Чек ара келишими ратификацияланды. Айжигитовдун мандаты маселеге айланды

Жогорку Кеңеш чек ара келишимине тиешелүү мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алды. Бул арада депутат Султанбай Айжигитов мандатынан ажыратылышы мүмкүн экени айтылды. Коомчулук арасында эл өкүлү жеке пикири үчүн куугунтукталып жатканын айткандар да жок эмес.

Парламенттин 19-марттагы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара келишими боюнча баяндама жасап жатып, депутат Султанбай Айжигитовду Достук айылы жөнүндө туура эмес маалымат таратууга, коомчулук арасында жик салууга айыптады.

Султанбай Айжигитов буга чейин Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өткөрүлүп берилсе, Ворух анклавына коридор ачыларын билдирген эле.

"Сиз алардын (тажиктердин-ред.) жолу Достук аркылуу өтөт, биз аны тосуп койсок болмок деп айттыңыз. Урматтуу Султанбай Абдрашитович, булар эбак Достук аркылуу өтпөй калган. Алар айланма жол салып алышкан. Сиз мурдагыдай эле ойлоп жатсаңыз керек" – деди Камчыбек Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы депутат Султанбай Айжигитов жөнүндө толук маалымат топтогонун, соңку беш жыл аралыгында ал Баткенде чанда гана болгонун, 2022-жылы чек арада чыр чыккан мезгилде ал жакка такыр барбаганы аныкталганын маалымдады:

"Мен сизди иликтеп чыктым. Чек ара боюнча эмне себептен оюн өзгөрттү, ким бузуп жатат деп ойлосом, көрсө сизди эч ким деле бузган эмес окшойт. Себеби сиздин психологиялык портретиңиз ушундай экен. Сиз 2017-жылы бир баланы уруп койгон экенсиз. Бир туугандарыңыз жалаң сот системасында иштейт экен. Алар "бейбаштык" деген беренени өзгөртүп, мөөнөтү өтүп кетти деп сизди кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон турбайбы. Бирок сиз өзүңүздүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганыңыз тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына бербептирсиз. Мен муну карап чыктым. Эртең Султанбай Абдирашитовичтин мандатын алып койсо таң калбаңыздар. Мен аларга өтүнүч жөнөтүп, ушундай маалымкат барбы десем, аларда жок экен".

Камчыбек Ташиев "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, талапкер соттуулугу же кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү экенин, мындай фактыны жашырганы аныкталса, мандатынан ажыратыларын айтты:

"Мен эч кимди куугунтуктаган жокмун. Бул мыйзамдын талабы. Мыйзам боюнча сиз өзүңүздүн кылмышыңызды жашыргансыз. Буга ылайык, сиздин каттооңуз жокко чыгат. Мыйзамда ушунтип жазылып турат. Бирок Боршайком кандай чечим кабыл аларын билбейм".

Депутат Султанбай Айжигитов бала сабады деген маалымат далилденбегенин, бул жөн гана чагым болгонун билдирди. Жубайы мектепте "ата-энелер акча чогултууга болбойт" деп айтып чыкканын, мындан соң баласы куугунтукка кабылганын, мектептеги 3-4 бала уулун тоноп, ал бир жыл дарыланганын кошумчалады.

"Тергөөчүлөр мойнума эч нерсе кое албай, ишти бир жыл созуп жүрүштү. Эч далилдери жок. Мен бул маселени тим койбой, акырына чейин барайын дедим. Бирок иштин мөөнөтү өтүп кетиптир деп сот бул ишти жапкан. Башкача айтканда, менин эч кандай соттуулугум жок. Ал жабылган. Бул маалымат каттоодо да жок. Мен айтпайын десем айттырасыздар. Сизге деле мамлекеттик кылмыш боюнча иш ачылган да. Президенттин үстүнөн да иш ачылган. Бирок силер ал жерден чыгып, соттуулукту жаптыңар да. Меники деле ошондой", – деди Айжигитов.

УКМКнын төрагасынын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы Айжигитовдун маселесин буга чейин эле карамак болгон. Бирок ал чек ара келишими ратификациядан өткөнгө чейин муну күн тартибинен алып салууну сунуштаган. Ташиев Айжигитовдун ишин кароо боюнча БШКга кайрадан өтүнүч жөнөтө турганын белгиледи.

Ал ортодо Би-Би-Си Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаевге кайрылып, БШКга документ тапшыруу тартибин сурады.

"Талапкер чет өлкөнүн жараны эместиги боюнча өзү кепилдик берет. Ал эми соттуулугун, дипломун "Түндүк" системасы аркылуу биз дагы текшеребиз. БШК Ички иштер министрлигине өтүнүч жөнөтөт. Ал жерден мурун соттолгонбу же соттолгон эмеспи, соттолсо ал жоюлганбы, иш козголсо, ал кандай шартта токтотулган, бардык маалымат чыгат. Ошонун негизинде талапкерди каттоого алабыз", – дейт Узарбек Жылкыбаев.

Бүгүнкү баяндамасы башталаар алдында Камчыбек Ташиев ачык-айкын бардык суроого жооп берүүгө даярдыгын айтып, карта менен ар бирин чечмелеп берерин кошумчалады.

Ал ортодо социалдык тармактын айрым колдонуучулары депутат Султанбай Айжигитов чек ара келишими жөнүндө өз пикирин айтканы үчүн гана куугунтукталып жатканын жазышууда.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова баш мыйзамга ылайык, жарандар өз пикирин билдирүүгө, ээн-эркин жүрүүгө укуктуу экенин эске салат. Ал депутаттардын макамы өзгөчө экенин, жөнөкөй жарандарга салыштырмалуу кеңири укук жана кепилдик берилгенин белгилейт.

"Депутаттар милдеттүү түрдө өз оюн айтышы керек. Коомдук пикирге таасирин тийгизиш керек. Бирок азыркы шартта бийлик таңуулаган пикирге депутат каршы чыкса, куугунтукка кабылууда. Буга чейин деле бир топ депутат мандатынан ажырап калбадыбы. Жогорку Кеңеш бийликтин бир бутагы, бирок ал өзүнүн нукура маанисин жоготууда. Бул эми бара-бара символикалуу парламент болуп калат. Маани-маңызы жок маселелерди талкуулап, өкмөт киргизген мыйзамдарды кабыл алып беришет, болду".

Чек ара боюнча жеке пикирин билдирген депутат буга чейин өзү мүчө болгон "Ыйман-Нуру" фракциясынын курамынан да чыгарылган. Мындан соң Айжигитов парламент трибунасынан бир нече жолу сөз сураган, бирок анын өтүнүчү канааттандырылган эмес. Ал депутат өз укугун коргой албаса, элдин укугун коргоо мүмкүн эместигин айткан.

Ошентип, 19-мартта парламентте кыргыз-тажик чек арасына тиешелүү үч мыйзам долбоору ратификацияланды.

Добуш берүүгө 85 депутат катышты. Мыйзам долбоорлорун ратификациялоого бир гана Айжигитов каршы чыкты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кыргыз-тажик чек арасына тиешелүү келишимдердин ратификацияланышын "тарыхый окуя" деп атады.

Бул арада Тажикстандын "Азия-Плюс" агенттиги Тажикстан парламентинин алтынчы чакырылышынын депутаттары 18-марттагы соңку жыйынында кыргыз-тажик чек ара келишими жөнүндө документтерди ратификациялап бергенин кабарлады.

Эки өлкөнүн бийлиги чек арасын тынчтык жолу менен тактап, документтештирип жатканын БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш баштаган жетекчилер, бир катар президент жана уюмдар кубатташууда.

Расмий маалыматка караганда, кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 1006 чакырымдан ашат. Анын 519 километри 2011-жылга чейин такталган. Калган 486 чакырымдан ашык тилке акыркы үч жыл аралыгында такталды. (АА)