук коргоо органдары тарабынан антитеррордук операция башталды»,-деп айтылат расмий билдирүүдө.

ИИМ ошондой эле куралдуу кол салууга катышкан топтун башка мүчөлөрүнүн ким экенин аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери улантылууда, ал эми областтык прокуратура кылмыш ишин козгоду деп кабарлады.

Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга көз салып келген эксперттер бул жакта болуп жаткан окуялардын тарыхый саясий, диний себептери бар экенин айтышууда.

"Жарандык согуш болуп басылгандан кийин буларда өз алдынчалыкка ээ болобуз деген идеялар калды. Экинчиси кадр маселесине барып такалат. Бул жакка эл бага тургандар эмес, көбүнчө бекем тартип орнотуп, баш ийбегендерди кармап бере турган кадрлар келип атат деп негизги нааразылыгы ошондон болуп атат. Алар өздөрүнүн талаптарына борбордук бийлик адилеттүү болбой жатат деп нааразы",-дейт аналитик Орозбек Молдалиев. (КС)